Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Таласты байырлаган немистер


«Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмөдөн алынган сүрөт.

«Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмөдөн алынган сүрөт.

Кыргыз жергесин жердеген башка улуттардан айырмаланып, немис калкы 19-20-жылдары жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрүнүктүү бурулуштарды жасаган.

Мисалы, Кыргызстанга 1882-жылдары жер оодарып келген немистердин алгачкы агымы Таласка отурукташкан. Алар “Аулиетинский” породасындагы сүттүү уйларды алып келип, ундун жогорку сапатын чыгарган “Ак тегирменди" ишке киргизген. Жергиликтүү элге помидор, бадыраң сыяктуу жер-жемиштерди айдоону үйрөткөн. Немистердин кыргыз жериндеги жаңылыктарын ошол доордогу Олуя-Ата уездинин начальниги жогорку бийлигине берген отчетунда “немистердин кыргыздарга берген жаңылыктарын" тан берүү менен белгилегенин ырастаган маалыматтар бар. Немистердин там салуу чеберчилиги да Таласта жогору бааланган. Андай үлгүдөгү үйлөрдү таластыктар азыр да салганга аракеттенишет жана немистерге карата тазалыкты сүйгөн эл деген көз караш калыптаган.

Кыргызга турмушка чыккан Эрна Миллер

Учурда Таласта 400дөн ашуун немис жашайт. Өздөрүнүн коому бар. Айрымдары Германияга башка немистер сыяктуу эле кетип, кайра кайтып келген, атүгүл кыргыз жигитке турмушка чыгып, очор-бачар болгон немис кыздары да бар.

Жанымдан өтсөң жылмайып,

Жалт карайм мен да кылчайып.

Ичтеги сырды айта албай,

Жүрөбүз айтчы кимде айып, - деп кыргыз ырын созолонтуп ырдаган Эрна Миллер кыргыз жигитке турмушка чыккан. Ал Ак-Дөбө айылынын чаң баскан көчөсүндө калган жаштыгын минтип эскерет:

- Бала кезде “ата кандайча немистер бул жакка келип калды?” деп сурачубуз. Согуштан кийин дааратканага түнөп, эптеп Таласка жеттик деп айтчу атам. Менимче, согуш учурундагы эмгек лагеринен келишкен го дейм. Каяктан качып келгенин мен так билбейм. АтамТаласка качып келгенге чейин апам Түйтө деген айылда турчу экен. Ал жерде уйгурлар көп болуптур. "Күйөөң келет" деп апама, балдарына оокат-аштан жардам берип турушкан экен. Атам келгенден кийин 1956-жылы мен төрөлүпмүн. Кийинки жылы ушул Ак-Дөбө айылына (ал кезде Орловка) көчүп кеткен экенбиз. Токтогул көчөдө жашап, атам бир туугандары Оскар, Эдуард деген ага-инилерин таап, төрт бир тууган кыргыздардын арасында жашап калдык. Көчөдө Карабай деген кишинин кыздары менен ойноп чоңойдум. Чыйылдак деген бала бар болчу, баарыбыз качма топ, топ таш оюндарын ойночубуз. Кыргыз балдарга помидор берсем, алар мага боорсок жана башка тамактарды беришчү. Ошентип жүрүп кыргызча үйрөндүк.

Эрна Миллер бойго жеткенде аны коңшу жашаган кыргыз Жанболот Узекеев ала качып алганын, кыргызга тийди деп башка немистер жаман көргөнүн айтты:

- Немис балдар менен деле сүйлөшчүмүн. Жанболот менен болсо тамашалашып калчумун. Бир жолу Шаршендин концерти келет экен деди, Айни деген дос кызым экөөбүз жөнөп калдык. Анан Жанболот достору менен Айнини эмес, мени ала качып кетишти. Атамдар үч күн издешти. Көшөгөгө кирип, жоолук салынып, кой союлуп, той болгон. Атамдар милиция алып келишсе, барбайм деп, калып калгам. Ата-энем мындай кызыбыз жок деп мени менен бир жыл катташпай, келбей жүрүштү. Анан кайра катташып калдык.

- Канча балаңыз бар?

- Алты балам бар. Кыздарым турмушта, Улуусу Германияга апам менен кеткен, ошол жактан турмуш куруп төрт балалуу болду. Калгандары бул жакта. Миң-Булактагы кызым мугалимдер аралык сынакта 2-орунду алды. Неберелерим жогорку окуу жайларда окушат. Бир кызым Америкада жашайт. Айтор 16 неберем бар. Мен - бактылуумун. Болгондо атасы бул жакшылыктарды көрбөй эрте кетти. Кайындарым Кедей уруусунан, баары жеңе-жеңе деп сыйлап турушат, кудаларым жакшы, анан кетким деле келбейт.

- Бир туугандарыңызчы?

- Атам Вильгелм 90-жылы Германияга кетерде каза болду. Апам бар 85ке чыкты Германияга атам каза болгондон кийин кетти. Бир эжем Алматыда турчу, каза болуп калды, Саша деген жалгыз бир тууганым Германияга кетип, бул жакка машина алып келип жүрүп Кыргызстандан каза болду. Бир эжем, сиңдим, анан ата-энем баккан улуу кызым Германияда турушат. Сиңдим муногу Өзгөрүш айылында жашаган Манап деген жигитке турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, кийин үй-бүлөсү менен Германияга кетишкен. Апам ошол сиңдимдин колунда.

- Германияга барып турасызбы? Ал жакта кыргызстандык немистер сагынычтарын айтышабы?

- Германияга жыл сайын барып турам. Мен барсам бул жактан кеткен айылдаш немистер, бир туугандарым “оо Эрна кыргызча сүйлөчү, күлчөтай жасачы” деп кыргызча бапырашып калышат. Аларга казан астырып күлчөтай, майонез кошуп боорсок жасап берем, жергиликтүү немистер даамдуу экен деп тамшанып жешет. Ал жакта бакча күтүшпөйт, ошого кейишет, “Таласта огород бар, помидор, бадыраң өзүң эгип, жейсиң, аба ырайы сонун күн чакчайып тийчү”, деп эскеришет. Айылдагыларды сурай берип чарчатышат.

- Сиз ал жакта калгыңыз келеби?

- Барып-келип турам жакшы. Бирок бул жакта балдрым бар, неберелерим, эл-журт бар, кетким келбейт, арбакты сыйласам да кетпейм. Аллахым ушуларды эле кут кылсын. Бул жердеги немистер сыйынуу үйүнө чакырышат, мен айтам “рахмат, бирок менин балдарым мусулман, мен дагы мусулманмын” дейм, туура түшүнүшөт. Мазарга баргым келе берет, мазарга барып келгенден кийин айтуучулук келе баштады, эл келсе эмдеп-домдоп колум жеңилдеп калат. Кээде өзүмө өзүм таң калам.

Маргарита

90-жылдардын башында Таластагы башка немистер сыяктуу эле Германияга кетип, кайра Кыргызстанга келип, биротоло калууну чечкен Маргарита Герд дагы ушул Ак-Дөбөдө жашайт.

- Жашым 72ге келди. Бирок кант диабетинен улам ушинтип көзүм көрбөй калды. Мен согуш жылдарын, кийинки жылдарды эстейм, 12 жыл нанга жетпей, чарбакта өскөндү эле жеп калганбыз. Кийин турмушка чыгып, 10 бала төрөдүм, төртөө Германияда, алтоо Кыргызстанда турат. Менин ата-энем, жолдошум ушул жерде жатышат. Менин эч жакка кетким келбейт. Тамекиде 18 жыл иштедим, кыргыз аялдар менен күнү-түнү чогуу иштеп, эже-сиңдидей болчубуз.

Маргарита Герддин эң кичүү кызы Анастасия да апасына карап айылда жашайт.

- Мен Германияда бир жылдай жашадым, ал жактагы бир туугандарым, кыргызча тамашалашып, сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Ал жакка кетишкен айылдаш немистер шартына карап, бир жылда бир жолу Таласка келип кетишет.

Немистер кыргыздарды агарткан

Негизи Таласта совет доорунда ар кандай улуттар көп жашаган. Бирок негедир, алардын ичинде немистер кыргызчаны так сүйлөшөрүн байкоого болот. Белгилүү публицист-журналист, Таластагы облустук телекомпаниянын жетекчиси Эрмек Үмөтов таластык немистердин өрөөнгө кошкон салымы чоң болгонун айтты:

- Кыргызстанга, анын ичинде Таласка немистер 1882-жылы жер оодарып, калганы согуштан кийинки жылдары Орусия аркылуу келишкен. Ошол доорлордо немистер эмне үчүн Германиядан кетип, жер оодарышкан. Кыргызстандык немистер монониттер деп аталган диний агымдагылар. Бул агымдагылар “колдоруна курал кармабайт”, демек, тынчтыкты сүйгөн эл. Ал доордо Германияда согуш эпкини жүрүп, ошондо булар куралдан баш тартып, Орусияга, андан келип Кыргызстанга, Таласка жер оодарышкан экен. Немистер кыргыздарга келип бат жуурулуп, эң башкысы кыргызча кыйын сүйлөп, кыргыздар менен бир тууган болуп кетишкен. Кыргызстандык, анын ичинде таластык немистердин кыргыздар үчүн жасаган үч нерсесин биз унутпашыбыз керек.

Биринчиден, 19 - 20-кылымдардын башында орустар кыргыз жергесин каптап келип, орус менен кыргыздар ортосунда жерлер талашка түшүп, чыр-чатактар чыгып турган, ошондо бул жактан кыргызча билип алышкан келгин немистер тилмечтик кылып, кыргыздардын укугун коргошчу экен.

Экинчиден, Николойпол, азыркы Бакай-Ата айылына 1912-жылы орто мектеп түзүлүп, Валл деген немис директор болуп, кыргыздардын балдарын окуткан.

Үчүнчүдөн, Германиядан жер оодарып келе жатышканда малдын эң асыл тукумдарын, эгиндин мыкты үрөндөрүн бул жакка жүктөй келишкен. Аларды бул жактан өнүктүрүп, кыргыздардын өзүнө беришкен, үйрөтүшкөн.

Андан тышкары, дал ушул Таласта немистер агартуучулук, маданият, үй күтүү, чарба күтүү сыяктуу жаңылыктарды жергиликтүү элге сиңирген. Мисалы, сүрөтчү ата-бала Герцендер тигил жак, бул жактан алган сүрөттөрүн, ага кошуп өздөрү тартып, бирден чогултуп, азыр ушул Ак-Дөбө айылында чоң музей түзүшкөн. Башка айылдарда мындай музей жок. Теодор Теодорович Герцен “Манас” баянына 300дөй гравюра түшүргөн. Ал Манас тууралуу дастанды сүрөт менен жеткирген манасчы десек болот.

1882-жылы Екатерина ханышанын буйругу менен Орусия империясынын карамагындагы жерлерге немистердин көчүп келүүлөрүнө уруксат берилген. Ошондо алгачкы немистер Орусия аркылуу Кыргызстан, анын ичинде Таласка көчүп келишкен. Анан акырындап Таластын башка айылдарында немис айылдарын түзүшкөн. Немистердин келиши менен жергиликтүү эл бакча күтүү, анын ичинде помидор, бадыраң, картошка, эшик алдына гүл өстүрүүнү үйрөнгөн экен.

Согуштун немистерге тийген эпкини

Кыргызстандык немистер жөнүндө сөз болгондо жалаң гана алардын ийгиликтери эмес, алардын баштарынан өткөргөн кайгылуу тагдырларын да иликтей жүрсөк деген пикирин белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин айтты:

- Совет доорунда Адольф деген ысымы бар немистерди абакка камашкан, Гитлерге тиешеси жок болсо да, андайлар аттарын алмаштырууга аргасыз болушкан. Чүй боорунан бир немис согушка барып, бир жыл ичинде капитан наамын алган экен. Бирок, немис болгонунан улам анын погондорун жулуп, камап салышкан. Сүргүнгө бара жатканда жолдон бомба түшүп, бул немис жолун таап качып, Иванов деген ат менен жашыруун согушка кирген, 1945-жылга чейин капитан болуп, Кызыл Жылдыз орденин алган. Согуштан кийин билинип калып, ал кайра погондору жулунуп, абакка айдалган. Хрущевдин тушунда гана бошогон, бирок, өмүр бою согуштагы эрдиктери даңазаланбай, жай турмушта өтүп кеткен. Мындай бааланбаган тагдырлар ушул эле Бакай-Атада да көп болгон.

Германияны көрө элек Риффел Шауэрман

Учурда Таластагы немис коомунун жетекчиси Валентина Калашникова-Риффел Шауэрмандын айтымында, 1882-жылы Кыргызстанга келген немистер - бул кыргызстандык немистердин бир гана бутагы.

- Ал эми экинчи бутагы Германиядан Орусияга келип Немис автономиялык облусун түзүшкөн. Бирок, согуш башталганда ал жактагы немистерди эмгек лагерине жөнөтүү башталып, бир күндө эле поездге жүктөшкөн. Анан аларды поездде көпкө алып жүрүшүп, атүгүл Азов деңизине чөктүрүүнү да ойлошкон экен. Анан көпкө жүрүп Алтайга которушкан. Ошентип ал жакта шахтада, токойдо иштешип калышкан. Менин атам дагы аскерде кызмат кылган, снайпер болгон экен. Кийин эмгек лагеринде үй-бүлөбүз менен көрбөгөндү көрүп, азапка батканды айтып жүрдү. Андан көрө фронтко барсам бул кыйналганым үчүн фашисттерди өзүм ок менен термекмин дечү. Согуш жылдары немистер абдан кыйналышты. Бул жактагы немистерди болсо, Өзбекстандын талааларына иштетишти, кээ бирин аяп, бул жакта калтырган менен айына эмчектеги баласына чейин каттап, белгилеп турушкан. Согуштан кийин немистерге карата репрессия 47-48-жылдары токтогону менен, Кыргызстанда немистер үчүн 56-жылдан кийин гана эки жакка чыгууга уруксат берилген. Кыргызстандык немистер Фергана өрөөнүндөгү талааларда иштешти. Ал жактагы эмгек лагерине кеткен немистер кийин 1967- 1972-жылдар аралыгында Таласка кайтып келишти.

Ал эми биз, Алтайдагы немистер кийин Казакстанга, андан кийин Таласка 67-жылы көчүп келгенбиз. Ушул жерде агарып-көгөрүп, эми жакшы жашоо башталды дегенде 90-жылдары Германияга кетүү башталды. Германия өкмөтү жакшы нерселерди убада кылды. Айрымдар эч кимге билдирбей алгачкылардан болуп кетип жатышты.

Валентина өзү Германияны бир да жолу барып көрбөптүр.

- Таласта орус, немистердин кетүүгө аракеттери бар, ал жак аябай өнүккөн дешет. Жеке мен өзүм да кетүүгө аракет кылып көрдүм. Бирок немистин адабий тилин билбейт экенсиң деген жооп келди. Анан өзүм да анча аракет кылбай калдым. Германияда аталаш бир туугандарым бар, мага алар анча колдоо көрсөтпөйт. Материалдык шартым жоктугунан кете алган жокмун. Германияда бир да жолу болгон эмесмин. Менин баамымда, кыргыз өкмөтү деле кээ бир немистерди кетиргиси келбейт окшойт. Себеби бизден сынакты кыргыз кыз алган, ошол өткөрбөй койду.

Таластагы немис коому өз ара чогулуп улуттук майрамдарды белгилеп, мамлекеттик маданий иш-чараларга активдүү катышып келишет. Валентина Калашникова-Риффел-Шауэрмандын айтымында, статистика боюнча ушул тапта Таласта немистердин саны 400дөн ашуун.

1980-жылдардын акырында Кыргызстанда немистердин саны 120 миңдей болсо, учурда республика боюнча 8 миңден ашыгыраак калган.

90-жылдары Германияга кетип калышкан немистер жылына Таласка келип, дале кыргызча сүйлөшүп, туулган, өсүп-чоңойгөн жерлерин унута албай келишет.

2014-жылдын октябрында Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги «Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмөнүн сүрөттөрү:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG