Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Таштанбек Акматов: Кабарчыны деле камап коём


Кара-Кужур жайлоосунда Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракеси мезгилинде орнотулган сахнада балдар ойноп жатышат, август, 2013.

Кара-Кужур жайлоосунда Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракеси мезгилинде орнотулган сахнада балдар ойноп жатышат, август, 2013.

Советтик доордо Кыргызстандын мамлекет башчысынын деңгээлинде кызмат өтөгөн, ардагер малчы Таштанбек Акматов бүгүн Кара-Кужур жайлоосунда, мал артында жүрөт. Август айында 75 жылдык мааракесин жайлоодо аппак айкелин койдуруп, 20 боз үй тиктирип, чоң шаан-шөкөт менен белгиледи. "Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде Акматов өзүн биринчи кезекте мамлекеттик ишмер деп эсептей тургандыгын кыйытты. Ал ошондой эле бүгүнкү малчылык жашоосунун оош-кыйыштарынан кеп салды.

Таштанбек Акматов: Эми кызым, четинен айтайын десем, бул өзүнчө бир чоң тарых. 75-жылдыгымда өзүң келип, кабыл алып турасың. Таанылгыс, табылгыс дегендей, мындай тагдыр чанда бир келбесе, адам баласына оңой менен келбейт. Мындан артык бакыт барбы! Ошондуктан, бүгүн элдин тилегиндей, күн ачык болуп жатат, мындан мурун бир дем алыш кыян аралаш жаан жаап турду эле, өзүң көзүң менен көрүп турасың. Жаан-чачын болсо, ушунча эл эмне кылмак, кандай акыбалда калмак. Ошонун баары элестеп туруп, мен эң биринчи Алла Таалага, элиме ыраазычылыгымды билдирип, кубанып турам.



Жаңыл Жусупжан: Сиз өмүр бою кой бактыңыз, азыр деле мал артындасыз. Кыйналган жоксузбу? Малды өзүңүз айдайсызбы, же жардамчыларыңыз барбы?

Таштанбек Акматов: Жок, сурооң кичине анчейин болуп калды. Мен өмүр бою мал бакканым жок. Болгону жетимиш алты жылдын отуз үч жылын эле мал менен өткөрдүм, андан кийин мамлекеттик кызматтарда иштедим. Мамлекеттин эң жогорку кызматы - Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагалыгы деген президентке тете кызматын аркаладым. Ал жерге отуз үч жыл чабан болуп жүрүп, шыдыр бара алган жокмун. Биринчи Айыл чарба техникумун, анан Айыл чарба институтун бүтүрдүм, анан 1974-жылдан бери СССР кулаганча жыйырма жылдай депутат болдум. Кыргыз ССР Жогорку кеңешине эки чакырым депутат болдум.

Башкасын айтпаганда, анын ичиндеги таржымалымда эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери бар, эң жогорку үч жолку Ленин ордени бар, андан кийин Орок жана Балка алтын жылдыз менен эки жолу сыйлангам, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алгам, эң жогорку сыйлык "Ак шумкар менен сыйландым. Бул сыйлыктын баарын бакыт деп айтсам болот, мындан ашкан бакыт барбы?!

Жаңыл Жусупжан: Өзүңүз айткандай, мамлекеттик жетекчилик кызматта беш жылча иштедиңиз окшойт. Жыйынтыктап айтканда, ошол мезгилдеги башкы жетишкендигиңиз, эмгегиңиз кайсы деп эсептейсиз?

Таштанбек Акматов: Ал бир сөз менен айтылбайт, эмгек деген кичинеден куралат. Эң башкысын айтканда, мен 1955-жылы чабан болдум, 1956-жылы райком комсомолунун ардак грамотасы менен сыйлангам, үч жолку Баатырды, үч жолку Ленин орденди, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын мал чарбасынын устаты дегендин баары ошонун башаты. Райкомдун ардак баракчасы өңдөнгөн сыйлыктарды мен жогору баалайм.


Жаңыл Жусупжан: Советтик мезгилде жүзүнө жүз сексен, жүз токсондон алчу элеңер. Бүгүнкү күндөгү көрсөткүчүңүз кандай болуп жатат?

Таштанбек Акматов: Бүгүнкү көрсөткүч эч бааланбайт, азыр жеке менчик.

Жаңыл Жусупжан: Бааланбайт, бирок сиз санап турасыз да.

Таштанбек Акматов: Саны башка болот, ал эми кандай деген сурооң такыр башка болот. Быйыл он экинчи жылга кетти, ушул жерге тогуз байтал, эки кулун, бир айгыр, жыйырма тогуз топоз менен келгем. Азыр той-топурдун баарына, ичкен-жегенге, мамлекетке салык төккөнгө жетип жаткандан кийин, өзүң эле ойлонуп көр.

Жаңыл Жусупжан: Сизди мериностун билерманы дейт, бул өзгөчө сапатуу кой болот экен, аны багуу кандайча башталган?

Таштанбек Акматов: Биздин Кыргызстан он эки миллион кой өстүрчү. Ошонун ичинде Ысык-Көл облусу боюнча бир топ кой бар болчу. Союз тарап, (эл чарбасы) бириндеген мезгилде АКШдан ыктыярчылар келип, биздин жүндү ар түркүн боёкко салып, тажрыйбалык иштери менен он күндөн, бир айдан келип-кетип жүрүштү. Ошол мезгилде мен бир гип жүндү Америкага берип жибердим, ал жактын лабораториясынан текшергенде биздин жүн дүйнө жүзүндөгү деңгээлге туура келип, андан тышкары АКШдагы меринос койлордон өйдө болуп чыккан. Себеби, биздин Көлдүн касиети өзгөчө, макро, микро климат деген туура келет. Ошондогу ар бир талынын чыдамдуулугу дүйнөдөгү башка жүндөн артык болгон, жоголгондо анын баркынын баары жок болуп, баасы дагы жок болуп жатпайбы. Азыр кайсыны айта алабыз, бирок менин көзүм өтмөйүнчө меринос койдон ажырабайм, балдарым да азыр мериносту багып, өстүрүп келет.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда бүгүнкү күндө меринос жалпы койдун канча пайызын түзөт?

Таштанбек Акматов: Санын так айта албайм, статтан (статкомитеттен) алганым жок. Бирок акыры жүрүп отуруп, кайра мериноско келет. Азыр эл күндөлүк турмушу, багуу шарты, арзандыгына карап, азыраак чыгым жумшап, көбүрөөк пайда алыш үчүн кыргыз койлорду алып келип жатпайбы. Кыргыз койдун эң биринчи эти гана пайдалуу болуп жатат, ал эми жүнү менен териси баа болгон жери жок. Меринос койдун жүнү, эти жакшы өтөт, анан келечекте төлү да жакшы болот, ага эч бир кой тең келе албайт.

Жаңыл Жусупжан: Сиз малчылыкты жаңы баштаган кезде ветеринария деген бар эле, ал да сизге көмөк болгон эле да?

Таштанбек Акматов: Совет өкмөтү уюшулгандан тартып, илим менен окуу абдан айкалышып күчтүү келген, мал доктур сөзсүз бар болгон. Менин зоотехник билимим бар болчу, анан малды өстүрүүдө билим менен тажрыйба экөө айкалышып отуруп, асылдуулукка жетип, он жыл бою жүз сексен бештен төл алыш деген эмне? Азыр он койдон он козу алалбай жатышат, төл алыш үчүн көп нерсе керек. Биринчиден, койдун тукумдуулугун жакшыртуу керек, ал үчүн асыл тукум кочкорлор менен аргындаштыруу зарыл. Ал мезгилинде колхоз-совхоздун жардамдары чоң болчу. Эң биринчи ветеринардык жардам, экинчиси - кишинин жардамы. Колдон-буттан алып, ар кимдин канча санга кол күчү жетсе, ошончо күчү берилип турган. Азыр ар ким өз жаны менен өзү алек. Он койду дагы багалбай жатышпайбы.

Жаңыл Жусупжан: Өткөн жылы (2011-2012-жылдын кышы) катуу суук болуп, жутта малчылардын абалы кыйын болду. Силер аны кандай өткөрдүңөр?

Таштанбек Акматов: Мындан эки жыл мурда бул жерде да катуу жут болуп бир метрден ашыгыраак кар жаады. Топоз өзү кар калың түшкөндө эч нерсе жей албайт, эки күндө он эки топоз өлдү. Бул эми менчик, ал эми колхоз-совхоздуку болгондо, он эки топозду өлтүрөт деп обкомго чейин сурап, кызматтан бошотчу, ал эми мен мурунку эле кызматымда турам.

Жаңыл Жусупжан: Күнүмдүк турмушуңуз кайдан? Мисалы сиздин бир күнүңүз кандай өтөт?

Таштанбек Акматов: Биздин бир күнүбүз, бир сөз менен айтканда, кара жанды карч уруп, алпурушуу менен өтөт. Саат төрттө турабыз, кечки саат сегизге чейин жумуш. Керели-кечке кол күч менен иштебейбиз, көзүбүз менен иштейбиз. Мал үркүп кеткен жокпу, башка мал кошулуп кеткен жокпу деп карап турабыз. Чынына келгенде эгер карабай койсок, бир жагына кетип калса, убара тартабыз же жоголуп кетет, же болбосо карышкыр жеп кетет. Албетте, көзөмөлдүн үстүндө турабыз.

Жаңыл Жусупжан: Сиз көз айнек тагынасызбы?

Таштанбек Акматов: Албетте, тагынам, кызым.

Жаңыл Жусупжан: Тоолуктардын көзү курч болот, анткени алыстагы койлорун карап жатып эле көздөрү турнабайдай болуп калат дейт, ошол чынбы?

Таштанбек Акматов: Тескерисинче болот го. Албетте, жашка жараша бардык организм кичинеден кемип турат, бир эле күнү бир жерди жулуп албайт. Аба ырайы бузулганда, же болбосо кыян келгенде, бир жерди чогуу жеп салгандай болбойт. Карыганда жашка жараша, бардык мүчөңдү кемитет, мээңден таманыңа чейин, анан буту-кол ооруганы ошол, кулак ооруганы ошол, көз начарлаганы ошол, мурундан дем алган да начарлайт, кышылдап. Баары жашка жараша аз-аздан кемип отуруп, анан чеги жеткенден кийин, тиги дүйнөгө алып кетет турбайбы.

Жаңыл Жусупжан: Сиз коммунизмдин доорунда төрөлдүңүз, бала кезиңизди эстесек, эсте калган урунттуу окуялар кайсылар?

Таштанбек Акматов: Менин эсимде көп окуя бар кызым. Биз коммунизм доорунда эмес, кыйын-кезеңде, согуш убагында чоңойдук. Согуш убагында төртүнчү класс билими болсо, ал бригаданын кадимки штатынын мүчөсү болчу. Штат болгону менен айлык деген жок эле. Күн-түн иштейт, ал эмес, огородун караганга мүмкүнчүлүк берчү эмес. Бош убакыт дегенди ким билиптир? Караңгыда айдын жарыгы менен жерди тепкилеп, айдап, сээп алгандан кийин дагы жаратылыштын кырсыгын байкап көргүлөчү. Кичинекей жерге эккен эгинин оозго жеткирбей, мөндүр чаап кетчү. Биз көргөн азапты бүгүнкү жаштарга бербесин. Өкмөт болсо демитип аркан бер дечү, кап бер дечү, андан тышкары май төлө дечү, эт, сүт, май, тери төлө дечү, андан тышкары зайым (заем – мамлекетке карыз акча берилгенин күбөлөндүргөн баалуу кагаз) төлөчү. Эл ошончо оор жүктү көтөрүп келген. Азыр турмуш начар дегенге мен ишенбейм. Ар бир үйдө үчтөн машина турат, турмуш начарбы? Азыр элдин пейили тарыды, мурдагыдай мээнет кылгысы келгендер аз. Оозу менен жүрөгү бирдей сокпойт. Жүрөгү башка согуп, оозу тамтаңдап, башканы сүйлөп жатат, анын кесепетинен кыргыздын турмушу оор болуп турат. Мен ошого капа болом.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүн сизде кандай жакшы ат бар? Сиздегилер кыргыз атпы, же «таза кандуу» аттарбы?

Таштанбек Акматов: Жакшы ат деген жорго да бар, күн-түнү минсең чарчабаган басыктуу ат дагы бар, адамды чарчата турган ат дагы бар, баары бар, малчыда баары болот. Меники кыргыз ат. Бул жерге «таза кандуу» делген чалыш ат чыдабайт, жаздын күнкү сыйрытма деп коет, кар жаайт, күн жаайт, ага туруштук бере албай, шалак этип жыгылып кетсе, үстүндөгү адам учуп кетип мертинип калат. Ошондуктан, кыргыздын чыдамдуу жылкысынан өтөрү жок. Ошону өстүрүп жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Сиз боз үйдө төрөлгөнсүзбү?

Таштанбек Акматов: Боз үй эмес, алачыкта төрөлдүм десем болот, анткени мен жокчулук мезгилде жарыкка келгем.

Жаңыл Жусупжан: Азыр мына эки кабат үй салыптырсыз, анан ары-бери өткөндөрдү кээде камап коет деп жатышат, ошол чынбы?

Таштанбек Акматов: Малдыбы же кишиниби?

Жаңыл Жусупжан: Анысын биле албадым.

Таштанбек Акматов: Ачуум келсе, журналистерди деле камап койом кээде.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин малчылыкты аркалаган уул-неберелериңиз барбы?

Таштанбек Акматов: Неберем бар, ошого баарын үйрөтүп жатам. Аты Амантур. Биз үчүн Амантур дагы, Амантай дагы, кыргыз эркелетип ат кое берет эмеспи.

Жаңыл Жусупжан: Амантур аман болсун, сиздин той кут болсун, жүзгө чыгыңыз.

Таштанбек Акматов: Силерге дагы рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG