Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Балдарына бычак шилтеген эне камакта


Абактагы аял
Абактагы аял

16-октябрда Таластын Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында үрөй учурган окуя катталды. 26 жаштагы келин эки баласына кызуу абалда бычак шилтеген. Бул Кыргызстанда өз балдарына кол салган биринчи окуя эмес.

Учурда келин Талас облусунун тергөө абагында сотту күтүп жатат. Аны өз канынан жаралган балдарына кол салууга үй-бүлөлүк зордук-зомбулук түрткөнү айтылууда.

Моюнун таңган Баккелди менен Аксулат энеси камакта экенин билбейт. Төрт жана үч жаштагы наристелер “апам эртең келет” деген үмүт мен жол кароодо.

Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов окуя тууралуу буларды айтты:

- Балдардын апасы Элмира (аты өзгөртүлдү) 1989-жылы төрөлгөн. Бизге 15-октябрда түнкү саат 11де күйөөсү экөө коңшу үйгө конокко барып, ал жерден арак ичкенин айтып берди. Үйгө кайтканда жубайлар уруша кеткен экен. Баары уктагандан кийин өзүнө кол салууга камынган. Анан балдарын өзү менен кошо ала кетмекке ушул ишке барган.

Келиндин күйөөсү окуя болгондон кийин балдарын дароо Кара-Буурадагы райондук ооруканага жеткирген. Окуя айылга чагылгандай тарап, келиндин эжеси да суук кабарды уккан. Салтанат Искакова сиңдисин бул кадамга үй-бүлөдөгү зомбулук түрткөнүн айтууда.

- Угаарым менен жетип келип, сиңдимди башка-көзгө койгулап урдум. Өзү да бакырып ыйлап жаткан экен. Балдарын эмнеге сайганын сурасам, күйөөсү ага чейин сабагынан айтты. Кызганып уруп жиберген экен, эси ооп калыптыр. Анан жанынан аша кечип, мен өлсөм балдарым кор болот, өзүм менен ала кетейин деп ушуга барыптыр. Сиңдим онго чыкканда апасы, жеңем оорудан өлгөн. Ар кимдин колунда чоңоюп жетимдиктин азабын жакшы эле тартты. Эрден да чекеси жылыбады. Буга чейин деле күйөөсү урганын айтып ыйлап, даттанып келген. "Кой, жаша" деп жүрүп аягы ушу болду.

Салтанаттын айтымында, күйөө баласы Марат мурда да үйлөнүп, үч балалуу болгондо ажырашкан экен. Кийин Элмира менен баш кошуп, эки уулдуу болгон. Беш баланы тарбиялап аткан жубайлардын ыр-чыры ушинтип бүтөт деп эч ким күтпөптүр.

Элмиранын кайненеси Курманбү Байконушова үйдөн келинге кысым болгон дегенди четке кагууда:

- Балам ичпей калган. Ошол күнү мен Бишкекке кеткем. Анан коңшу келин "баш таңмай" кылабыз деп экөөн чакырган экен. Балам үйгө келери менен жатып алыптыр. Өзүнүн айтымында, аны кичине кызым ойготкон экен. Көзүн ачса аялынын өңү кубарып, калчылдап туруптур. Биз келинге катуу айткан эмес элек. Бизге чейин эле башынан далай азап өтүп, кыялы бузулса керек.

Бул Кыргызстанда өз балдарына кол салган биринчи окуя эмес. Быйыл жыл башында да ушул сыяктуу окуя Бишкекте катталып, анда чиедей балдар өз энесинин колунан ажал тапкан.

Каргашалуу окуя 15-февралда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда таламандын так түшүндө орун алган. Милициянын маалыматында, 34 жаштагы келин балдарын алгач дары берип уктатууга аракет кылат. Ою ордунан чыкпай калганда балдарына бычак урган.

Ал тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатып, буга чейин эки ирет Республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланганын жана балдарын өлтүрөм деп мурдатан эле мерчемдеп жүргөнүн, мындан мурда өзүнө да кол салганын айткан.

Адистер, мындан тышкары, өз жакындарынан, ага-туугандарынан, же өгөй ата-энелеринен ыдык көргөн, сексуалдык кордукка кабылган балдардын окуялары өскөнүн белгилешүүдө.

Маселен, өткөн жылы бир эле Бишкекте балдарга карата 31 зордук-зомбулук катталган. Алардын 24ү сексуалдык мүнөздө болгон. Бул тууралуу “Балдарды коргоо” лигасынын маалыматында айтылат.

Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, былтыр өлкө боюнча балдарга карата 900дөн ашык зордук-зомбулук кылмышы катталган. ИИМ айрыкча балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйүп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG