Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кировдо быйыл суу аз


Кыргызстандын суу сактагычтарында суу кору кескин азайып жатат.

Маселен, Таластагы Киров суу сактагычынан азыр сыртка суу агытуу өлчөмү секундуна 20 куб метрге аз агытыла баштады. Аталган суу сактагычтан сууну негизинен Казакстан алат.

Ысык жана кургакчыл жайдан улам мөңгүлөрдөн түшкөн суу азайган. Келерки жылы суу тартыштыгынан Казакстанга суу жетпей калышы мүмкүн экенин кыргыз адистери азыртадан эле каңкуулап жатышат.

Киров суу сактагычына 550 млн. куб метр суу батат. Ал 1976-жылы курулуп бүткөрүлгөн. Суу сактагычтагы 80-85% суу Казакстандын Жамбул облусунун талааларын сугарганга кетсе, калганы Талас облусунун Манас районунун айрым айылдарын суу менен камсыздайт.

Тактап айтканда Жамбул облусунун 120 миң гектар аянты сугарылса, Манас районунун 16 миң гектарга жакын гана айдоого жарамдуу жерлери суу ичүүдө. Бул иштер эл аралык келишимге ылайык жасалып жаткан экен.

Үстүдөгү жылы мындагы суунун көлөмү кескин түрдө азайып кетти. Муну адистер кургакчылык жана жайдын ысык болуп, тоолордогу мөңгүлөрдүн ээрибей жатышы менен түшүндүрүшүүдө.

Суу сактагыч кызматкерлеринин статистикалык китепчесинен алынган маалыматка ылайык, өткөн жылдын 7-августунда суунун көлөмү 199 млн. куб метрди түзгөн болсо, быйыл 7-августта болгону 46 млн. куб метрден ашыгыраак гана суу сакталуу.

Суу сактагычты оңдоп-түзөө иштеринин көпчүлүгүн Казакстан тарап аткарат экен. Биз барган маалда коңшу тарап плотинанын оң тарабын оңдоп жаткан экен.

2011-2012-жылдар аралыгында суу сактагычка Казакстан тарап 89 млн. теңге бөлүптүр. Ал эми мында иштеген кызматкерлердин айлык акысын Кыргызстан төлөйт.

2008-жылы да суу азайган экен. Бирок анда кар калың түшүп, суу сактагыч толуптур. Адистер келерки жыл ого бетер кургак болот деп божомолдошуп жатышат. Андай болуп калса, суу сактагычтын толушу кыйындап калат. Эгер антип кургакчылык өкүм сүрсө, эки жакка эле кыйын болот.

XS
SM
MD
LG