Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Шамалды-Сайда көп балалуу аял диний экстремизмге айыпталып соттолду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Таш-Көмүр шаардык соту диний кастыкты козутуу беренеси менен 45 жаштагы Наргиза Тажибаеваны 8 жыл сегиз айга эркинен ажыратты. Жалал-Абад облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн ага өкүлү Дастан Турдукуловдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 2015-жылы аялдын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремизм багытындагы китеп жана дептер табылган. Теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголуп, баракчалар “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмга тиешелүү экендиги аныкталган. Тажибаева Шамалды-Сайдагы Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө аялдар канатынын активдүү мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат,- деп билдирди Турдукулов.

Ал эми соттолгон аялдын кызы Назира Тажибаева тинтүү мыйзамсыз жүргүзүлүп, диний жазуулары бар китептер атайылап ташталганын айтып: "Шаардык сот 3-класста окуган иним бардыгын эске албай апамды камакка кести, апам андай жолго барган эмес", - деди.

Наргиза Тажибаеванын 7 баласы бар. Үч кызы турмушка чыккан. Төрт баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан, жолдошу менен бир топ жыл мурун ажырашып кеткен.

Облус аймагында учурда Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик уюмуна мүчө катары 530дан ашык адам каттоого алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG