Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстанда мектеп окуучулар арасында өз жанын кыйгандар эмне үчүн көбөйүп жатат? Өткөн айда Ош, Нарын облусунда эки өспүрүм жанынан кечсе, 1-майда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда 8-класста окуган кыз өз жанын кыйды.

Өз өмүрүнө кол салуу көрүнүшүн изилдеген психологдор башкы себеп жакырчылык десе, дин кызматкерлери азгырыкка алдыруу деп баалашат. Чынында мындай кейиштүү көрүнүштүн түпкү себеби эмнеде?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги саны мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикова, психолог Самат Алканов жана Билим берүү министрлигинин мектеп, мектепке чейинки иштер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева катышты.

“Азаттык”: Чынара айым, сиз үй-бүлө жана балдар маселеси менен алектенип келе жаткан адис катары айтсаңыз, кийинки кезде жаш өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар саны эмне үчүн арбып барат?

Чынара Термечикова: Өспүрүмдөрдүн жанкечтиликке барышынын башкы себеби - балдарды чоңдордун түшүнө албай калышы болууда. Мисалы, өспүрүмгө көңүл бурулбай калганда өзүнө көңүл бурдуруу үчүн же башка бирөөгө ким экенимди далилдейм деген кыязда барышы мүмкүн. Же сырт келбетине ыраазы болбогондо, айыкпас ооруга дуушар болуп калганда жанын кыят. Жалпылап айтканда, өспүрүмдөрдүн муктаждыктары канааттандырылбай калганда жанынан кечет. Ал эми өспүрүм курактагылардын негизги муктаждыгы - өз теңтуштарынын арасында кадыр-барктуу же теңата болуусу. Ушул учурда ата-эненин да, мугалимдердин да айткандарын бала эске албай калат, сүйүүгө дуушар болот. Ошол учурда бедели түшүп, шагы сынып калса бала жанкечтиликке барат же башка психологиялык кыйын абалга кептелет.

Быйыл жыл башынан бери жанын кыйган балдардын саны 40тан ашып кетти. Анын себеби, үй-бүлөдө балдардын зордук-зомбулукка кабылышы болууда.

“Азаттык”: Гүлшан айым, акыркы жылдагы статистикага карай турган болсок, өлкө боюнча өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны жылына орто эсеп менен 100-125ке чейин жетип калыптыр. Социалдык тармактардагы талкууда көп адамдар мектепте тарбиянын жоктугу, тактап айтканда эртеңки күнгө ишеними күчтүү инсанды тарбиялоо жоктугунан ушундай кадамга барып жатышат деп билим берүүгө кине коюшат экен. Министрлик буга макулбу? Деги мындай көрүнүштүн себебин эмнеден деп ойлойсуздар?

Гүлшан Абдылдаева: Бул маселе 2010-жылы аябай катуу көтөрүлгөн себеби, ошол учурда бир жылда 150 бала жанын кыюуга барган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектептерге социалдык педагогдорду киргизгенбиз. Анын натыйжасында кийинки жылы бир жылда өз жанын кыйган баланын саны 96га чейин кыскарган. Бирок, быйыл жыл башынан бери жанын кыйган балдардын саны 40тан ашып кетти. Анын себеби, үй-бүлөдө балдардын зордук-зомбулукка кабылышы болууда. Анткени, көп ата-энелер балдарын бирөөлөргө таштап миграцияга кетишкен. Балдар өз жанын кыюуга мектепте эмес, үйүндө же каникулда жүргөндө барып жатышат.

“Азаттык”: Самат мырза, КМШдагы окумуштуулар, психологдордун көбү өз жанын кыюуга барган балдардын көбү жакыр, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары, түпкү себеби материалдык жетишпегендик жана акча табуу менен алектенген ата-эненин балдарга мээриминин жоктугу деген бүтүмгө келишкен. Кыргызстандагы көрүнүшкө психолог катары сиз кандай баа бересиз?

Самат Алканов: Бул көрүнүштүн түпкү себептерин иликтей келгенде социалдык-моралдык фактор абдан зор роль ойнойт. Бирок булардын эң башкы башаты үй-бүлөгө барып такалат. Анткени, үй-бүлөдө туура эмес эмоционалдык абал же жаңжалдар болушу мүмкүн. Ошол абал балада алдын ала турмуштук бир сценарийди пайда кылат. Мисалы, ата-энеси “сен төрөлгөндөн баштап биз кыйналдык”, “сен кандай жаман баласың”, “сен үчүн иштеп мен кыйналдым” деген сөздү кайта-кайта айта берсе балада “сен жашабай эле кой, проблеманын баары сенден башталган” деген түшүнүктү пайда кылып коюшу мүмкүн. Ошондо бала мен үчүн кыйналып жатышат, кыйнабай эле жок болоюн деген жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Мына ошондон тарта бала абдан кыйналат, эч кимге оюн айта албай жүрүп, акыры жанын кыюуга барат. Мисалы, чоңдордун арасында жанкечтиликке барам деген 10 адамдын бири чын эле жанын кыйса, балдардын арасында 50 аракеттин бири гана ишке ашат экен. Демек, бала көңүл бурууга муктажтыгын ушуну менен көрсөткүсү келет. Ошон үчүн балага ата-эненин жакшы мамилеси гана зарыл.

Чынара Термечикова: Туура, жанкечтиликке баруунун башкы себеби - баланын жандүйнөсүнүн жаракат алышы. Жаракат алуу ар кандай үй-бүлөдө болушу мүмкүн. Ошол учурда баланын абалын туура түшүнүп, колдоо болсо бала ошол абалдан чыгып кете алат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG