Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Акматов: Жүз тубар койдон 185 козу алганым чын


Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматов "Азаттыктын" студиясында

Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматов "Азаттыктын" студиясында

Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, Соц.эмгектин эки жолку баатыры, даңазалуу чабан Таштанбек Акматов "Азаттыкта" мейманда.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Таштанбе́к Акма́тов 74 жашта. Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры (1976, 1986), СССР Жогорку Советинин үч жолку, СССРдин Эл депутаты. Кыргыз айыл-чарба институтун аяктаган, 33 жыл (1955-1987) Тоң районундагы XII партсъезд колхозунда чабан болуп эмгектенген. Кыргызстанда кой чарбасын өнүктүүргө бараандуу салым кошкон.

Учурда Тоңдун Нарын менен чектеш Сырт өрөөнүндө фермерлик чарбаны жетектеген Таштанбек Акматов "Азаттыкка" курган маегинде совет биримдигин эскерип, эгемен Кыргызстандын турмушу жөнүндө кеп курду.

Азаттык: Сиз бийлик башына кантип келип калдыңыз. Эмне себеп болду? Артка кылчайып бир ушуну эскерсеңиз?

- Ал кезде кадрды төмөнкү звенодон өйдө көтөрүп тарбиялоочу да. Кишинин тарбиялык, тажрыйбалык жөндөмүнө калыс каралчу. 1973-жылдан тартып Советтер Союзу тарагыча дээрлик 20 жыл СССР Жогорку Советине 4 чакырылышта депутат болдум. Биринчиден, депутаттык тажрыйбам болду, экинчиден, эмгегимдеги көрсөткүчтөр менен элге жасаган мамилем эске алынды.

Депутат болоордо, анан депутат кезимде Госпланга чапкылап жүрүп элдин көп иштерин аткардым. Ошол иш-аракеттерим туура келсе керек, А.Масалиев менин тажрыйбамды жайылтуу үчүн республиканын ар кайсы аймактарына кошо алып жүрүүчү.

Анан күндөрдүн биринде “Бизде Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун председателдик орду бар, ошону иштеп бербейсизби?”, деди. Мен “Абсамат Масалиевич, мен биринчинден, мындай кызматты иштеп көрө элекмин. Экинчиден, тажрыйбам болсо дагы эл менен кенен-кесири карым-катнаш түзгөнгө орус тилди билбем. Сизге оордук келтирип коемго”, дедим.

Таштанбек Акматов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Ал киши “Төрөбай Кулатовичтин 4 эле класс билими бар. Ал дагы түндөп-түндөп шахтыда жүрүп, орус тилди билчү эмес. Анан 40 жылга жакын ушул кызматты башкарып келди. Сиздин жогоку билимиңиз, көп жылдык тажрыйбаңыз ушуга туура келгендиктен кеңеш кылып жатам”, деди. Ошол учурда мага бул сунуш оор сезилип, мен ойлонуп көрөйүнчү дедим. “20 мүнөт убакыт”, берем деди. Талаада жүрөбүз, кеңешерге эч ким дагы жок эле.

20 мүнөт ойлонгондон кийин “Апсамат Масалиевич, сиз жардам кылбасаңыз мен иштей албайм”, дедим. “Жардам кылам”, деди. Анда “макулдугумду берейин”, дедим. Андан кийин мени Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат кылыш керек болчу. Ошто бир орун бар экен, ошол жерге барып депутаттыкка талапкерлигим сунушталды.

Анан кездешүүлөр болду, шайлоочулар “бизге эмнеге кызыгып келатасыз?” деген суроо беришти. “Башкы зоотехник болуп иштеп берсем туура болобу” десем, макул болушту. Анан Москвага барып, Кыргызстанды тейлеген инструктор бар эле, алар кеңешип отуруп, жогорку Биринчиге [КПССтин баш катчысы] чейин айтылып, өзүнчө эле бир топ убакыт алчу. Анан баары макул болушуп, мени шайлап коюшту.

Таштанбек Акматов: Коммунист бойдонмун
(Маектин 1-бөлүгүн толугу менен бул жерден угуңуз)

Азаттык: Партиялык билетиңизди сактап калдыңызбы?

- Ооба, партиялык билет жанымда. Коммунист эле бойдомун. Мен бул коммунисттерге мүчө эмесмин. Мен эмне үчүн коммунисттерди жакшы көрөм? Эң биринчи жалпы билимди бекер берген. Медициналык жактан бекер тейлеген. Адамдын эң чоң эки керектөөсүн учу-кыйырсыз Советтер Союзунда камсыз кылганы баарынан артыкчылык кылып жатпайбы. Мына бүгүн 3 билим, 3 диплом бар, бирок бир кызмат жок болуп турбайбы.

Анда пландуу түрдө бир тармакка канчадан адис керек болсо ошончо киши чек менен окуу жайларга кабыл алынчу. Анда бир гана ураан болчу – “Жалпы жазаган эмгегибиз эл үчүн” деген. Ушунчалык тарбияга катуу сугарылганбыз да. Азыр “өз жаным үчүн” деп чөнтөкчү, талоонучуулук, уурдамай, зордуктамай дагы чыкты.

Советтер Союзунун бир гана ыңгайсыз жагы адамдын жашоосун чектеп койгон. Маселен, үй-жай кура турган болсоң баланча чарчы метрден ашпасын, кызматта болсоң маяна мынча суммадан ашпасын деген чектөө болчу. Азыр эми мамлекетте талоончулук күчөп, миллион эмес миллардер болуп калышпадыбы...


Таштанбек Акматов "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Турдубек кызы менен Бишкек студиясында, 1.09.2011-жыл
Азаттык: Кыргызстан эл каалагандай демократиялык нукта өнүгүп кете алабы?

- Бул илгертеден эле элдин жүгүн көтөргөн башкаруучунун жөндөмүнө, пейилине, жүрөгүнө жараша болот. Талпынып эмгек кылгандын өзү элдин багылып жатканы болуп турат. Азыр элдин турмушу оңолду. Мын мен өз айылымды кыдырып жүрсөм, бир үйдө эки машинеси бар. Кайдан таптың? деп сурайм. Бири жерди казып, ошол жерге картөшкө айдап, ошондон дүркүрөп өскөн. Кээ бирөө мал менен, дагы бири эгин эгип байып жатат. Теңир жерди адам-баласы, жан-жаныбар өнсүн-өссүн, жашасын деп бериген да. “Акылдын досу токтоолук” деген кыргыздын жакшы сөзү бар, биздин кыргыз уландар ушул эле жерде мээнет кылса бир чети жанын, экинчи чети элин багат.

Азыр адамдын өзүндө эркиндик бар. Биз баалабай жатабыз. Адам өзү эркиндик эмне экенин түшүнбөй жатат. Биздин Кыргызстан бардык жагынан эле өсүп кеткенге толук мүмүкүнчүлүгү бар.

Таштанбек Акматов: 100 койдон 185 козу алчумун
(Маектин 2-бөлүгүн толугу менен бул жерден угуңуз)


Азаттык: Советтер Союузунда "кошуп жазуу" деген көп айтылчу эле. Маселен, 100 тубар койдон 190 козу алынды деген..

- Эми бул суроону буруп кеткенге болбойт. Мен 100 койдон 185 козуну 10 жыл алдым. Менин артыман канчалаган санак келди. Ал үчүн мен эмне кылдым? Мен кочкордон алып жаткан уруктун эгиз же жалкы экенин таанычумун. Мына азыр менин уулум 100 койдон 180 козу эмес, башына-баш ала албай жатат. Ал үчүн талыкпаган эмгек керек. 1 кой тууп жаткан учурда 5 мүнөт аны таштап кетүү деген болгон эмес. Мен 1500 койду бир сарайга туудурганда мени менен бирге 20-25 киши иштөөчү. Эми ойлоп көрсөм, биздин 1 сутка иштегенибизди азыркылар 1 айда дагы иштей албайт. Буга адамдык, эмгекке болгон дух себеп болгон. Урааныбыз дагы ошол болчу, азыр болсо бир нерсеге багытталган негиздүү эч нерсе жок.


Эскертүү: Маек кыскартылып басылды, текстеги аудиодон толугу менен угуңуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG