Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Атамбаев учак кырсыгына кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирди


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев 38 адамдын өмүрүн кыйган учак кырсыгында четте турбай, жабыркагандарга жардам берген бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Гуманитардык жардам чогултууга кол кабыш кылган активисттерге, издөө-куткаруу, дарылоо иштерин жүргүзүп жаткан жаткан тийиштүү орган кызматкерлерине, ыктыярчыларга кыргыз элинин атынан рахматын айтканы тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент кырсык болгон айылга барбаганы, аза күтүү күнүндө жок дегенде телевидение аркылуу элге кайрылып, кайрат айтпаганы коомчулукта сынга алына баштаган.

"Боинг-747-400" учагы 16-январда Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Мерт кеткен 38 адамдын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айылдагы жашоочулар.

Жабыркаган үй-бүлөлөргө президент 100 миң сомдон, парламент спикеринин фондунан 80 миң сомдон, өкмөт 70 миң сомдон жардам берери айтылган. Андан тышкары, атайын ачылган банк эсебине да каражат чогултулууда. Өлкө аймагында гуманитардык жардамдар чогултулуп жатат. Алматы шаарынын тургундары да азык-түлүк, кийим-кече чогултуп, жөнөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG