Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстандык дары-дармек жасоочулар жана сатуучулар өкмөттүн дарыларга кошумча нарк салыгын киргизүү демилгесине каршы чыгууда.

Алардын жүйөсү боюнча салык киргизилсе дарылар кымбаттап, карылардын капчыгына таасирин тийгизип, ал эми фармацевтика бизнесин көмүскөгө киргизиши мүмкүн. Ал эми өкмөт дарылардын айрым гана түрлөрүнө салык салуу каралып жатканын кабарлады.

Фармацевттер: Оорулуу кишилерге кыйын болот

“Дарыларга кошумча нарк салыгын (НДС) киргизүү калктын капчыгына, биринчи кезекте кары-картаңдарга терс таасирин тийгизет”,-деди Бишкектеги “Биовит” фармацевтикалык борборунун өкүлү Бурканбек Молдоташев:

Кыргызстанга дары-дармектердин 90 пайыздан ашыгы Орусия, Польша өңдүү чет өлкөлөрдөн келет.
- Кошумча нарк салыгы дары-дармекке кире турган болсо, биринчи кезекте оорулуу кишилер эле жапа чегип калат. Ошолордун ала турган дары-дармектери бир топко кымбаттап кетет. Экинчиси, нарк салыгын дарыларга киргизген учурда аткезчилик көбөйүп кетиши мүмкүн. Аткезчилик көбөйө турган болсо дары-дармектин сапаты төмөндөп кетет. Себеби аткезчилик жолу менен көмүскө кирген дарыларды текшерүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле чек арадан өткөн учурда баягы коррупциялык схемаларга жол берилип, ишканаларды көмүскөгө түртөт.


Жыл башында өкмөт тарабынан дарыларга кошумча төлөм киргизип, бюджеттин кемтигин бүтөө демилгеси көтөрүлгөн. Дарылардын негизгилери салыктан бошотулары айтылган.

Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташпаев Жогорку Кеңештин жыйынында буларды айткан:

- Жашоодогу эң негизги дарылардын тизмесин саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык компаниялар жана бизнесмендер менен сүйлөшүп түзүшү керек.

Мындай демилгелерге Кыргызстандагы кеминде 40ка жакын дары-дармек борбору каршы пикирин билдирип, өлкө башчысына кайрылуу жөнөтүшкөн. Өкмөттүн негизги дарыларды салыктан бошотуп, калгандарына салык коюу аракети да фармацевттерди канааттандырган эмес.

“Дары-дармектердин ачыктыгын камсыз кылуу” альянсынын улуттук координатору Мариям Жангорозова дарыларды бөлүүнүн өзүн натуура деп эсептейт:

- Негизги эмес деп аталган дарылар деген мамлекеттик бюджет жана мамлекеттик ооруканалар үчүн негизги эмес болушу мүмкүн. Бирок эл үчүн негизги болуп кала берет. Калк өз чөнтөгүнөн сатып алат.

Салыктан бошотула турган дарылардын тизмеси такталууда
Кошумча нарк салыгы дары-дармекке кире турган болсо биринчи кезекте оорулуу кишилер эле жапа чегип калат.


Кыргызстанда 2003-жылдан тарта дары-дармектерге кошумча нарк салыгы алынып салынган. Натыйжада дары-дармек жасоочулар жана сатуучулар 12 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөбөй калышкан. Ал эми Экономикалык тескөө министрлигинин бөлүм башчысы Кубан Айдаралиев салыктан бошотулган дары-дармектердин катарына медицинага тиешеси жок каражаттар да кирип калып, салыктан бошоп калганына көңүл бурууда. “Мындан улам кайсы дарылар салыктан бошотулуп, кайсынысына салык салынары такталып жатат”,-дейт Айдаралиев:

- Жанагы мыйзамда дары категориясына кирип калган башка нерселер болуп калышы мүмкүн. Түздөн түз дары жана медицинага тиешелүү нерселерден башкаларына салык киргизилиши ыктымал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда дары сатуу жана жасоо менен алектенген 250гө жакын фирма бар. Өлкөдөгү дары-дармектердин 90 пайыздан ашыгы Орусия, Польша өңдүү чет өлкөлөрдөн келет.

2010-жылы Кыргызстанга кеминде алты миллиард сомго тете дары-дармек алынып келинген. Буга чейин дарыларга кошумча салык салуу демилгеси 2008-жылы да көтөрүлгөн эле. Бирок анда парламент бул демилгени колдогон эмес эле. Быйылкы бюджеттик таңсыктыктын шартында өкмөт менен парламент кандай тыянакка келишээр экен?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG