Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Каржы полициясы салыкчылардын “сары изине” түштү


“Дордой” базарындагы ири өлчөмдө салык жашырууга байланышкан коррупциялык схемалардын бети ачылууда.

Салык кызматы аралашкан деп шектелген бул ишке байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы экинчи ирет кылмыш ишин козгоду. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев аталган базардан салык мурдагыга караганда бир кыйла көп топтолуп жатканын айтып, салыкчыларды бир жактуу айыптоого каршы экенин билдирди.

Чөнтөккө солонгон акчалар

Бишкектеги “Дордой” базарындагы эки жүзгө чукул соода контейнерлеринин ээлеринде патент жок экени аныкталган. Патенттик салык беш жүз сомдон төрт миң сомго чейин. Текшерүү учурунда соодагерлердин көпчүлүгү салык кызматынын тескөөчүлөрү келип ай сайын салык катары акча топтоп кетерин айтышкан. Бирок алардын колуна патент берилген эмес. Салык катары чогултулган каражат бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатканы аныкталган.
Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 21 миллион 569 миң сомду түзгөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Шакир Мусаров бул боюнча буларга токтолду:

"Дордойдо"патенттик салык беш жүз сомдон төрт миң сомго чейин.
"Дордойдо"патенттик салык беш жүз сомдон төрт миң сомго чейин.
- Козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү иштери жүрүп жатат. Мына ошол фактылар кандайча ишке ашканын жана аны аткарууга түздөн - түз тиешеси бар салык кызматкерлери боюнча материалдар топтолуп жатат. Мына ошол текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бул иштин чыныгы күнөөкөрлөрү аныкталмакчы.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык башкармалыгынын салык чегерүү боюнча документтери алынган. Ошондой эле салык кызматынын патент берүү бөлүмчөлөрүнүн эсептик журналдары тергөө ишине тиркелген. Мындан мурун өткөн жылы күзүндө мына ушуга окшогон эле салык жашыруу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон эле. Анда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бактыбек Ашыров үч айлык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Дордойдон” 2012-жыл үчүн 280 миллион сом салык түшпөй калганын билдирген.

Салымбеков: келишип алууга жол бербөө керек

“Дордой” базарынын негиздөөчүлөрдүн бири, коомдук ишмер Аскар Салымбеков маселени соодагерлер менен салыкчылардын келишип алганынан көрөт:

- Салыкчылар менен соодагерлер бири-бири менен келишип алып анан мына ушундай болуп жатпайбы. Патенттик салыкка төлөнчү акчанын жарымын гана төлөп коюп, ал жарымын болсо салык кызматкери каттабастан туруп, чөнтөккө салып коёт. Анын жыйынтыгында салык чогултуунун өлчөмү азайып жатпайбы. Ошондуктан алар келишип албаш үчүн салыкты атайын автоматташтырылган терминалдар аркылуу төлөтүү боюнча иштер башталганы турат.

Ошол эле кезде мамлекеттик салык кызматы айтылган айыптоо менен макул эмес. Салыкчылар “Дордойдон” патенттен салык катары түшчү акчаны өздөрүнө кымырып алып жүргөн деген маалыматты аталган кызмат негизсиз айыптоо катары жокко чыгарды.

Масалиев: Ашыровдун көрсөткүчүнөн ашык салык чогулттук

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев болсо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Ашыров салык тармагын жетектеп турган кезге караганда патенттин саны бир кыйла өскөнүн мисал келтирди:

- Салыкчылардын атынан бирөө келип акча алып жатат деп жатышпайбы. Анда эмне үчүн ошол адамдарды кармашпайт. Биз өзүбүз деле текшерип жатабыз. Биздин кызматкерлер жүз пайыз ак дегенден алысмын. Бирок салык кызматы акчанын бардыгын чөнтөгүнө салып алып, бюджетке эч нерсе түшүрбөй жатат деген сөз туура эмес да. Андай ишке барган салык кызматкерин кармап туруп, анан айтышпайбы. Ал киши салык тармагын жетектеп турганда “Дордойдон” 25 миллион сом салык топтолчу. Азыр базарда оор абал болуп турганына карабастан биз аны 34 миллион сомго жеткирдик. Бул көрсөткүчпү?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы буга чейинки жана азыркы козголгон кылмыш иштери боюнча кайсы бир конкреттүү салыкчыга айыбын угуза элек. Ошондон улам бул козголгон кылмыш иштерин атайын эксперттер аталган эки мамлекеттик мекеменин ортосундагы тирешүүнүн жыйынтыгы катары карашууда.
XS
SM
MD
LG