Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн мындан эки жыл мурда Билим берүү жана илим министрлиги бөлгөн 14 миңге жакын окуу китеби дале дарегине жете элек. ​

Жөнөтүлчү китептер жыл санап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде жатат. Ал ортодо тажикстандык кыргыздар жыртылган саналуу китептер менен жаңы окуу жылын баштамай болду.

Жергеталдын Сары-Кенже айылында мугалим болуп иштеген Куштарбек Саитов он жылдан бери колуна жаңы китеп кармай элегин айтууда. Быйылкы жаңы окуу жылын дагы жыртылган, аты эле калган эски китептер менен окууну баштаганы жатат.

- Он жыл мурда келген китептер менен окутабыз. Эскилиги жеткен, тытылып бүткөн, эптеп эле пайдаланып жатабыз. Көркөм адабияттар жок. Анча-мынча китепти Кыргызстандан сатып келишкен. 7-класстан 11-класска чейин кыргыз тил, адабияттары керек. Андан сырткары көркөм адабияттарга муктажбыз. Бизде китепкана деген жок.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагында дээрлик кыргыздар жашайт. Алардын саны 40 миңге жакын. Анда жалпысынан 59 мектеп болсо, анын 22и кыргыз, калгандары аралаш мектептер. Анда жети миңдей кыргыз улан-кыздар окуйт. “Кыргыз тилдүү адабий жана окуу китептери жетишсиз болгондуктан көбү эне тилин унутуп жатат", – дейт Кыргызстанда жашаган жергеталдык жазуучу Аким Кожоев.

- Былтыр мектептерди көрүп келдим. Дээрлик бардыгында эле китеп жок. Бардык жерде мугалимдин колунда бирден китеп бар, ал да качан барганы белгисиз. Аябай эскирип, жыртылган. Мугалимдер дарс сыяктуу окуп берет экен, окуучулар жазат. Кыргыз мектептеринин абалы ушундай. Бул жакка келип Билим берүү министрлигине барсам, алар эки жыл мурда эле китеп бөлүнүп, Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин айтышты. Алар болсо эки миңин дипломатиялык почта аркылуу, калганын Чоң-Алай - Сары-Таш аркылуу Чек ара кызматы менен бирге жеткирип беришмей болгон экен. Мен ТИМге кайрылганда бир жумада чечип беребиз дешкен, ошол бойдон жок. Башында чалып аттым эле, кийин тажап чалбай да калдым. Каттаган айдоочулар менен сүйлөшүп, ошолордон берели деп сунуштадым эле. Эки жылдан бери мага кагаз ишин бүтүрүп бербей жатышат. Азыр ал китептин дарегин таппай жатышат. Ошого сиздерге кайрылдык, жардам болсо деп.

Жергеталдык, мургабдык кыргыздар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги эки жыл мурда сегиз аталыштагы 13 миң 500 окуу китебин бөлгөн. Министрликтин өкүлү Бакыт Рысбековдун “Азаттыкка” тастыкташынча, аны жеткирип берүү жоопкерчилигин Тышкы иштер министрлиги алган.

- Мындан эки жыл мурда Тышкы иштер министрлигинин Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздарга окуу китебин бөлүү жөнүндө атайын буйрук чыккан болчу. Ошондо сегиз аталыштагы Кыргызстандан чыккан китептер берилген. Алар: география, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз адабияты, кыргыз тили китептери жөнөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы алгач бөлүнгөн китептер ТИМге жете электигин белгилеген. Бирок кийин китеп боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин тапшырмасы бар экенин белгилеп, бирок эки жыл мурдагы китептер боюнча маалыматтарды тактап берүүгө убада кылды.

Ал ортодо жергеталдык кыргыздар китеп таңкыстыгынан улам тажик тилиндеги китептерди которуп окууга мажбур болуп отурушат.

- Тилдин жоголуп жатканынын биринчи себеби – китеп болууда. Буга ачык айтыш керек, Кыргыз мамлекети да күнөөлүү. Жерге-Талдан келген мугалим менен сүйлөшүп калдым. Бизге китеп барбагандыктан Билим берүү бөлүм башчысы тажик тилиндеги китептерди которуп окутасыңар деп мажбур кылып жатат дейт. Мындай кыла берсек, биздин балдардын тили келечекте тажиктешип кетет, тилибиз жоголот. Кыргыз катары жоголуп кетебиз деген ой менен элдин көчкөн себеби да ушунда болуп атат. Экономикалык себептен да ушул негизги себеп болууда, - дейт Кожоев.

Учурда билимге суусаган жергеталдык менен мургабдыктар китеп маселесин чечип, бөлүнгөн китептердин дайынын таап берүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүп жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG