Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Дүйнөдө энергоресурстар тартыш болуп бараткан сайын отун-кубаттын атаандаш булактары иликтенип, кеңири иштетиле баштады.

Күн нурлары мындай булактардын бири болгону баарыбызга маалым. Күндүн энергиясын электр агынына (тогуна) айландыруучу жабдыктардын натыйжалуулугунун жогорулашы менен бирге иштеп чыгарууга сарпталган каражаттын төмөндөшү аларды электрстанция катары колдонууга жол ачты.

Экологиялык жактан жылуулук менен иштеген станцияларга салыштырмалуу абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаганы да коомчулук тарабынан дурус кабыл алынууда.

Эгерде Жапонияда мурунтан эле көп кабаттуу имараттардын терезелерин күндөн ток чыгаруучу элементтерге алмаштырып, чыгымдарды азайтып келишсе, азыркы учурда дүйнөдө мындай элементтерден масштабдуу электр станцияларын куруу кадимки көрүнүшкө айланып баратат.

Күн нурларын электр тогуна айландырган станциялар Германия, Америка Кошмо Штаттары, Бразилия, Испания, Орусия Федерациясы, Канада, Италия, Украина жана башка мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын эң кубаттуусу Америка Кошмо Штаттарындагы Калифорния штатында жаңы эле курулуп бүткөн “Топаз” станциясы 550 мегаватт иштеп чыгарат деп күтүлүүдө. Бул көрсөткүч кадимки атомдук станциялардын кубаттуулугуна тете.

"Топаз" станциясы 10 чарчы километр аянтты ээлеп, 9 миллион күн батареясынан турат. Аны курууга сарпталган жалпы чыгым болжол менен 9 млрд. долларды түздү.

Жылдын башында ушул эле Калифорния штатында дүйнөдө эң кубаттуу мунара түрүндөгү күн электр станциясы ачылган. Ал эми жакынкы арада дагы эки ири күн станциясы иштетиле баштаары пландаштырылган. Алардын кубаттуулугу 550 жана 580 мегаватты түзөт.

Айтып кетсек, Казакстанда да бир нече күн электр станциялары иштеп жатат. 2016-жылы Астана шаарында 50 мегаваттык станция ишке берилээри айтылып жатат. Жапониядагы Фудзисава шаарында болсо энерго эффективдүү үйлөрдүн району салынууда.

“Келечек шаарчасы” короткон жалпы кубаттуулуктун 30 пайызын алтернативдүү энергия булактары камсыз кылат. Ал эми тиричиликте колдонгон суунун 30 пайызын жаан суусу түзөт. Фудзисава борбор калаа Токиодон бир сааттык жолдо орун алган, аянты 19 гектарды түзөт. Ал эми курулуш жумуштарына 1,5 млрд. доллар сарпталат.

Бир нече жыл мурун бул аянтты дүйнөгө белгилүү "Панасоник" компаниясы ээлеп турган. Кийинчирээк "Панасоникке" ээлик кылган "Матсушита электрик" корпорациясы өзүнүн негиздөөчүсүнүн 120 жылдыгына карата бул аянтты бошотуп, “Келечек шаарчасын” салууну пландаштырган эле.

Салынып жаткан ар бир үй бардык жаңы технологиялар менен камсыздалган. Түнкү маалда үйдүн ичин жана көчөнү жарык кылып турган шамдар электр тогун үнөмдөөчү светодиоддор менен иштейт. Тиричилик жабдыктардын көбү уюктук телефон аркылуу башкарылып, иш тартиби электр тогун үнөмдөөгө багытталган.

Коомдук транспорт катары шаарчада электр унаалары колдонулат. Унаалар бош болбосо, электр велосипеддер да бар. Андан тышкары ар бир үй жалпы коомдук порталга же интернет баракчасына кошулган. Ал порталда жашоочулар кошуналары менен күнүмдүк суроолорду чечип, ар кандай сунуш, пикирлерин айта алат.

Жапониянын өкмөтү бул долбоор менен чектелип калбастан, Фудзисава шаарын толугу менен “Келечек шаарына” айландырууну көздөп турган чагы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG