Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өнөкөт өпкө оорулуулардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Республика боюнча ушул дартка чалдыккандардын саны отуз эки миңге чамалайт.

Адистердин айтымында реалдуу сан мындан 4-5 эсе жогору. Ал эми дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 5 миллиондой адам өнөкөт өпкө оорусунун айынан дүйнө салат.

Кыргыз торакалдык коомунун президенти, медицина илимдеринин доктору Талант Сооронбаевдин айтымында, өнөкөт өпкө оорулардын пайда болушунун негизги белгилери чылым чегүүдөн башталат.

- Бүт оорулар тамеки чегүүдөн башталып жатат. Бул жөн эле өнөкөт, адат эмес. Ал өзүнчө оор ооруу, дарт. Ошондуктан аны да өзүнчө дарт катары дарылоо зарыл.

Анткен менен адистердин айтымында, коомчулукта тамеки тарткан адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Чылым чегүү айрыкча жаштар арасында кеңири жайылууда. Алардын айрымдары “көк түтүндүн” зыяндарын билсе да тамеки чегүүнү таштоо аракетин көрүшпөйт.

Нурбек: - Тамеки тартканыма 10 жыл болду. Анын зыяндарын деле билем. өпкөгө зыян. Бүт эле организмди талкалайт да, таштай албай жатам. Азыр аракет кылып жатам, буюрса таштайм.

Ильяз: - Мен жети жылдан бери тамеки тартам. Никoтиндин организмге тийгизген таасирин билсем деле чеге берем. Таштаганга деле аракет кылдым. Таштаганга аракет кылып, эки-үч күн чекпей жүрөсүң, бирок кайра эле тарта бересиң. Башында жөн эле кызыгып чегип көрөсүң, кийин бул өнөкөткө айланып кетет.

Талант Сооронбаевдин айтымында, акыркы кездерде кыз-келиндер арасында да тамеки тарткандар көбөйүүдө. Анын кесепетинен соңку мезгилдерде жаңы төрөлгөн наристелерде түрдүү тубаса оорулары аныкталып жатат. Чылым бир гана өпкө эмес, дагы башка толгон-токой оорулардын пайда болушуна шарт түзөт.

- Тамеки жалпы ден соолукка зыян алып келет. Өпкөнү алсак өпкөнүн өнөкөт бронхит, рак оорусуна алып келет, жүрөктү алсак кан басымы жогорулап, инфаркт болуу ыктымалдыгы жогору. Ал эми мээнин кан тамырын алсак, инсульт жана гонгрена жана буттарына жара чыгып, эттерине жара чыгып, тиштери түшкөнгө алып келет. Кээ бирөөлөр тамекиден көрө насвай колдонсо ден соолукка зыяны жок деп ойлошот экен. Экөөнүн зыяны бирдей эле.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарованын айтымында, азыр жаштар арасында да насвай колдонгондордун саны өсүүдө. Тамекиге караганда анын зыяны көп болгон менен бул мыйзамдаштырылбай, легалсыз товар катары эсептелинип келет. Анын айтымында, насвайдын ашказан, ичеги-карын ооруларына тамекиден да зыяны чон. Бирок ушул тапта насвайдын курамында кандай заттар бар экени так аныктала элек. Анткени Кыргызстанда андай лаборатория жок.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан боюнча Баткенде насвай колдонгондор көп. Коңшу мамлекеттерден Түркмөнстанда насвай колдонууга расмий тыюу салынган. Айрым башка өлкөлөрдө бул мыйзамдаштырылып, кадимкидей салык төлөнүп келет. Ошондуктан кийинки жылдардан тарта Кыргызстанда да насвай колдонуу мыйзамдаштырылып, анын тагдыры чечилиши ыктымал.

- Насвайдын ден соолукка алып келген зыяны тамекиден да чоң. Бирок ошого карабай бир күндүк насвай көчөнүн ар бурчунда арзыбаган акчага сатылып жатат. Аныны курамын изилдеп көрөлү десек Кыргызстанда андай лаборатория жок. Экинчиден, бул маселе мыйзам түрүндө чечиле элек. Мындан ары кандай болоорун азырынча айтууга эрте. Насвай колдонууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн же уруксат берилип, медициналык эскертүүлөр менен атайын кутчуга салынып сатыла баштайт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өнөкөт өпкө ооруларын алдын алуу максатында мектеп окуучулары, жалпы эле коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн акция да уюштурган. Жыйынтыгында суралган окуучулардын 90 пайызы тамекини жок дегенде бир жолу тартып көрсө, жыйырма пайыздан ашууну бул өнөкөт болуп калганын билдиришкен. Ошондой эле адистер коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган мыйзам чыкканы менен бул көп жерлерде иштебей жатканын айтышууда. Алар бул багытта административдик көзөмөлдөө иштери да жүрбөй жатат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG