Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Шектелип жаткандардын тек-жайы кандай?


Бишкек четинде жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин, 5-январь 2011-жыл
Бишкек четинде жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин, 5-январь 2011-жыл

4-январда үч милиция кызматкерине ок аткан деген шек менен УКМК издөө салган алты адам ким?

Улуттук коопсуздук боюча мамлекеттик комитети 4-январда үч милиция кызматкерлерине ок аткан деген шек менен алты адамга издөө жарыялаганын кабарлаган элек. 5-январда Бишкектин четиндеги жүргүзүлгөн атайын операцияда алардын экөө жок кылынып, бирөө тирүүлөй кармалды. Калгандары издөөдө жүрөт.

Шектелгендердин үчөө Арча-Бешик жаңы конушунда жашаган

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушу. 4-январда үч милиция кызматкерине кол салды деп шектелгендердин үчөө ушул конушта жашарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдаган эле.

Чуулгандуу окуяга тиешеси бар делген 28 жаштагы Руслан Дооткуловдун Арча-Бешиктеги тамына баш бактым. Иниси Нурлан Дооткулов бар экен. Агасы Руслан искусство институтун бүтүргөнүн, компьютерге ынак болуп, программаларды орнотуп иштеп келгенин кеп салды. Ал “Руслан үй-бүлөсү менен 26-декабрда эле Египетке окуу үчүн учуп кеткен” деди:

- Компьютерге Windows, антивирус орнотуп иштеп жүргөн жигит. Бирок өзү молдо киши болчу. Мечитке, жума намазга барып, беш маал намаз окуп, түз жүргөн эле бала. Биз кантип мындай болгонун деле түшүнбөй жатабыз. Азыр сыналгыдан "үч милициянын өлүмүнө шектүү" деп берип жатат. Бул кечээ болгон окуя болуп жатса, байкем 26-декабрдан бери Египетте болсо... Ал азыр Египетте.


Милиция кызматкерлерине ок атылган Бишкекттеги 16-кабаттуу үй, 5-январь 2011-жыл
“Руслан Дооткулов маал маалы менен мечитке келип турчу”,-деди Арча-Бешик жаңы конушундагы мечиттин имамы Абдымухаммед Маматкулов. Бирок элден бөтөнчөлөнүп, намаздын башка түрүн окуганын айтат имам:

- Ал жигитти мен сырттан таанычумун. Ошол Арча-Бешикте турат. Биздин мечитке келип өзүнүн намазын окуп эле кайра кетчү. Ал менен көп деле сүйлөшүп маек курган эмеспиз. Бирок окуган намазы имамазам масхабына дал келбегени байкалып турчу. Анын кайсы намазды окуганын так билген эмесми
н.

Бул окуяларга катышы бар деп шектелген дагы бирөө Данияр Кадыралиев 1976-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган. Аталган айыл өкмөттүн катчысы Равит Кожомуратов Данияр он-он эки жыл мурда эле Бишкекке кеткенин маалымдады.

- Мунун ата-энесин жакшы тааныйм. Атасы жогорку билимдүү, башкы инженер болуп жүргөн адам. Элдин айтуусу боюнча бул бала намазга жыгылган, түз жолдо жүргөн бала экен да.

Изделип жаткандардын баары кыргыз

Дагы бир Миң-Куштун баласы Азим Султанкулов да милициялардын өлүмүнө шектелип жаткандардын бири. 25 жаштагы Султанкулов болжолу жети жыл мурда Чүй бооруна үй-бүлөсү менен көчүп кеткен экен. Айыл өкмөттүн катчысы Равит Кожомуратовдун айтымында, Азим Султанкулов жакында Миң-Куштагы мечиттин курулушуна демөөрчү болуп, ачылышына келип кеткен:

- Болжол менен бир ай мурун ашар жолу менен Миң-Кушта мечит курулган. Султанкулов да ошого келип демөөрчү болуп кеткен экен.

Бишкек четинде жүргүзүлгөн атайын операция, 5-январь 2010-жыл
Чекисттер издеп жаткан Кайрат Салиев 1981-жылы туулуп, Бишкек шаарында жашап келген. Анын таежелеринин бири Рая Нургазиева Кайраттын Кореяда окуп келгенин, динге жакындыгын айтып берди:

- Корейлер менен көп жылдардан бери иштейт. Кореяда окуп келген. Өзү билимдүү жигит. Анан мындай нерсеге барбаса керек деп мен өзүм таң калдым да. Балким намаз окуп мусулманчылыкта жүргөнү үчүн шектүү деп атса керек. Эми булар такталат да.

УКМКнын маалыматына ылайык издөө жарыяланган Советбек Исламов 1972-жылы Чүй боорунда төрөлгөн. Бишкектин четиндеги 5-январдагы операцияда кармалды деген Эдил Абдрахманов 1986-жылы туулуп, Аламүдүн районун Көк-Жар айылында жашап келген.

Байкоочулар милиция кызматкерлерине кол салды деп шектелип жаткандардын бардыгы кыргыздар жана баары өлкө түндүгүнөн чыкканын баса белгилөөдө. Буга чейин мындай окуяларга адатта башка улут өкүлдөрүнүн катышы болуп, негизинен түштүк жактан чыкчу дешет. Учурда шектелип жаткандардын эң улуусу 41 жашта болсо, эң жашы 25те. Алардын жакындары белгилегендей, булардын дээрлик бардыгы намаз окушчу экен.

Ички иштер министрлиги издөө салынган адамдар милиция кызматкерлеринин өлүмүнө, Бишкек Ички иштер башкармалыгынын алдында унаа жардыруу аракетине жана Сокулуктагы АКШ жаранына кол салууга тиешеси бар деп жарыялашкан.

Беш-Күнгөй айылында террорго каршы чара өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG