Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Мугалимдердин нааразылыгы бүт өлкөгө жайылууда


Базар-Коргон районундагы мугалимдер эмгек акыны көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты, 1-декабрь, 2010.
Базар-Коргон районундагы мугалимдер эмгек акыны көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты, 1-декабрь, 2010.

Маянаны көтөрүү талабы менен бүгүн Таластын жана Тоң районунун мугалимдери нааразылык акциясына чыгышты.

Буга чейин мугалимдер Базар-Коргон, Өзгөн, Жети-Өгүз райондорунда митингге чыгышкан. Бүгүн аларга Талас шаарындагы, Тоң районундагы мугалимдер кошулду. Президент Роза Отунбаева шашылыш жабык эшик артында жыйын куруп, мугалимдердин талаптарын чечүү маселесин карады.

Коалиция түзө албай талашып-тартышып жатышкан фракциялар дагы шашылыш жер-жерлерге өкүлдөрүн жиберип, жабыла мугалимдердин акыбалын сурап киришти. СДПК кечээ Нарын областына өзүнүн өкүлдөрүн жиберген. Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы мугалимдерге кайрылуу менен чыгып, билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн парламентте жана болочок өкмөттө көтөрүп чыгууга убада берди. “Республика” фракциясы өзүнө билим берүү, каржы жана эмгек министрлерин чакырып, бул маселени чечүүнүн жолдору боюнча ой-пикир алышты.

Өкмөт өкүлдөрү мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү этап-этап менен жүргүзүлөрүн билдирүүдө. Эсептөөлөр боюнча мугалимдердин эмгек акысын 30 пайызга көтөрүү үчүн 1 млрд. 200 млн. сом керек болот. Каржы министрлигинин эсебинде казынада каражат жок, ошондуктан башкаруу аппаратын тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартуунун эсебинен мугалимдерге акча табуу аракети көрүлүүдө. Мындай булактардын бири мисалы мамлекеттик чиновниктердин кызматтык унааларына кеткен чыгымды кыскартуу болот деп билдирди каржы министри Чоробек Имашев.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү маселесин этап-этап кылып чечүү планы иштелип чыкканын билдирди. Биринчи этапта мугалимдердин эмгек акысын 30 пайызга көтөрүү каралган, андан кийин педагогдорго эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тариф торчосун жоюп, анын ордуна төрт деңгээлден турган системаны киргизүү боюнча реформалык аракеттер көрүлмөкчү.

Министр Канат Садыков ошол эле учурда мугалимдердин бир жерде он миң сом, экинчи жерде он беш миң сом эмгек акы талап кылып, аткарылгыс талаптар менен чыгып жатышынын өзү аларды кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр пайдаланып жатышы мүмкүн деген ойго түртүп жатканын белгиледи.

"Бул жерде бир максат бар, аткарылбас талаптар коюлсун деген бирөөлөр бар",-деди министр.

Ошол эле учурда парламентке өткөн саясий партиялар коалиция түзө албай, казынада каражат каат болуп, келерки жылдын бюджети бекибей жаткандыгы жалпы эле элдин, анын ичинде мугалимдердин дагы жинин келтирип жатканын байкоочулар белгилешүүдө.

Эксперттер ПИЗА жүргүзгөн эл аралык иликтөөдө билим сапаты боюнча Кыргызстан эң арткы орунда калганынын бирден бир маанилүү себеби дал ушул мугалимдердин боор ачыган абалына байланыштуу экенин белгилешип, бул тармакка биринчи иретте көнүл бурууга чакырышууда.

Мугалимдердин эмгек акысы 2007-жылдан бери көтөрүлө элек. Алардын эмгек акысы орточо эмгек акынын өлчөмүнөн да, минималдуу жашоо корзинасынан да төмөн. Совет заманында берилип келген отун-суу жеңилдиктери алынып салынган. Жергиликтүү билик органдарынын көбү дотацияда тургандыктан мугалимдерге каралашууга чамалары чак.

XS
SM
MD
LG