Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Белградда жаңы курулуш долбооруна каршы чыгышты


Белграддагы жөө жүрүш.
Белграддагы жөө жүрүш.

Сербиянын борбору Белградда миңдеген адамдар талаштуу курулуш долбоорун ишке ашырууга жана ал үчүн имараттарды бузууга каршылык билдирип чыгышты.

Аны “Белградды чөктүрүп жибербе” аттуу жарандык топ уюштурду. Чогулгандар апрель айында Савамала районундагы имараттардын бир түндө уратылганын иликтөөнү талап кылышууда. Алар Белграддын шаардык кеңешинен баштап Башкы прокуратуранын имаратына чейин жүрүш жасашты.

Мамлекет колдогон жаңы планда Белграддын Сава дарыясынын боюна жаңы кеңселерди куруу мерчемделген. Ага каршы чыккандар бул кадам жергиликтүү бизнес жана коомчулукка кедергисин тийгизет дешет.

XS
SM
MD
LG