Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Сирияга кеткен балакайлар


Сириядагы казак жихадчыларынын балдары тууралуу тасмадан алынган сүрөт
Сириядагы казак жихадчыларынын балдары тууралуу тасмадан алынган сүрөт

Кыргызстандан согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракка кеткендердин 135и балдар экени белгилүү болду. Жогорку Кеңеште экстремисттик-террордук иш-аракеттерге аралашкан жеткинчектерди да жоопко тартуу сунушталууда.

Жогорку Кеңеште экстремисттик-террордук аракеттер үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анын алкагында диний-экстремисттик күчтөргө байланышып, алардын иш-аракетин жайылтууга катышкандарды 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартуу жобосу каралган.

Кыргызстандан согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракка кеткендердин 135и балдар экени белгилүү болду. Мындай маалымат 28-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кеткен кыргызстандыктардын арасында 14-15 жашка толо элек өспүрүмдөр да көп экенин маалымдашты.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Сирия жана Иракта он жашка толо элек 85, 14 жашка чейинки 25 бала, 16 жашка чейинки 11, ал эми 18 жашка толо элек төрт улан-кыз бар.

Азгырыкка мыйзам бөгөт койо алабы?

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Кыянбек Сатыбалдиев сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда Кылмыш кодексине террорчулук ишти каржылоо, экстремисттик кылмыш жасоого чакыруу, тартуу же аны жасоого көмөк көрсөтүү, чет жердеги куралдуу кагылыштарга катышуу жана экстремисттик даярдыктан өтүү деген кылмыштын түрлөрү киргизилген. Мындай иш-аракетке аралашкан жарандарга шарттуу түрдө соттолуу, шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу, жазанын өтөй элек бөлүгүн жеңил түрүнө алмаштыруу, балалууларга жазаны өтөөнү кийинкиге калтыруу өңдүү жеңилдиктер берилбейт. Алар жазасын толугу менен тартат.

Сунушталган мыйзамга ылайык, бул кылмыштар боюнча жарандар 14 жаштан баштап жоопко тартыла баштайт. Кыянбек Сатыбалдиев бул жобо өспүрүмдөрдү ар кандай диний-радикалдык агымдардын азгырыгынан сактап калуу үчүн киргизилгенин белгилейт.

- Мен деле келечекти ойлоп жатам. Мисалы, он бала ушул жобо менен жаза алса, бул башка миңдеген балдарга чектөө болот. Алардын аң сезиминде “мындай жолдорго барбаш керек, мамлекет керек экен, акча таратып элдин арасында ар кандай үгүт жүргүзүүгө болбойт экен, ар кандай кооптуу адабияттар, материал, дисктерди, китептерди таратууга болбойт, мыйзам катуу экен, камалып кетет экенбиз, андан көрө мындан алыс бололу” дегендей түшүнүк пайда болот. Сестенип калышат. Биз бул жобону дагы иликтеп, анализдейбиз.

Азыркы мыйзам боюнча 16 жаштан өткөндөр гана жоопкерчиликке тартат. Экстремизм жана терроризм кылмыштары боюнча жазаны катаалданткан мыйзам долбоору бул күндөрү Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып жатат. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин мүчөсү, депутат Садык Шернияз негизинен мыйзамды колдой турганын, бирок кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартуу демилгесине караманча каршы экенин билдирди. Ал диний түшүнүгү толук калыптанбаган, ак-караны айырмалай элек курактагы өспүрүмдү камап салуу анын келечегине балта чапкандык менен барабар деп эсептейт.

- Менимче, мыйзамдын бул жобосу өтпөйт. Анткени 14 жашка толду деп эле биз жеткинчектерди жоопко тарта баштасак, анда биз гумандуу мамлекет болбой калабыз. Ошондуктан биздин комитеттин дээрлик бардык мүчөлөрү каршы болушту. Кечээ аябай кызуу талкуу болду.

Өспүрүмдөр курал болууда

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салимовдун айтымында, радикал топтор үчүн өспүрүмдөр алардын ойлогон максатын ишке ашырып берүүчү негизги курал. Муну бели ката элек, курал кармаган тестиер балдардын көз ирмебей туруп адам өмүрүнө кол салган учурун чагылдырган интернеттеги видеоматериалдар тастыктайт.

Салимов өспүрүмдөр үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү менен алар кириптер болгон жагдайдар өтө дыкат иликтениши керек деген ойдо.

- Изилдегенден кийин гана чара көрүш керек. Анан "бул согушка барып келиптир" деп, 15-20 жылга камаган туура эмес болуп калат. Бирок жалпысынан мыйзамды күчөтүп, булар менен идеология жаатында иштеш керек. Чынын айтканда согушка баргызбай, бул жакта жүргөндө токтотконго аракет кылыш керек. Барып келгенден кийин кыйыныраак болуп калат.

Салимов бүгүнкү күндө күч түзүмдөрү менен дин башкармалыгынын биргелешип жасаган профилактикалык иштери дагы жыйынтыгын берип, азгырылгандардын толкуну азайып баратканын айтат.

Жаштарга дин тууралуу жеткиликтүү, туура маалымат берүү менен аларды ар кандай коркунучтардан сактап калуу мүмкүнчүлүгүн Орусиянын Хабаровск шаарындагы Темир жол окуу жайынын мугалими Андрей Стецюк да белгилейт. Быйыл бул окуу жайы бир нече кыргызстандык өспүрүмдү кабыл алган. Мындан улам өз мекенинде гана эмес, Орусиянын аймагына келип, радикалдардын азгырыгынан улам Сирияга кетип жаткан жарандар тууралуу кабардар мугалим жаңы келген балдарды Кыргызстандын муфтийи менен телекөпүрө аркылуу байланыштырып, дин боюнча талкуу уюштурган.

- Кыргызстандын студенттерин алгачкы жолу чакырдык. Алар мусулмандар да. Анын үстүнө Сирияга Орусиядан кетип жаткандар туурасында укканыбыз бар. Балдар болсо жаш, бат азгырылып, алданып калышпасын деп ушундай чара көрдүк. Алар кызыктырган суроолорунун баарын муфтийге берип жатышты. Эң негизгиси дин туурасында так маалымат алса, азгырылуу коркунучу азыраак болот деп ойлойм.

ИИМдин маалыматы боюнча ушул тапта Сирияда 135 кыргызстандык өспүрүм жүрөт. 10-18 жаш курактагы өспүрүмдөрдүн арасынан 71и кыздар, 65и эркек балдар. Алардын ата-энесин ээрчип кеткендер жана көзмө-көз же интернет аркылуу туура эмес идеологияга сугарылгандар. Ал эми жалпы Кыргызстандан Сириядагы, Ирактагы куралдуу кагылыштарга катышып жүргөндөрдүн саны 500дөн ашуун.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG