Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Оппозициянын Таластагы митинги


Таластагы митингге уюштуруучулар болжогондон аз киши чогулду.
Таластагы митингге уюштуруучулар болжогондон аз киши чогулду.

Таласта оппозициялык “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын митинги башталганынан да бүткөнү бат болду.

Буга чейин 7 миңдей адам чогулат деп айтылганы менен шаардын стадионуна андан алда канча аз киши топтолду. Уюштуруучулар буга аба ырайы менен жергиликтүү бийлик тоскоол кылганын айтып чыкты.

Митинг оболу Талас шаарынын борбордук аянтында өтөөрү маалымдалганы менен стадиондо болду. Жергиликтүү жарандык активист Айбек Турдалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, уюштуруучулар кечирээк келип, митинг болжолдонгон убактан кеч башталды жана башында эстрада ырчылары чакан концерт берди:

- Уюштуучулар жыйынга айыл жергесинен, айыл өкмөттөрдөн активисттерди чогултуп келген экен. Талас шаарынын тургундары дээрлик жокко эсе болду. “Атамбаевдин бийлиги кетсин”, “Жер байлыктары сатылбасын” жана “Жерин саткан элин сатканга барабар” өңдүү жазууларды кармап турушту. Жаан жаап киргенде жыйынды токтотолу дешти, келгендер да сүйлөйүн десе Суваналиев микрофонду өчүртүп койду.

Турдалиев митингге келгендер жана анда концерт койгон ырчылар арасында нааразы болгондорду айтып берди:

- Чогулган эл негизи Таластагы Жерүй, кыргыз-казак чек арасындагы Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак жана төө бурчактын баасы сыяктуу маселелер козголот деп, алардын чечилиши кандай болоорун билүүгө келген экен. Бирок ал маалыматтарды ала алган жокпуз деп нааразы болуп кетишти. Ырчылар да нааразы болду. Аларды Өмүрбек Андарбеков – Ома деген ырчы жигит Таласта бир концерт болуп жатат, ошого барып келели деп чакырган экен. Ырчылар болсо "мунун саясий боёгу бар экенин билген жокпуз, биз бардык бийликтин тушунда деле ырдап жүргөнбүз, мындай саясий оюн болуп жатканын билген жокпуз" дешти. Андан сырткары аларды уюштуруп чакырган Оманын өзүнүн келбей койгонуна нааразы болушту.


“Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидерлеринин бири Бегалы Наргозуевдин билдиришинче, буга аба ырайы менен жерегиликтүү бийлик тоскоолдук кылды:

- Борбордук аянтты сураганбыз, макул болуп жүрүшүп, кечээ чукулунан эле стадионго буруп койду. Ушундан улам көптөрү аянтка келип адашып, кыскасы 700дөй адам чогулду. Анан жаңы башталганда эле жамгыр жаап жиберип тоскоолдук болду. Андан сырткары акимдер, айыл өкмөт башчылары эки-үч күн кыдырып, митингге барбоого үндөп, тоскоолдук жасашты.

Наргозуев эмки митинг Нарында өтөөрүн маалымдады:

- Талаптар мурдагыдай эле: бийликтин бир адамдын колуна топтолушу токтотулсун. Ага жардам берип жаткан КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын, парламентте жаңы КСДП фракциясы жок коалиция түзүлүп, алар элдик ишенимдеги өкмөт түзсүн. Экинчиси - укук коргоо органдарын, сот системасын бийликтин буйругун аткарган органдарга айландырууга жол бербөө, аларды саясаттан четтеттүү. Ошондой эле биз таластыктардын суроосу боюнча Жерүй кени Кумтөр чечилмейинче иштетилбесин, Көк-Сай маселеси адилеттүү чечилсин деген талаптар кошулду.

Байрак Сейдивалиев - Талас облусундагы Талас районунун акими. Ал жергиликтүү бийлик оппозицияга митинг өткөрүүгө тоскоолдук кылды деген дооматты четке кагууда:

- Эми азыр ачык айтканда элди кел-келбе десең деле укпайт. Ошондуктан кел, же келбе деп айтып эмне кылмак элек? Ар кимдин өзүнүн иши бар, анын үстүнө азыр бизде түшүм жыйноо жүрүп жатат. Өзүңүз билесиз, Таласта той-аш деген азыр көп, эл ошол жакта жүрөт.

Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев оппозициянын талаптарынын жүйөсү бар деп эсептейт, бирок аны митинг менен алып чыгууга каршы:

- Азыр чындап эле президенттин колунда абдан чоң бийлик бар. Сот болобу, башка системаны өзгөртүүгө анда чоң мүмкүнчүлүк бар, бирок аны жасай албай жатат. Бирок азыр "ал кетсин, бул келсин" деп, коомду дүрбөтүп, элди көчөгө алып чыгуу туура эмес. Атамбаевдин бийлиги чоңоюп кеткенин айтып чыккандар кандайча бийлик топтолуп калды, бул Конституцияга же дагы башка мыйзамдарга каршы келеби деп, маселен конституциялык палатага кайрылып, эгер палата туура эмес чечим чыгарса, анын туура эместигин көрсөтүп, аны коомго жеткирсе болот. Ошондо элге көбүрөөк түшүнүктүү болмок. Болбосо күз келди, саясий оюн башталды деп элди чогултуу туура эмес.

“Каршылык көрсөтүү” кыймылы өткөн айда түзүлгөн болу. Анын уюштуруучулары - милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев, мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев жана экс-депутат Бегалы Наргозуев. Саясий саябанга бул жаңы кыймыл чыкканда, анын курамындагы мурда бийликте жүргөн эски саясатчыларды эл ээрчишинен күмөн санагандар да болгон эле.

XS
SM
MD
LG