Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө эки өлкөнүн жетекчилери батыл киришүүсү зарыл.

Эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялары маселени чечүүгө жөндөмсүз болууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” маегинде кыргыз-тажик мамилелерин иликтеген Prudent solutions аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев билдирди.

"Азаттык": Эсен мырза, кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылып, бир кыргыз жараны каза болду. Акыркы кезде чек арадагы буга окшош окуялар тез-тез кайталанып жатат. Эксперт катары айтсаңыз, мындай чырлардын алдын алуу үчүн кандай аракеттер жасалышы керек?

Усубалиев: Биринчиден, бул маселелерди чечүү үчүн эки өлкөнүн жетекчилеринин кызыкдарлыгы жана саясий эрки керек болуп турат. Мындай каалоо жана аракет болбой туруп, маселени чечебиз деген куру сөздөн пайда чыкпайт. Анткени, бул чатактардын негизги себеби - чек аралардын такталбаганы. Ал эми чек араны тактоо үчүн мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин саясий эрки менен аракети керек. Бирок биз чек ара тууралуу айтканда, бул аймактагы дагы бир факторду эске алышыбыз зарыл. Кыргыз-тажик чек ара аймагында ар түрдүү маңзат бизнеси менен шугулданган топтор, мыйзамсыз аткезчилик менен алектенген адамдар бар. Булар да чыр-чатактардын чыгып турушуна кызыкдар. Үчүнчү фактор катары Борбор Азиядагы күчтүү саналган коңшубуз Өзбекстан эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди өз кызыкчылыгына колдонот деген күмөндүү ойлор да айтылып келет. Ошондуктан, бул маселени жогоруда айткандай, күчтүү мамлекеттик бийлик жана саясий эрк менен гана чечүү мүмкүн.

Кыргыз-тажик чек ара аймагында ар түрдүү маңзат бизнеси менен шугулданган топтор, мыйзамсыз аткезчилик менен алектенген адамдар бар. Булар да чыр-чатактардын чыгып турушуна кызыкдар.

"Азаттык": Сиз маселени чечүүгө эки өлкөнүн каалоосу керек деп айтып жатасыз. Бирок эки өлкө жетекчилери, өкмөттөрү чек араны тактоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирип келишет. Бул багытта өкмөттүк комиссиялар иштеп, ай сайын жолугушуу өткөрүүдө. Бирок маселе чечилбей, чыр улам-улам катталып жатпайбы?

Усубалиев: Бул жерде мунун бир нече себеби бар. Алардын бири - чек араны тактоодо эки тарап тең таанып, туура деп эсептеген бирдиктүү картанын жоктугу. Анткени Советтер Союзу алгач түзүлгөн кезде биз РСФСРдин курамында, тажиктер болсо Өзбек ССРинин курамында туруп, ар башка карталар чийилип, талаштуу жагдайларга жол ачылып калган. Ошондуктан, өкмөттүк комиссия сүйлөшүүсүнөн майнап чыкпай, бүгүн бирди кабыл алса, эртең ал өзгөрүп кетип иш ордунан жылбай атат. Буга кошумча, өлкөнүн ичинде бул маселелерди чечүү үчүн бирдиктүү позиция барбы деген суроо туулат. Чек араны тактайбыз деген өкмөттүк өкүлдөр ортосунда да бирдиктүү позиция жоктой сезилет. Мындан сырткары бул жараянга өкмөттөн башка эки өлкө президенттеринин эрки жана бул маселе боюнча сүйлөшүү өткөрүү үчүн жылуу мамилеси болушу зарыл. Бирок бул жерде өлкөнүн ички саясий абалы да таасирин тийгизет. Эгерде президенттер киришип, чек араны мындай жол менен чечели деп макулдашып, андан кандайдыр бир кичине кемчилик кете турган болсо, ал өлкө ичинде саясий талаштын предметине айланышы мүмкүн. Мындан улам президенттер чочулап, кылдат мамиле кылууга аракет кылат.

Эгерде президенттер киришип, чек араны мындай жол менен чечели деп макулдашып, андан кандайдыр бир кичине кемчилик кете турган болсо, ал өлкө ичинде саясий талаштын предметине айланышы мүмкүн.

"Азаттык": Демек, сиздин пикириңизде, кыргыз президенти Атамбаев менен тажик президенти Рахмон чек ара маселесин чечүүдө жоопкерчиликти өзүнө алуудан чочулап жатабы?

Усубалиев: Теориялык жактан маселени чечүүгө киришкендей көрүнгөнү менен иш жүзүндө мен андай кадамдарды көрө албай турам.

"Азаттык": Ошол эле учурда айрым эксперттер чек ара маселелерин чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстанга кандайдыр бир ортомчу керек деп айтып жүрүшөт. Маселен, буга чейин эки өлкө мүчө болгон ЖККУ ортомчу болушу мүмкүн экени айтылды эле.

Усубалиев: Менин оюмча, андай ортомчу чындыгында эле керек. Теориялык жактан алганда Кыргызстан менен Тажикстанда эки өлкө ортомчу катары чыкса болмок. Бул Өзбекстан менен Орусия. Анткени, Тажикстан качандыр бир мезгилде Өзбекстандын курамында болгон жана аларда тиешелүү карталар бар. Бирок азыркы кырдаалды эске алганда Өзбекстандын ортомчу катары чыгышы мүмкүн эмес. Демек, бул жерде вариант катары Орусияны айтсак болот. Ал эми Жамааттык кызматташтык келишим уюму эч качан ортомчу боло албайт. Бул Орусиянын көрсөтмөсү менен аскердик максатты көздөгөн эки өлкөнүн мамилесине кирише албаган уюм. ЖККУ өз курамындагы өлкөлөргө кайсы бир үчүнчү жактан аскерий агрессия болгон учурда гана жардамга келиши мүмкүн. Мен бул уюмдун кайсы бир маселени ийгиликтүү чечип, аракет кылган учурун эстей албай турам.

"Азаттык": Сентябрь айында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммити өтөт. Бул саммит жүрүшүндө кыргыз-тажик президенттеринин жолугары күтүлүүдө. Мына ушул жолугушуудан маселени чечүү боюнча кандайдыр бир жыйынтык болушу мүмкүнбү?

Усубалиев: Чындыгында эле Шанхай кызматташтык уюму чек ара маселелерин чечүү үчүн кызыктуу механизмди сунуштай турган уюм. Анткени бул уюм Шанхай бешилиги деген аталыш менен түзүлүп жатканда алдына койгон негизги максаттардын бири да чек ара маселелерин чечүү болчу. Анын алкагында уюм мүчөлөрү Кытай менен чек ара маселелерин чечип алган. Ошондуктан, бул саммитти пайдаланып калууга аракет кылуу керек. Негизи эле кандай гана аянтча болбосун аны колдонуп калууга аракет кылышы абзел.

"Азаттык": Кандай болсо да чек ара маселелери күндөн-күнгө курчуп баратканын баарыбыз түшүнүп жатабыз. Анын айынан адамдар каза болуп жатат. Эгер маселе чечилбесе, кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Усубалиев: Эң жөнөкөй кесепет катары биз эки өлкөнүн мамилелеринин начарлашын айтсак болот. Анын ичинде чек ара аймактарында абал курчуп, ансыз деле алсыз өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч жаралат. Чек арада жашаган жарандарыбыз мындан жапа чегип, бийликке болгон ишеними төмөндөйт. Мындан сырткары кыргыз-тажик мамилелеринин начарлашы, суу-энергетикалык чөйрөдө кызматташуу перспективасына чекит коет. Мен муну катастрофалык кесепет катары сыпаттайт элем. Анткени, Кыргызстан жана Тажикстан Борбор Азиядагы гидроэнергетикалык ресурстун кожоюну катары бул багыттагы таасир көрсөтүү рычагынан ажырайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG