Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Украина прокуратурасы депутат Артеменкого кылмыш ишин козгоду


Украинанын башкы прокурору Юрий Луценконун 21-февралдагы билдирүүсүнө боюнча, парламент мүчөсү Юрий Артеменконун Крымды көп жылдык ижарага Орусияга берип, анын ордуна чыгыш Украинадагы жикчил райондорго көзөмөлдү Киевге кайтаруу планы чыккынчылык катары каралууда. Артеменко бул планды АКШнын кызматынан кеткен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флиннге сунуштаган. Артеменко өзүн планды түзүүчүлөрдүн бири экенин билдирген. Бул аракетти башкы прокурор Юрий Луценко Украинага каршы аракет деп атады. Мындай айып менен 10-15 жыл абакка кесилиши мүмкүн. Артеменко Украинанын Радикалдуу партиясы менен парламентке келген. 20-февралда фракциянын катарынан чыгарылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG