Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Бишкекте жарылуучу зат табылышы боюнча кылмыш иши козголду


Жарылуучу зат салынган автоунаа. Бишкек, 25-декабрь.
Жарылуучу зат салынган автоунаа. Бишкек, 25-декабрь.

25-декабрда ордо калаа милициясынын башкы имаратынын жанынан жардыргыч зат табылышы коомчулукта ар кыл суроолорду пайда кылды.

УКМК: Спорт сарайындагы жарылууга байланышы болушу мүмкүн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте жардыргыч зат табылышы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлоодо. Бул аракет террорчулукка байланышытырылып жатат. Аталган мекеменин маалымат катчысы Рыспек Быкын уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр бул иш боюнча бир нече версиялар иштелүүдө.

- Негизги версиялардын бири – бул Спорт сарайындагы жарылууга байланыштын бар экендиги. Башка версиялар да иштелип жатат. Кечээки унаанын токтолушу боюнча кылмыш иши козголду, терроризмге байланыштуу деп.

Ишемби күнү эртең менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында жарылуучу зат салынган унаа табылган эле. Белгисиз бирөөлөр токтотуп кеткен унаанын ичинде химиялык заттар менен толтурулган жана кесилген майда арматуралар салынган газ балон чыккан. Анын жарылуу күчү 7-10 кг тротилдин кубаттуулугуна барабар экендиги айтылууда.

Рахматулло Ахмедов
Ички иштер министрлигин маалымат катчысы Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиришинче, 25-декабрда эртең мененки саат бештерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүүчү кызматкерлеринин унаа коючу жерине белгисиз бирөөлөлөр кочкул жашы түстөгү «Лэнд Ровер Дискавери» үлгүсүндөгү унааны токтотуп кеткен.

- Милиция кызматкерлери унаанын айдоочусуна “бул жерге токтотууга болбойт” деп эскертүү берүү максатында унааны көздөй басканда айдоочу унааны таштап, “Карвен” клуб тарапка качып, ал жерден башка машинеге түшүп кеткен. Азыр издөө иштери жүрүп жатат.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган унаанын ичинен химиялык каражаттар менен толтурулган жана кесилген майда арматуралар салынган газ балон табылган. Анын жардыруучу бөлүгү - детонаторго байланышкан уюлдук телефон болгон. Колго жасалган бул заттын жарылуу күчү 7-10 кг. тротилдин кубаттуулугуна туура келээри айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, жардыруу эртең мененки саат сегиз жарымга, эл көбөйүп калган учурга пландалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул автоунаа Сокулук районунда жашаган чет өлкөлүк жаранга тиешелүү экендиги аныкталды. ИИМдин маалыматына караганда, 24-декабрда кечки саат сегиздер чамасында Сокулук айылында үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жаткан 42 жаштагы АКШ жаранынын үйүнө бет кап кийген белгисиз беш адам кирип келген. Алар Калашников автоматы менен үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп, үч ноутбук, бир компьютер, видеокамера, фотоаппарат, 1500 АКШ доллары, 90 миң сомду алышып, “Лэнд Ровер Дискавери” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Бул факт боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө тобу түзүлдү.

Кандай сыр катылган?

Ордо калаанын чок ортосунда, болгондо да милиция имаратынын жанында минтип жардыргыч зат салынган автоунаа көз көрүнөө ташталып кетиши боюнча учурда коомчулукта ар кыл пикирлер, божомолдор айтылууда. Маселен, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул диний багыттагы террорристтердин аракетине окшошпойт. Коркпой-үркпөй укук коргоо органдарынын жанына барып, жардыргыч заты бар унааны көз көрүнөө таштай качуунун артында күч кызматына кадимки эле чакырык жатат.

Орозбек Молдалиев
Саясат таануучу бул террорчулар менен күндүр-түндүр күрөшүп иштеп жатабыз деген аракеттердин натыйжасыздыгын ашкерелегендик деп эсептейт.

- Билдирбей коюп кетсе анда кеп башка. Келип көзүнө көрүнүп, коюп кеткени алардын укук коргоо органдарынан коркпой аракеттенип калгандыгы да. Эми муну ким жасашы мүмкүн. Биринчиден, албетте баягы түштүктөгү жайындагы окуяларга байланыштуу жасалып жаткан иш болушу мүмкүн. Бул Өзбекстан ислам кыймылы же башкалардын почерки эмес. Алар Кыргызстанга Жихад жарыялаган эмес. Бирок муну ошолордон үйрөнгөн, ошондойлор менен кызматташ болгон адамдар жасашы мүмкүн. Экинчиден, бул мурунку бийликтин кишилери болушу мүмкүн. Ошолор жалдап, атайын туруксуздандыруу аракетин ишке ашырып жатышы мүмкүн.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов азыркы кырдаалда бийликтин алсыздыгын көрсөтүү, коомчулукту коркутуу максатын көздөгөн террордук аракеттер жүрүп жатат деген ойдо. Анын пикиринде, азыр кимдин артында ким турат деген маселе эмес, ага кантип каршылык көрсөтүү керек, мамлекеттин бүтүндүгүн кантип сактап калуу керек деген маселе башкы орунда турат.
Мирослав Ниязов

- Азыркы кырдаалда ким, мурунку бийликпи, депутаттарбы, оппозициябы, бул маселелер маанилүү эмес. Бүгүн биз ушул терроризмге өзүбүз жол ачтык. 15 жылдан бери туура эмес саясат жүргүзүп жатып, анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Ким болбосун, кайсы күч болбосун, бүгүн ар бирибиз мамлекетти сактап калууга милдеттүүбүз. Мындай кырдаалда ар түрдүү күчтөр чыга берет.

Кыргызстанда 22-ноябрь күнү да 15 кг. тротилге барабар жардыргыч зат табылган. Ал Бишкек жана Ош шаарларында бир катар жардырууларды жасоо үчүн атайын даярдалганы аныкталгандыгын күч кызматтары билдиришкен. Андан бери өлкөдө мындай жардыргыч заттар жана ири көлөмдөгү курал-жарактар бир нече ирет табылды.

УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүнкү күндө бул иштер боюнча атайын схема түзүлүп, көп тараптуу жумуштар жүргүзүлүп жаткандыгын билдирип келет. Ошол эле учурда күч кызматтары жарандарды кайсы бир аймакта шек туудурган буюмдарды көргөн учурда, ал нерселерге тийбей, дароо ички иштер органдарына кайрылууга чакырууда.


Жарылуучу зат салынган унаа табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG