Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

“Ата-Мекен” партиясы кезексиз жыйын өткөрөт


УКМК имаратынын алтына чогулгандар
УКМК имаратынын алтына чогулгандар

Бүгүн “Ата-Мекен” партиясы кезексиз жыйын өткөрүү үчүн партиялаштарын чукул чогултуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” партия мүчөсү Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда фракция лидеринин УКМК тарабынан кармалышы боюнча позицияны билдирүү жана элди митингге үндөө тууралуу маселелер күн тартибине коюлат.

26-февраль таңда Өмүрбек Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кеткен.

Учурда Бишкектеги УКМК имаратынын алдында оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери топтолуп, күч органдары да жыш тизилип турат. Текебаевдин адвокатын ичкери киргизбей жатышат.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон. Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иштен кабары жок экенин билдирген. Ал өзүнө карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG