Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

"Паспортуңуз табылды, сүйүнчүсү үч миң сом..."


Телефон шылуундары негизинен абакта отургандар экени айтылып келет.

Телефон шылуундары негизинен абакта отургандар экени айтылып келет.

Кыргызстанда чөнтөк телефон аркылуу шылуундарга акчасын алдатып ийген жарандардын саны азая элек.

Ушул айда Бишкек тургуну Максаттын иниси телефон аркылуу шылуундарга алданган. Ага белгисиз бир номурдан ноутбук утуп алдың деген кат келген:

- Иниме бир номурдан ушундай моделдеги ноутбук утуп алдың деп СМС жиберишет. Ал сүйүнүп кетип эч ким менен акылдашпастан айткан номурга 800 сом бирдик салыптыр. Алдамчы чалган номур MegaCom уюлдук операторуна карагандыктан, алар менен байланышып, бул тууралуу кабарладым.

Кийинчерээк ал номур аркылуу Оштогу убактылуу кармоочу жайлардын биринен чалуу болгону билинген.

3 миңге бааланган “документ”

Биз Интернеттеги сайттардын бирине документ жоголгондугу тууралуу маалымат жарыялап, сүйүнчүсүнө бир топ акчаны жазып, атайын эксперимент кылып көрдүк. Жарым саат өтпөй жоголгонду таптым деп жашыруун номур менен өзүн Эркин деп тааныштырган жигит чалды:

- Саламатсызбы, Албина Аскарбековасызбы? Мен сиздин паспортуңузду таап алдым. Бирок азыр алыстамын. Сиз мен айткан номурга 200 сом бирдик салып койсоңуз, эртең алып келип берем.

"Боорукер адам" менден шек санап калдыбы, айтор төрт-беш суроодон кийин телефонун өчүрүп салды. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чалып, “мындай номур жок" деген жоопту уктук.

Көп өтпөй ойлоп чыгарган ат менен документ издеген жарыя боюнча дагы бир белгисиз адам чалып, укук коргоо органдарына кабарлабай, үч миң сом берип, документинди алып кет деди:

- Албина сиздин паспортуңуз менде. Бирок аны сиз жоготпой эле, уурдатып алыпсыз. 3 миң сом берсеңиз, документиңизди өзүңүзгө кайтарам.

- Менин паспортумду кимдер уурдаптыр, баса, сиз аны каяктан алдыңыз?

- Менин “инилерим” уурдап алышыптыр. Мен айткан сүйүнчүгө макул болсоңуз, укук коргоо органдарына билдирбей, мен айткан дарекке акчаны алып келиңиз да, паспортту алып кетиңиз.

Абакта отурганы да, иштегени да алдайбы?

Акыркы учурда шылуундар арасында "жакындырың кырсыкка кабылды" деп алдагандар көбөйгөн. Эл арасында бул "жамандык жарчылары" темир тор артында отургандар деген пикирлер арбын.

Байкоочулардын баамында, көбүнчө абактан чалгандар акчаны кайсы бир банктагы эсепке, дарекке жөнөтүүнү же кайсы бир кишиге берүүнү талап кылышпайт. Болгону башка телефонго бирдик которуу же бөлөк бир номурга акча салууну сурашат. Түшкөн бирдикти акчага айландырып алуу же башка номерге которуу кыйынга турбайт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, телефон аркылуу алданып кайрылгандар быйылкы жылы дээрлик жок. Алдангандар болсо дагы көбүнесе укук коргоо органдарына арыз жазышпайт. Аталган башкармалыктын маалымат катчысы Бакыт Сейитов алдамчылар арасында мамлекеттик кызматкерлер да болгон фактылар такталгандыгын айтты:

- Буга чейин телефон аркылуу алдоо фактысы боюнча төрт адамды кармаганбыз. Алардын бири түрмөдө иштеген кызматкер болуп чыккан. Абакта отургандарга телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыюу салуу боюнча бир топ иш-аракеттер кылынып жатканына карабай, кызматкерлер шылуундар менен чогуу алдаган учурлар да болуп келет.

Ишенүүдөн мурун текшер

Кыргызстандын мыйзамдары эркинен ажыратылган адамдарга чөнтөк телефон колдонууга тыюу салат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жабык жайларда 10 миңге чукул адам жатат. Өлкө боюнча 11 түзөтүү колониясы, 6 тергөө абагы жана 14 жатак абагы бар. Бирок учурда эки гана абакта байланышты басаңдатуучу аппарат орнотулган. Калгандарында жок. Бул жагдай эркинен ажыратылгандардын басымдуу бөлүгү жашыруун жолдор менен телефон колдоно алышат дегенди билдирет. Эгер телефондун мүмкүнчүлүктөрү туура келсе, байланыш бар жерде интернетке да кирсе болоору маалым.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Толубай Жакишев тергөө абактарында гана телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилерин, ошондой эле бай-байма атайын текшерүүлөр болуп турарын билдирди:

- Кээде абактарда уруксат берилбегендигине карбай, телефондор пайда болгон учурлар болот. Атайын текшерүүлөрдү жүргүзүп, телефондору алынат.

Буга чейин байланышты басаңдатуучу каражаттарды орнотуу демилгеси бир нече жолу көтөрүлүп келген. Бирок жаза аткаруу кызматы абактарга атайын аппараттарды орнотууга азырынча каражат жетишсиз экенин билдирүүдө.

Андыктан, байкоочулар белгисиз номурдан чалгандар эмне айтпасын, адегенде маселенин чын-төгүнүн тактап алуу керек деп кеңеш беришет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG