Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Асман мелжиген тоолордун койнундагы Таш-Рабат кылымдарды карытса да, аны ким качан, эмне максатта курганын эч ким билбейт. Чет элдик саякатчылардын "Мекесин" ондогон жылдардан бери үч муундун мырза кыздары кайтарып, анын сыры менен кутун сактап келатышат.





Таш-Рабатта алты жаштагы Сезим мага жол көрсөткүч гид болду. Саратан жайда мөндүр төгүп кирсе да, Таш-Рабатты көздөй жөнөп калдык.

Торугарт ашуусунан бери жагында, Чатыр-Көлгө жете бербеген капчыгайдагы бул сарайды алты жаштагы Сезим «таш үй» деп атап, ал тууралуу баарын билет!

«Бул сонун жер, мында орустар бар, мурда таенем менен таятам жашаган» деди ал мага. Булутка чулганган тоолор мунарыктап, көз ачырбай мөндүр жаап жатты. Сезимдин үйүнөн берки бир таман жол ылай менен чалчык сууга толду.
Таш-Рабат X кылымда курулган деген божомол бар, бирок так билген киши жок

Жолдо Сезимдин таяенесине кез келдик, Турсун (Жутабаева) бирөөлөрдү күтүп жүрүптүр, «туристтер келмек эле, келбей жатышат» деди.

Сырлуу таш үй
Көк, жашыл, кызгылтым түстөгү жалпак таштан салынган Таш-Рабатты бирөөлөр X кылымда түшкөн десе, орто кылымдарда Индияда Моголдор империясын негиздеген Бабурдун замандашы Мухамед Хайдер аны Кашмирдеги курулуштарга окшоштуруп, «Могулистандын бир каны XV кылымда курган» деп жазып кеткен. (Таш-Рабаттын картасы) Айтылуу казак окумуштуусу Чокан Валиханов мындан туура 150 жыл илгери Кашкардан кербен менен келатып, ушул жерде токтоп өткөн экен.

Кыргызстанда теңдеши жок, 1 миң чарчы метрден көп жерди ээлеген Таш үйдүн ичинде чет элдиктер жүрүптүр. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийик жайгашкан бул жай тууралуу мен кичинемен билчүмүн. Таятамдар жайлоодон көчкөндө Таш-Рабатта токтолуп өтүшчү экен.

Таш-Рабатка кеткен жолду кытайлар оңдоп жатышат, сүрөттү тарткан Fracois Bouet
Таенем «Ушул жердин бир сыры бар, ичинде канча бөлмөсү бар экенин билбейм. Бир санасак 40, бир санасак 41 болуп чыкты» деп айтып калчу. Мен санасам, 30тан араң ашты!

Теребел аппак болуп, Марстын ландшафтына окшоп турду. Таш-Рабаттын үстүндөгү капталдарында оюк терезелүү тоголок чатыр кадимки эле боз үйгө окшоп дөмпөйөт. Терезеден ичин карасак, ичкери жактагы саякатчылардын добушу угулат, бирок караңгыда өздөрү көрүнбөйт.


Кара-Коюн суусунун оң куймасында турган Таш-Рабатка байыркы Ат-Башы шаарынын чалдыбарынан (Кошой-Коргон) кийин дагы 70 чакырым түштүктү көздөй жүрүп отуруп келгенбиз. Топоздор топ-тобу менен өңкүлдөп, оюн салып чуркаган жолдун айрылышынан капчыгайга бурулганбыз. Таш үйгө чейинки 15 чакырымдай өңгүл-дөңгүл жолду кытайлар оңдоп жатыптыр.

Таш үйдүн каршысында чарбалуу там үйлөрдүн бири Турсун эжеге тийешелүү, ал эми Сезимдер өйдөдөгү коктуда салынган үйдө турушат.

Анын аралыгында, Турсун эже күткөн туристтер да келип калды.
Таш-Рабатта үйлөрдү генератор жарыктандырат. Дүкөн, телефон жок. Сүрөт Francois Buet
Бетондолгон жайыкта маршруткалардан чет элдиктер кулач-кулач келген асынма баштыктарын түшүрүп, боз үйлөргө киргизип жатышты.

Тоого чыдаган чыдайт
Сезим дөбөдөгү суурлардын ийиндерин бир сыйра текшерип чыккандан кийин үйгө кайттык. Кой жайыттан келе элек окшойт, мал короолор бош турду. Гүүлдөп иштеп жаткан генератордун жанында жүргөн тайган бизди көрүп, куйругун шыйпаңдатып жете келди. Шөмтүрөп суу болгон Сезим экөөбүз ичи жарык, жылуу үйгө баш бактык.

Там үйдүн эки бөлмөсүнүнүн төрдөгүсү уктоочу бөлмө. Кире бериштеги бөлмөдө үч чет элдик жапыс үстөлдө чай ичип отурду. Туристтердин бири франциялык сүрөтчү Сезимдин тайтайлап басып калган сиңдиси Акмарал менен чыткурсак иниси Алиханды кара карандаш менен сүрөткө тартып жатты. Жанындагы шериги өзүнөн чоочуркаган балдарга алма сунду.

Сезимдин атасы Майрамбек улагадагы меште алоолонуп күйгөн отко отун алып келип жакты. Апасы Назира пияз, сабиз туурап жатат. Назира коноктор менен англисче сүйлөшүп, «азыр палоо басам» деди.

Таш-Рабатка туристтер жарашыктуу боз үйдө түнөөгө да келишет

Капчыгайда өзгөчө климат бар окшойт, себеби 3 миң бийиктикте киши күндөн бат тотугуп, териси күйүп кетет. Бирок Таш-Рабатта кыздардын жүздөрү аппак болот экен.

Бир гана жери Назира «тишим түшүп атат, эмне кылыш керек?» деп камтама болду. Чын эле тоолуктардын турмушу бизге романтика көрүнгөн менен, тоого чыдаган гана жашайт!




Багы ачылган кербен сарай
Кытай менен чек ара ачылгандан бери Таш-Рабаттын да багы ачылган. Бул тарапка жергиликтүү туристтер дээрлик келбейт. Келгендер жалаң чет элдиктер, алар да Кытайга баратып гана токтолушат. Ал эми Торугарт чек ара бекетинде виза режими өтө катуу, ал жерден сизди сөзсүз кытайлык турагент өзү алып кетиши керек, демек ага 100-200 доллар чыгым болосуз. Ошондуктан мындай саякатчылардын да саны чектелүү.

Коноктор суукка карабастан, боз үйгө жата турган болушту. Майрамбек
Таш-Рабатка келген туристтер тоону аралап, андан ары Торугарт аркылуу Кашкарга кетишет
«боз үйдүн ичиндеги мешке от жагып коем, жылуу болот, керек болсо эртең менен да от тамызам» деди.

Чай ичип болуп, туристтер тоолорду аралап келебиз деп чыгып кетишти. Назира экөөбүз шашпай сүйлөшүп отурдук. Жайкысын беш-алты боз үй кармашат экен, «жолдошум, кайын сиңдилерим, дагы туугандарыбыз келет. Аларга айлык төлөйбүз, туристтик сезон болгону үч ай эмеспи, бирок конок тосуп күн көрсө болот» деди.

Таш-Рабатта жаралган махабат
Назира ата-энеси менен ушул капчыгайда өсүп чоңойгон. Болочок жолдошу менен да Таш-Рабатта таанышкан. Нарында орто мектепте окуп, кийин Нарын университетинин англис тил факултетине тапшырат. Майрамбектин ата-энеси кызга сөйкө салдып, салт менен калың берип алышат. Турмушка чыккандан кийин, Назира окуусун үчүнчү курстан
Назира менен Майрамбек Таш-Рабаттан таанышкан
кийин таштап койгон.

Майрамбек менен да ушул жерде таанышкан:
- Ал да тоолук бала, Ак-Сай жайлоосуна мал айдачу. Бир күнү экскурсияга келишиптир, мен Таш-Рабаттын дарбазасын ачып бергем. Ошондо таанышып, бир жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жазында, күзүндө гана көрүшчүбүз.

Таш-Рабатты бирөөлөр несториан христиандары курган ибадаткана десе, башкалар буддистердин сыйынуу жайы болгон деп түкшүмөлдөйт. Окумуштуулар арасында бул кербен сарай, алтургай мечит болгон деген божомолдор бар.

Көп төрөп, кырчындай кезинде эле бели бөкчөйүп, таяк менен басып калган таенем Таш-Рабаттын уламышын көп айтып берчү. Азыр ойлосом ал уламыш туризм жөнүндө экен!
Торугартка бараткан жолдогу топоздор

Бир хандын эки баласы болот, улуусу тың чыгып, ары бери өткөн кербендер токтолсун деп кербен сарай курат. Бирок иниси ач көз болот. Агасынын көзү өтүп кеткенде, кербендерди карактап, уурдалган мүлктү Таш-Рабатка алып келип жыйнайт. Чыдамы түгөнгөн коңшу элдер бир күнү Таш-Рабатты чаап, каракчынын өзүн кулчулукка алып кетишкен экен.

"Шөкүлөнүн" берметтери
Сезим суу болгон батинкесин мештин жанына коюп, төркү үйдөгү буту жок темир керебеттин үстүндө секире баштады.

Анан экөөбүз суур жөнүндө сүйлөштүк. Сезим бул өрөөндөгү тоолорду суурдун жатагына чейин беш колундай билет. Эртели-кеч тайганы экөөнүн эрмеги суур болсо, анан кантсин. Мен уккандан суурдун эти өтө даамдуу болот! Бирок менин кичинекей маектешим ушунча болуп мындай этти жеп көрбөптүр.

Ал арада мөндүр токтоп, тез эле кар эрип кетти. Терезеден карасам, «Шөкүлө» чокусунун «берметтери» батып
Таш-Рабаттын каршысындагы "Шөкүлө" тоосу
бараткан күнгө чагылышып, жалт-жулт этип заңкайып турду.

Сөзүбүз «шаар жакшыбы, тоо жакшыбы» дегенге бурулду. Азыр ойлосом, Таш-Рабатты көрсөткөн ушул кичинекей гид кезеги келгенде керилген селки болуп, ушул жерден бакты-таалай таап, таяталарым мекендеген жерлердин сырын да, кутун да сактап калса экен деген үмүткө жетелендим.

Болбосо, «Таш-Рабат жакшыбы же Нарынбы?» деп эмнеге сурадым дейм да. Сезим болсо «Нарын жакшы!» деп атпайбы...

Таш-Рабаттан видео тасма:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG