Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Кыргызстанда сурма кени боюнча он лицензия берилген. Бирок ушул тушта жүйөлүү -жүйөсүз себептерден улам бир дагы кен казылбай турат.

Кыргызстанда Советтер союзунун тушунда казылган, бирок 90-жылдары жабылып, ушул тушта жергиликтүү тургундар өздөрү эле казып жаткан сурма шахталары бар. Мындай шахталарда коопсуздук сакталбагандыктан адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар болуп турат.

Өткөн айда Жалал-Абаддагы Чаткал районунун Терек-Сай аймагында сурма казып жаткан үч адам газга ууланып жан берген. Алардын бири, терексайлык 34 жаштагы Үмөталы Жаркулов. Жаркуловдун жубайы Гүлфира кенедей эки баласы менен жесир калды:

- Бейажал өлдү да. Жакшынакай эле жумушка кеткен. Кечки жетилерде газга ууланганын айтышты. Эси ооп калса жакшы болуп кетер деп отурганбыз. Буга чейин деле ошол сурманын айынан бир канча кырсык болгон. Бирөөнүн башына таш кулап өлдү, камалып калды, колу сынды деп кабар келчү. Ошондо деле буга көңүл бурулган эмес. Ошондо эле шахталарды бекем жаап салганда элдин үмүтү үзүлмөк. Балдарын бакканга башка жактан каражат издешмек. Ушул окуялар болбойт эле. Сурманын баасы көтөрүлгөндө күнүнө эки миңдей сом таап келчү. Ал жакка деле күндө барчу эмес. Сурма ден соолукка зыяндуу экен, иштен келгенде тишинен өйдө капкара болуп келчү, жөтөлүп, колу-бутум ооруйт деп укалатчу.

Үмөталы Жаркулов менен кошо анын бир тууган жездеси 38 жаштагы Султанмурат Рыскулов каза болгон. Анын артында да үч бала жетим калды. Жубайы Тынара кырсыктан кийин деле бийлик көңүл бурбай жатканына кейиди:

- Бул кырсыктан кийин деле шахталарга кирип, казып жатат деп угуп атабыз. Алар деле эми жыргаганынан барып жатышкан жок да. Мамлекет же биротоло тыюу салып, же болбосо жакшылап иштетип берсе дурус болбойт беле. Биздин 17 эле сотых жерибиз бар. Болгон кирешебиз ошол. Балдарды таштап Орусияга барып иштеп келдик. Бишкекте да иштедик, талаа жумуштарына да чыктык. Күйөөмдүн эми балдардын маңдайында болобуз деген чоң тилеги, пландары бар эле...

Сурма кени. Терек-Сай.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан шахталар Советтер союзу ыдырагандан кийин эле жабылган. Бул жерде Чаткал эле эмес, Ала-Бука жана Аксы райондорунан бери келген ондогон адам сурма казат. Алардын бири, Терек-Сай айылынын тургуну Мирбек Жолдошбеков сурма казуунун түйшүгү, оош-кыйышы тууралуу айтып берди:

- Азыр жалаң татаал, кыйын участоктору калды. Кетмен менен казып, күрөк менен топурагын тазалайсың. Бир-эки КамАЗдай топурак казасың. Жакшы болуп калса, бешенеңе жазылса бир тонна деле чыгышы мүмкүн. Жок болсо казып кете бересиң, таппай да калышың мүмкүн. Эми бул лотерея ойногондой эле. Бул жакка сурма казганы Чаткалдан сырткары Ала-Бука, Аксыдан бери келишет. Бизден Кытай сатып алып жатат дешет. Биз аны билбейбиз деле. Казып келип дароо ортомчуларга өткөрөбүз. Кытайларда жаңы жыл болуп, чек ара жабылганга байланыштуу сурманын баасы түшүп кетти. Болбосо килограммы 80 сомго чейин жетип жаткан. Жеңил унааларга эле жүктөп кетебиз, үч-төрт кап батат. Бир капка жыкжыйма салсаң 180 килограмм чыгат.

Аткезчиликти токтотуу аракети майнапсыз болууда

Бактыбек Турдалиев Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы. Ал сурманы мыйзамсыз казууга тыюу салууга аракет болгонун, бирок андан майнап чыкпаганын белгиледи. Сурманы аткезчилик менен Кытайга ташуу токтомоюн, аны мыйзамсыз казуу улана берет деди ал:

- Терек-Сай айыл өкмөтүндө кошумча бир сотых да жер жок. Бул жакта мурун жалаң өндүрүштө иштешчү. “Кыргызалтындын” Терек-Сайдагы кени иштебей калды. Иштанберди да токтоп турат. Эл аргасыздан ушинтип сурма казганга барып жатат. Казбагыла, чыкпагыла деп чогулуш өткөрдүк. Бирок анда бизге башка жумуш таап бергиле, биз деле жыргаганыбыздан чыккан жокпуз дешет. Акимчилик, жергиликтүү милиция, атайын кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок дагы деле тыйылбай жатат. Шахталардын ооздорун бир сыйра бекитип чыкканбыз. Болбой эле кайра ачып алышты. Эми муну токтотуунун бир гана жолу бар. Сурма Ош аркылуу Кытайга ташылып жатат. Ошол Эркеч-Там бажы бекетин эле жакшылап карап, өткөрбөй койсо токтойт эле.

Сурма негизинен Жалал-Абаддан сырткары Баткен менен Ошто да бар. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча жалпысынан сурма казууга он лицензия берилген. Бирок азырынча бири дагы казыла элек. Аталган агенттиктин жетекчи орун басары Улан Рыскулов кендерди иштетүү боюнча сынак өткөрүү аракеттери жүрүп жатканын айтууда:

- 90-жылдары каражат жок деп бүт өндүрүштүн баары токтоп калбады беле. Ошондо сурма шахталары да жабылган. Албетте, акча болсо иштетмекпиз . Азыр эми жергиликтүү тургундар өз алдынча барып эле мыйзамсыз казып жатпайбы. Бирок ал шахталар сынактык объект деп эсептелет. Ал кендер боюнча сынак өткөрүшүбүз керек. Азыр аны өкмөт карап жатат. Чечим чыкса эле сынак жарыялайбыз. Биз азыр сынактын шарттарын өзгөртүп жатабыз. Ким утса ал ошол жакка кенди элеп ала турган фабрика салсын деп жатабыз. Мисалы, ошол Терек-Сайда эле үч кен бар.

Былтыр октябрда Чаткалдагы Кассан сурма кени боюнча аукцион өткөн. Ага төрт компания катышып, "Терек-Сай жаштары" деп аталган ишкана утуп алган. Бул компания 4,5 миллион доллар сунуштаган. 40 миң тонна сурма бар делген Кассан кени азырынча ишке кире элек.

Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев 1991-жылдан 1996-жылга чейин Кадамжайдагы сурма комбинатын жетектеп турган. Советтер союзу боюнча жападан жалгыз бул комбинат менчик колго өтүп, башкаруудагы алешемдиктерден улам иш жүрбөй, токтоп турганына кейиди. Айбалаев кесипкөй адистер болмоюнча сурма кендерин иштетүү оор болорун эскертти:

Сурма кенин өз алдынча казгандар. "Азаттыктын" 23-май, 2014-жылы тартылган видеосу.

- Советтер союзунун тушунда Кадамжай сурма комбинаты эле продукция чыгарат эле. Бул тармакка 24 жыл бою көңүл бурулган жок. 60-70 жылдары курулган нерселердин баары талкаланып кетти. Туура эмес экономикалык саясаттан, туура эмес башкаруудан, туура эмес жетекчилерди дайындоодон, туура эмес кадрлардан жалпы экономика талкаланып калды. Өндүрүштү ишке киргизүү үчүн адистер керек. Мисалы, сурма боюнча сынакта утуп алгандар иштетүү үчүн эмес, аны кайра башка бирөөгө сатуу үчүн утуп алса керек. Оор өндүрүш чоң каражат, миллиондогон доллар сарптамайын жанданбайт. Ошонун баарын эсептеп чыкканга, кайсы учурда казган пайдалуу болорун билүү үчүн да кесипкөй адистер керек. Кенди колго алгандан кийин аны иштете да билүү керек.

Чаткалда Терек-Сай аймагынан мыйзамсыз сурма казуу уланып жатат. Аткезчилик менен жүздөгөн тонна сурма Кытайга ташылып жатса дагы, Кыргызстандын бажы кызматы бир да жолу сурманы мыйзамсыз ташууну каттаган факт болгон эмес. Аны мыйзасыз казуу жана ташуу боюнча бир дагы кылмыш козголо элек. Ошондуктан бул ири киреше алып келген чоң бизнес экени, артында жооптуу кызматта иштеген аткаминерлер турары айтылып келет.

P.S. Бул макала эфирден чыккандан кийин эртеси күнү сурманын мыйзамсыз казылышы жана сатылышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев бул маселе боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады:

- Кечээ “Азаттыктан” Кыргызстандан Кытайга аткезчилик жол менен ташылып жаткан сурма боюнча көлөмдүү макала кетти. Урматтуу төрага, жалгыз эле сурма ушундай жол менен ташылып жаткан жок. Буга чейин Казакстанга алтын аралашмаларын алып кетти деген маалымат чыккан. Убагында дүркүрөгөн Кадамжай сурма комбинаты бүгүн иштебей турат. Укук коргоо органдары, бийлик муну карабай, аткезчилик жол менен Кытайга сурма чыгып жатканы тууралуу маалымат тарады. Буга ким жооп бериши керек? Бийликтин үч бутагы бар. Укук коргоо органдары буга жол берген. Муну парламенттик комиссия түзүп, иликтеп тийиштүү чара көрүлүшү керек. Чукул арада чара көрбөсөк, Кыргызстан таламайга түшүп калды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өз кезегинде бул олуттуу маселе экенин белгиледи:

- Монголиядан делегация келгенде алар кен иштетүү боюнча өз тажрыйбасын айтып берди эле. Биз мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Бүгүнтөн тарта жумушчу топ түзүлүп, үч мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Абалды түп-тамыранан бери өзгөртө турган мыйзамдар жок. Бул жумушчу топ бир ай иштейт. Биз мөөнөтүбүз кеткичекти ушул мыйзамдарды өзгөртүп кетебиз.

XS
SM
MD
LG