Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Бишкекте соңку кездери мекеме-ишканаларга телефон чалып, имаратка бомба коюлганы тууралуу жалган кабар тараткандар көбөйдү.

Мурда мындай чалууларга шектелип жумушсуз жүргөндөр же жөн эле тентектик кылган өспүрүмдөр кармалса, эми аттуу-баштуу уюмда иштегендер да “телефондогу террорист” атыга баштады. Коркутууга шектелип кармалгандарга кандай жаза колдонулганы тууралуу так маалымат жок. Адистер мындай учурлар мурда деле көп болгонун, коомчулукту дүрбөлөңгө салбоо үчүн ачыкка чыкпай келгенин айтышат.

Абройлуу уюм башчысынын опузасы

Телефон чалып, бомба жарылат деп коркуткан акыркы факт Бишкек шаарында 24-сентябрда катталды. Белгисиз киши “Арзу” кафесине байланышып, имаратка жардыргыч зат орнотулганын кабарлаган. Коңгуроо каккан адам көп өтпөй эле кармалды. Ал Кыргыз-орус экономикалык кеңешинин аткаруучу директору, Орусиянын жараны Болот Дүшалиев экени айтылууда. Шектүү атайын кызматка сурак берип жатып буларды билдирген:

Болот Дүшалиев экени айтылган адам. УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.

Болот Дүшалиев экени айтылган адам. УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.

- 24-сентябрда кафеге чалып, бомба коюлганы тууралуу кабарлагам. Бул аракетим мыйзам бузуу болуп саналат жана буга жаза колдонулушу керек. Кыргызстандыктарды мындай кадамга барбоого, акмакчылык кылбоого чакырам.

Маалыматтарга караганда, Дүшалиев көпкө көңүл ачып отуруп калган жакындарын эртерээк чыгаруу максатында кафенин администрациясына телефон чалып, "бомба" тууралуу кабарлаган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери ушундай мүнөздөгү чалуу төрт жолу катталып, баары жалган болуп чыккан.

14-мартта да ушундай кабардын айынан Кожомкул атындагы спорт сарайында мелдеш үзгүлтүккө учураган. Эр таймаш боюнча беттеш башталайын деп калган кезде белгисиз киши коңгуроо кагып, спорт ордосуна жардыргыч зат орнотулганын билдирген. Дүрбөлөңдөн улам, таймаш токтотулуп, күч кызматкерлери бомбаны жана ал тууралуу кабар берген адамды издей баштаган. Аягында шектүү кармалып, ал жөн эле “ойноп” чалып койгонун билдирген. Эр таймаш эртеси күнү уланып, тартип сакчыларынын тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн.

Эки жыл мурун “Бишкек-Парк” соода борборунда бомба бар экени тууралуу телефон чалуу болуп, имараттагылардын баары сыртка чыгарылып, саперлор менен кинологдор жардыргыч зат издеп убара тарткан эле. 2012-жылы “Бета-Сторес” соода борборуна ушундай өңүттөгү эки чалуу болгон.

Расмий кабарларга ылайык, мындай окуялардын дээрлик баары баш калаада орун алат. Аймактарда телефон чалып, коркутуу катталган учурлар жокко эсе.

Учурунда шектүүлөрдүн баары колго түшкөнү тууралуу маалымдалганы менен сот аларга кандай чечим чыгарганы белгисиз бойдон калып келет. Жогорку Соттун адистери мындай окуялар чанда гана болгондуктан, аларга чыгарылган чечимдер өзүнчө сакталбастыгын, аныктап чыгууга бир топ убакыт керектигин билдиришти.

“Телефон террорчулугу” жаңы көйгөй эмес

Күч түзүмдөрүндөгү маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда “телефон террорчулугу” күч алган учур 2011-жылга туш келген. Ал жылы коомдук жайларга бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча сегиз факт катталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкуловдун айтымында, мындай абал соңку жылдары эле жаралган жок. Тээ башынан бери эле бомба тууралуу кабарлаган коңгуроолор көп болгон, бирок ал элди дүрбөлөңгө салбоо максатында ачык айтылган эмес.

- Айрыкча, чоң саясий өнөктүктөр учурунда тигил же бул жерге жардыргыч зат орнотулганы тууралуу чалып, коркуткан учурлар көп катталчу. Элди коркутпоо максатында күч тармагындагылар окуя боюнча тымызын териштирүү жүргүзчү. Азыр маалымат доорунда жашап калдык. Адамдар арасында кабар алмашуу өтө ыкчам, окуяны жаап-жашырууга мүмкүн эмес. Менимче, коомчулукка өз убагында маалымдап турган жакшы. Бул ар кандай ушак-айыңдын алдын алуу болуп саналат.

Иллюстративдик фото

Иллюстративдик фото

Кылмыш-жаза кодексиндеги 228-беренеге ылайык, коркутуу өңүтүндө жалган маалымат тараткандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат жана айып пул салынат.

“Телефондогу террорчулук” Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде тартип сакчыларынын баш оорусу болуп келүүдө. Быйыл 9-июлда АКШ конгресси жайгашкан Капитолийге бомба орнотулганы тууралуу белгисиз бирөө телефон чалып, ал кабар калп болуп чыккан.

Батыштын көп мамлекеттеринде коомго коркунуч алып келген жалган маалымат үчүн 10-25 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бейбаштык же оору...

Психологдордун ырастоосунда, кимдир бирөөдөн өч алгысы келип, айласын таппай жүргөндөр ушундай кадамга барат. Айрыкча, чоң кишилердин мындай жоругу психикалык оорунун белгиси катары мүнөздөлөт.

Айрым учурда телефондон жалган маалымат берген адамды пранкер деп да аташат. Ал “телефондогу обужоктук” дегенди түшүндүрөт.

Өткөн жылдан тарта Кыргызстанда бирдиктүү куткаруу кызматынын 112 ыкчам номуру иштей баштаган. Анда отурган операторлор чалуулардын 95 пайызга жакыны жалган экенин айтып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG