Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Жарыкты көргүсү келген карыя жардам күтөт


Исамидин Исакулов
Исамидин Исакулов

Таш-Көмүр шаарында жашаган көзү азиз карыя байбичеси экөө көп жылдан бери пенсияга чыга албай келет. Алардын айтымында, ага топтогон акча каражатынын аздыгы, тааныш-билиштин жоктугу себеп болгон шекилдүү.

Тазалык мекемесинде иштеген байбиченин айлыгы бул үй-бүлөнүн жалгыз кирешеси.

Жан кыйнаган дарт

Исамидин Исакулов Таш-Көмүр шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 30 жылдан бери жашайт. Кезегинде облустагы жол тейлөө ишканасында иштеген. 2009-жылы дартка чалдыгып, ошондон бери төшөктө. Оорунун айынан акыркы кезде көрбөй да калган. Анысы аз келгенсип карыя пенсия албайт. Азыр анын тилегени аз да болсо жарыкты анан неберелерин көрүү.

- Түрктөрдүн "60 жашка чыктыңбы андан ары жашоонун не кереги бар?" деген сөзү бар. Тишиң жок, өлүмтүгүңдү бирөөгө артып жашайсың. Сууга чөгүп бара жаткан адам бир тал саманга жармашат. Ошол сыңары мен да 60 жаштан өтүп, бул жашоодо өкүнө турган да эч нерсем калган жок. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо жарыкты аз да болсо көргүм келет. Азыр чеберелерим бар, алардын үнүн кээде укканым менен өңүн көрө албайм. Аларды бир жолу болсо да көргүм келет. Жубайым күндүз жумушка кетет, үйдө жалгыз калгандыктан дааратканага өзүм барып келем. Кээде чалынып, жыгылып да калам.

Атасына каттабаган балдар

Көзү азиз карыянын биринчи жубайынан көргөн беш баласы атасы менен катташпайт. Кээде гана кичүү кызы келип кабар алып кетет. 63 жаштагы абышкасынын амандыгын тилеп, ал үчүн тирек болгон турмушундагы жан шериги - экинчи жубайы Керезбү Назарбаева. Учурда ал шаардагы коммуналдык чарба департаментинде даараткана тазалоочу болуп иштейт. Жети жылга жакын убакыттан бери кыйналып жаткан жолдошун майыптыкка чыгара албай убара:

- Алган айлыгым 4 миң сом, ал азыркы учурда эмнеге жетет? Өзүм болсо автокырсыкка учурап, оң колум сынган. Жумуш жеңил деп даараткана тазалайм. Муну майыптыкка чыгарайын десем, бардык жерге акча бериш керек экен. Көзүн дарылаталы десек ага да акча жок. Кочкор-Ата шаарына барып көз догдур менен сүйлөшсөм, бир топ сумманы айтты, мен аны кайдан табам? Эмне кыларымды билбей калдым. Үч уул, беш кызы бар, алар атасынан такыр кабар албайт. Бир тууган иниси бар, ал да келбейт.

Карыя жарыкты анан неберелерин көрүүнү самайт
Карыя жарыкты анан неберелерин көрүүнү самайт

"Майыптыкты дарыгерлер аныктайт"

Майыптыкка чыгарууну Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы медициналык социалдык экспертиза борбору аныктайт. Көрүүсү начар жана көз оорусунан жабыркаган түштүк облусунун бейтаптары Ош шаарында гана жайгашкан бейтапканада жатып, 10 күн дарыгерлердин текшерүүсүндө болуусу шарт. Ал жерден алган аныктаманы экспертиза борборунун адистери текшерип, андан соң гана бейтапка майыптык даражасын ыйгарат.

Таш-Көмүр шаарынын социалдык маселелер боюнча вице мэри Айнакан Темирбаева бул үй-бүлөгө болгону кеңеш гана берип жатканын билдирди.

- Ал аял жолдошун ооруканага алып барып жаткырып, ал жерден текшертиши керек. Жолдошу канчалык деңгээлде көрбөйт жана оорукчан - бул маселени жергиликтүү бийлик эмес, дарыгерлер гана аныктайт. Бул боюнча мен эч нерсе дей албайм. Өздөрү ооруканага барбай жатып, "акча сурайт" деген сөз туура эмес. Биз шаардагы майып адамдарды сөзсүз каттоого алабыз. Анан ар бирине соцкызматкерлерди бөлүп, алар кабар алып турат. Бул үй-бүлө майыптык албагандан кийин биз аларды каттай албайбыз. Аны жанындагы аялы карашы керек. Бирок биз колдон келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз.

Какаганга муштаган

Кемпир-чал жашап жаткан эки бөлмөлүү батир да Исамидин Исакуловго автобазада иштеп турган учурунда берилген. Өткөн жылдын көпчүлүк убактысын бул үй-бүлө жарыксыз өткөрдү. Анткени электр энергиясына болгон карыз 30 миң сомго жеткендиктен өчүрүп салышкан. Шаар бийлигинин кийлигишүүсү менен гана эки ай мурда батирге электр жарыгы туташтырылган. Бирок жарык үчүн карыз ошол бойдон турат.

- Жарыкты күйгүзгөнүнө эки ай гана болду. 2015-жылы дээрлик жарыксыз олтурдук. Бешинчи кабатта жашаганыбызга карабай, балконго меш куруп, тамак-ашты ошол жакта бышырып жаттык. Кышкысын болсо бөлмөлөр муздак болгондуктан ашканада жашадык. Азыр да карызыбыз моюнубузда илинип турат, - дейт Керезбү Назарбаева.

Таш-Көмүр шаары боюнча үйүндө жаткан 100дөн ашык майып адамдарга 10 социалдык кызматкер бөлүнүп, кароого алат. Мындан сырткары жыл сайын аларга каражат жагынан көмөк берилет.

"Азаттык" бул маселени чыгарууга даярдап жаткан убакта Исамидин Исакуловду ушул жуманын аягында шаар бийлиги ооруканага жаткырууга көмөктөшөрүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG