Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Бишкек-Дүйшөмбү: чек ара чыры бийик деңгээлде чечилеби?


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 12-сентябрь, Дүйшөмбү.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 12-сентябрь, Дүйшөмбү.

Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев кытай жана тажик лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Атамбаев Кытай төрагасы Си Цзинпин менен эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын талкууласа, Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек ара чатактарын жайгарууга басым жасады.

11-12-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай уюмунун кезектеги жыйынында Алмазбек Атамбаев коңшулаш өлкөлөр чек ара маселелерин чечүүдө 2001-жылы Шанхай шаарында жетишилген эл аралык келишимдерди так сактоого чакырып, чектеш аймактардагы ишенимди арттырууга басым жасады. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Атамбаев менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча эмнелерди макулдашканын мындайча түшүндүрдү:

- Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин чечүүнү тездетүү боюнча саясий эрктерин билдирип, чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияга тапшырма беришти. Эң башкысы учурда жүрүп жаткан эки өлкөнүн чек араларын тактоо иштеринде жергиликтүү эл жапа чекпеши керектиги баса белгиленип, чек ара маселелери жакын арада чечилет деп эки өлкө президенти тең ишендирип өтүштү.

Абдылдаев кошумчалагандай, эки өлкө башчылары чек арадагы акыркы болгон окуяларга кабатырлануусун билдирип, бардык маселелер тынчтык жолу менен гана чечилерин билдиришкен.

Жалпы сөз, такталбаган чек ара

Адистер кыргыз-тажик чегиндеги буга чейинки куралдуу жаңжалдар өлкө башчыларынын деңгээлинде чечилиши керектигин бир канча ирет айтып келишкен. Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов Атамбаев менен Рахмондун жолугушуусунда маселени чечүү боюнча жалпы эмес, конкреттүү тапшырмалар берилсе болмок деген ойдо.

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

- Эки президенттин жолугушуусунда айтылган чек араны тактоону тездетүү үчүн конкреттүү тапшырмалар берилиши керек. Чек аранын талаш жараткан бөлүктөрү кайсы документке таянып, качан чечилери так айтылганда гана жаңжалдарга чекит коюлмак. Болбосо чек араны тактоо иши буга чейин деле айтылып келген да.

Аламановдун маалыматында, Тажикстан чек араны делимитация жана демаркациялоо ишинде 1924-1927-жылкы картага, Кыргызстан болсо 1956-1958-жылкы документтерге таянып келет. Эки документ бири-бирине караманча каршы. Жолугушууда болсо чек араны аныктоодо кайсы документке таянуу боюнча сөз болгон эмес.

Деген менен Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов эки өлкө башчысынын бетме-бет сүйлөшүүсү маселени чечүүгө чоң түрткү болот деген ойдо. Бирок өлкө башчылары эки тараптуу жолугушууларды чек ара такталганга чейин улантышы керек.

- Президенттер жолуга койсо эле көп жылдардан бери келаткан чек ара көйгөйү чечилип калбайт. Бирок бул сүйлөшүүлөр маселелерди чечүүгө жакшы жол ачат. Президенттердин сүйлөшүүсүнөн кийин чек араны аныктоо иштери тездейт. Эң негизги тараптар маселени биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиришти. Бул үчүн жергиликтүү бийлик да, эл да чек ара сызыгын аныктоого жардамдашуусу керек.

“Тажиктердин Ворухка коридор сурашы аткарылгыс талап”

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарга чекит коюу үчүн комплекстүү иштер жасалууга тийиш. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде чек ара жаңжалы токтош үчүн эң ириде тажик тарап Ворух анклавына кирүү үчүн коридор суроо талабынан баш тартышы керек. Бул талап кыргыздар үчүн аткарылгыс жана чатактын негизги себеби да ушунда.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

- Чынын айтканда чек араны тактоо ишин чоюу тажиктер үчүн эле пайдалуу. Анткени алар чек аралаш аймактагы Кыргызстандын жерине акырындан басып кирип жатышат. Жерди басып алгандан кийин чек ара сызыгын карта боюнча эмес, тамдардын жайгашуу фактысы боюнча жайгашышы чечели дешет. Мындан сырткары тажик тарап биз үчүн аткарууга мүмкүн болбогон Ворухка коридор суроо талабынан баш тартышы шарт.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 403 чакырымы тактала элек. Чек аранын такталбаганынан улам чек аралаш аймактарда мезгил-мезгили менен куралдуу жаңжалдар чыгып, адам өмүрү кыйылып келет.

XS
SM
MD
LG