Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Таласта жетимиш үйдү сел каптады


Таласта сел жүрдү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Талас облусунда 19-майда нөшөр жаандан айрым айылдарды сел каптап, учурда тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагында Кайырма каналынын үч жеринен жырып чыккан суу Ынтымак айылынын 70 турак үйүн каптаган. Азыркы учурда Жаштык, Касынбай, Мүзүрбек көчөлөрүндө унаа өтүүгө жол жок.

Ал эми Талас районундагы Бердике Баатыр айыл аймагында Козучак сайынан сел жүрүп, Талас – Беш-Таш унаа жолунун 400 метр аралыгы жараксыз абалга келген. Сел айдоо жерлерин да жууп кеткени айтылууда.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ Бакай-Ата районундагы селден жабыркаган Ынтымак айылында болуп, селден кийинки абал менен таанышты. Өкмөт башчы үйлөрү жарактан чыккан тургундарга 200 миң сом ссуда берилерин, жеңилдетилген насыя алган дыйкандарга каражатты кайтаруу мөөнөтү узартыларын убада кылды.

Учурда аталган аймакта селдин зыянын тактоо үчүн төрт комиссия иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча Ынтымак айылына таандык 1,5 миң гектар жерди суу жууп, бир топ майда жандыктар селге агып кеткен.

XS
SM
MD
LG