Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Лондондогу экономика жана тынчтык институту 162 мамлекеттин арасында “Терроризмдин глобалдуу рейтингин” чыгарып, анда Кыргызстанды 86-орунда деп атады.

Бул иликтөөдө Кыргызстан кошуна Түркмөнстанга, Өзбекстанга караганда терроризмдин запкысына көбүрөөк кабылып жатканы айтылат. Терроризм коркунучун алдын алуу, күрөшүү боюнча өкмөт кандай чараларды көрүп жатат, жаштарды радикал аракеттерден кантип сактап калабыз, диний уюмдардын орду кандай болушу керек, дагы ушул сыяктуу маселелер “Арай көз чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга Коргоо кеңешинин кызматкери Марат Төрөбеков, Ички иштер министрлигинин Терроризмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Рат Турусбеков жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов ажы катышты.

Марат Төрөбеков: Биздин жарандардын Сирияга жана башка жактардагы согуштарга катышып жатышынын көп себептери бар. Айталы, жарандардын социалдык-экономикалык жагдайы, жаштардын дин боюнча сабатынын төмөндүгү, жумушсуздук негизги себеп болууда. Тилекке каршы, социалдык жактан жетиштүү жарандардын балдары деле кетип жатат. Бул маселенин олуттуулугу ушул - бир жыл ичинде эки жолу Коргоо кеңешинин отуруму болду. Терроризм маселеси кабыргадан коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү профилактикалык тапшырмалар берилген.

Рат Турусбеков: Терроризм менен күрөшүүдө күч органдарында түшүнүүчүлүк, биримдик, тыгыз кызматташтык бар. Бул көйгөйдү жеңүүгө баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Мисалы, кечээ 17-ноябрда Кара-Суу районундагы мектеп окуучуларынын терроризмге каршы акциясы болду. Азыр бизде эл арасында түшүндүрүү иштери ар тараптуу жүрүүдө. Мындан сырткары терроризмге кириптер болгондор үчүн жазаны күчөтүү зарыл, мамлекетте бул жаатта катуу тартип керек. Президент, өкмөт башчы да бизге катуу талаптарды коюуда.

Эргешов Акимжан ажы: Кыргызстанда бүгүнкү күндө ислам багытында Ислам университетин кошкондо жогорку, орто билим берген 70 окуу жайда жалпы 6 миң 500 окууучу билим алып жатат. Аларга Уламалар кеңешинин чечими менен бирдиктүү окуу планы бекитилип берилген. Сабактар исламдагы ханафий-масхабына негизделип өтүлөт. Биз тараптан көзөмөл катуу, башка бир жаман жактарга азгырылган учурлар, чектен чыккан көз караштар болгон жок.

Рат Турусбеков: 2015-жылы январдан баштап мектептерде, окуу жайларда муфтият, жергиликтүү бийликтер менен мурдагыга караганда тыгыз иштеп жатабыз десем болот. Кыргызстанда дин иштери боюнча концепция кабыл алынган, биз аткара турган милдеттер анда көрсөтүлгөн. Биз бир топ сунуштар менен чыгып жатабыз, жакын арада элдин талкуусуна коюлат деп ойлойм.

Марат Төрөбеков: Терроризм менен күрөшүү, аны жеңүү жалгыз эле Коргоо кеңеши, Коопсуздук комитети, Ички иштер министрлигинин колунан келбейт. Элибиздин аң-сезимине тереңдетип, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштер болууда, тапшырмалар берилген. Муфтият менен да тыгыз иштер жүрүүдө.

Эргешов Акимжан ажы: Биз бул маселе менен күрөшүүдө адамдардын сырткы келбетине басым жасап күрөшпөй, ички дүйнөсүнө, акылына, билимине таасир бере тургандай иштерди жасашыбыз керек. Азыр Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгы, президентке караштуу дин комиссиясы жана муфтият менен чогуу тыгыз иштер колго алынууда, жакшы натыйжаларга жетишип жатабыз десек болот.

Лондондогу экономика жана тынчтык институтунун иликтөөсүндө 2000-жылы терроризмден өлгөндөр, жабыр тарткандардын саны 3 миңден ашса, 2014-жылы эле терроризмдин соккусу 32 миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Терроризмдин кесепетинен дүйнө эли 2014-жылы 52 миллиард доллардан ашуун чыгым тарткан. Аталган институттун маалыматында 2014-жылы Нигериядагы “Боко харам” деген террордук уюмдун колунан 6,5 миңден ашык адам ажал тапкан. Акыркы жылдары Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттердин айынан 200 миңден ашуун адам өлгөн. Терроризмдин очогу деп Ирак, Сирия, Ооганстан, Пакистан жана Нигерия мамлекеттери аталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG