Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Талас: мугалимдер директору менен тирешүүдө


Кум-Арык айылындагы жардамчы мектеп-интернат, Талас облусу.
Кум-Арык айылындагы жардамчы мектеп-интернат, Талас облусу.

Таластагы акыл-эси жетилбей калган балдардын мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев мурда иштеген он чакты мугалим менен соттошууда.

Мугалимдер директорду мектепте мыйзамсыз аракеттерди колдойт деп айыптоодо. Ал эми экинчи тарап бул айыптоонун төркүнүндө жеке өч алуу турганын айтат.

Акыл-эси жетилбей калган балдардын жардамчы мектеп-интернаты Талас районундагы Кум-Арык айылында жайгашкан. Анын директору Кенжалы Орозалиев менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпестик 2010-жылы мугалимдерге мамлекет тараптан кошумча эмгек акы берүү демилгесинен соң башталган.

40 жылдан ашуун ушул билим уясында башталгыч класс мугалими болуп эмгектенген, учурдагы пенсионер Сатипа Курманалиева талаштын башатын мындайча айтып берди:

Сатипа Курманалиева
Сатипа Курманалиева
- Орозалиев бизге 2009-жылы директор болуп келген. Бир жылдай убакыт өтүп, 2010-жылдын май айында акчабызга кошумча акы келди. Ушундан кийин директор чогулуш кылып, акчанын 30 пайызын кармайбыз деп айтты. Жыйындан соң эмгек жамааттагылар топтолуп, “1000 сомдон гана беребиз, андан ашыкча бере албайбыз, сиздин жашыңыз улуу, директорго түшүндүрүңүз” деп суранышты. Мен айттым. Бирок ага көнбөй, 30 пайыздан акчабызды жыйнап алды. Өзүнө алды деп айтуудан алысмын. Ошол акчага класстарга парда алынды. 30 пайыз акчанын суммасы ар кимде ар кандай. Алган айлыгына жараша. Мисалы, мен ошондо 3000 миң сомдон ашыгыраак бергем. Ошол жылы интернат эл аралык уюмдар тарабынан берилген 75 миң сомдук гранттын эсебинен да ремонттолгон.

Сатипа Курманалиеванын айтымында, үч ай сайын берилчү кошумча эмгек акыдан төрт жолу 30 пайыздан кармалган. Биринчиси - парда, экинчиси - мектептин алдына төшөлө турган асем таш (брусчатка), үчүнчүсү - мектепке келчү комиссияларга, төртүнчүсү - интернаттагы дагы кайсы бир кемчиликти жоюу үчүн.

Акча кармоого нааразы болгон мугалимдердин айрымдары ошол кездеги каржы полициясына кайрылган. Текшерүүлөр башталарда жетекчилик чогулуш кылып, эки тарап ымалага келген жана арызды артка кайтарып алышкан. Андан көп өтпөй эле каржы полициясына арызданган онго жакын мугалимге жетекчилик тараптан кысым башталган.

Бул тууралуу дагы бир мугалим Нурзат Качкынова төмөнкүлөргө токтолду:

Нурзат Качкынова
Нурзат Качкынова
- Арызды кайра аларыбыз менен эле бизге чабуул башталды. Сабактарыма мугалимдерди киргизип, текшерүү жүргүздү. Директор өзүнө караштуу мугалимдерди дарбазанын алдына тургузуп коёт да, саат 8ден бир мүнөт кечиккендердин үстүнөн да протокол жаздырат.

Ошентип отуруп 7 мугалим өз арызы менен жумуштан кетсе, 3 мугалим “милдетин аткара албагандыгы үчүн” деген кине менен иштен бошотулат.

Ал арада интернаттагы акыл-эси жетилбей калган окуучулар пикет да уюштуруп, жетекчиликтин үстүнөн арызданган айрым мугалимдердин иштен кетишин талап кылышат.

Үч жыл мурунку акцияны Нурзат Качкынова мындайча эскерет:

- Төртүнчү класста окуган окуучуларды тизип коюптур. “Нурзат эже урат!”, “Нурзат эже кетсин!” деп атышат. Нары жактан директорду жактаган мугалимдер сөз үйрөтүп турушат.

“Окуучуларды аёосуз сабады” деген күнөө менен иштен алынган Нурзат Качкынова бир топ текшерүүлөрдөн соң күнөөсү далилденбей, кайра жумушка кайтат. Бирок жетекчилик менен ымаласы келишпей, ишин уланткан эмес.

Директор Кенжалы Орозалиев мугалимдер себепсиз ишке келбей койгону үчүн жумуштан бошотулганын, аларга карата эч кандай куугунтук жок экенин айтууда. “Жалган маалымат таратып жатат” деген кине менен мугалимдерди сотко берген Орозалиев баарын мыйзам чегинде жасап жатканын белгиледи:

Кенжалы Жумалиев
Кенжалы Жумалиев
- Жалган маалымат таратып жүргөнү үчүн азыр ошолор менен соттошуп жатам. Күнөөм болсо, мынчалык күйүп-бышпайт элем да. Акыл-эси жетилбей калган окуучуларды сабаганы үчүн, аларды үйлөрүнө алып барып иштеткени үчүн жумуштан бошотконмун.

Далил үчүн айта кетейин, Сатипа Курманалиева улгайып калган эле эже, ал мектептеги жаш кызды үйүнө малай кылып алганын аныктаганбыз. Бул үчүн ал жумуштан айдалышы керек болчу. Бирок өз арызы менен эле кетти. Нурзат Качкынова болсо балдарды катуу сабаганын байкап калдык. Жөн сабаса да мейли, учунда майда мыгы бар таякча менен урган учурлары болуптур. Андай жоругу үчүн жумуштан четтетилген. Берки мугалимдердин да толгон-токой айыптары бар. Баары бул жерде балдарды пайдаланган, урган. Эми мага көө жаап жатышат. Жалган маалымат тараткан адам Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси менен жоопко тартылат. Эч ким алардын эмгек акысынан 30 пайыз кармаган эмес. Бардык акчасын кол коюп алганын тастыктаган документтер турат.


Орозалиевдин айтымында, ал соттошуп жаткан мугалимдер балдарды талаада иштетип, үй жумуштарын да жасаткан:

- Мен алардын мындай жоруктарына чек койгонум үчүн жакпай калдым. Эптеп мени жумуштан кетирип, кайра мурункудай иштегилери келип жатат.

Учурда мектепте иштеп жаткан эмгек жамаатынын баары директордун сөзүнө макул.

Директор менен тирешип жаткандар бул көйгөй менен Жогорку Кеңеш жана президентке чейин кайрылган. Бирок азырынча жооп боло элек.

Мугалимдерге адвокаттык кылып жаткан Марина Эдигеева Орозалиевдин аракеттери мыйзамсыз экенин белгилөөдө:

- Кызмат ордунан пайдаланып, өзүнө жакпаган кызматкерлерди жумуштан бошотуу туура эмес. Жумуштан четтетип, минтип соттошуп жүргөнү, ага каршы чыккан мугалимдерден жүз миңдеген сом компенсация өндүрүү аракети адам укуктарынын бузулушунун бир көрүнүшү.

Үч жылдай убакыттан бери мугалимдер менен директордун ортосундагы талашка байланыштуу ондогон сот жараяны өттү. Азырынча чекит коюла элек. Эки тарап тең акыйкат аларда экенин далилдөөгө бүт аракетин жумшап жатат.

XS
SM
MD
LG