Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Теракт даярдагандардын аты аталды


16-июлдагы операциядан кийин
16-июлдагы операциядан кийин

Бишкектеги антитеррористтик операцияда жок кылынгандардын жана кармалгандардын айрымдарынын ысымдары белгилүү боло баштады.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жоочулар катары жарыяланган тизмени тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Ошол эле кезде атайын “Альфа” тобу менен бир жарым сааттай ок атышуу учурунда жок кылынгандардын жакындары алардын сөөгүн берүү өтүнүчү менен кайрылуу жасашты. Алар жоочулар катары жок кылынган уулдарынын террордук ишке катышы бар экенине ишенбей турушат.

Жасаттары берилбейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда өткөн операцияда төрт жоочу жок кылынган. Алардын экөө Жанболат Аманов менен Орынбасар Нурпазилов Казакстандын жараны болуп чыкты. Аларга мурда Казакстанда издөө жарыяланган.

Калган экөө - “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Тариэл Жумагулов менен Канатбек Усубалиев Нарын облусунун тургундары.

Мурда абакта отуруп чыккан Тариэл Жумагуловдун апасы Анаркүл Жумагулова уулунун күмөндүү байланыштары тууралуу маалыматты четке какты:

- Бизге уулум мурда түрмөдө бир чоң террорист менен кошо жатканын, ошондон таасир алышы мүмкүн экенин айтышты. Эмнеге жаш жигитти ошондой коркунучтуу адам менен бирге абакта кармашат? Демек өздөрүндө күнөө. Бирок мен баламды айт намазында элди жардырайын деген террорчу дегенге ишенбейм. Ал беш убакыт намаз окуп, мусулмандарды, мечитти сүйчү. Ал мындай ишке бармак эмес. Пайгамбардын сүннөтүн аткарам деп, бир жумада эки күн орозо кармачу.

Ошол эле кезде жоочу деп жок кылынгандардын дагы бири Канатбек Усубалиевдин атасы Аманкул Итибаев уулу террордук чабуулга даярданган дегенге ишенбейт. Мына ошондуктан ал уулунун жасатын кайтарып берүүнү бийликтен сурады:

- Уулум ошондой ишке бара турган балдардан эмес болчу. Кирип көрүп чыктым. Денесинде тамтык жок. Болор иш болуптур. Бирок урматтуу президент, мээримдүүлүк кылып, балдардын жасатын бердириңиз. Айылга алып барып, жерге берели. Ошондо бир көксөөбүз сууп калат эле.

Адатта террористтик ишке байланыштуу жок кылынгандардын жасаты туугандарына кайтарылбайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул куралдуу топту “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун жергиликтүү өкүлдөрү катары сыпаттап, алар өлкөдө бир нече кол салууну даярдаган деп жарыялады.

Бул ишке катышы бар деген шек менен жалпысынан жети адам кармалган. Алардын бири - депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча соттолуп, бирок кийин мунапыс менен бошоп чыккан Алтынбек Итибаев. Анын бир тууган агасы Медер Итибаев инисинин кармалышы боюнча буларга токтолду:

- Аны башынан эле коркутуп, кайсы бир кылмышты мойнуңа илебиз деп жатышкан экен. Бул жерде ошол окуя шылтоо болуп калды окшойт. Бул жасалма кармоо. Инимди Сокулукта иштеп жүргөн жеринен кармап кетишиптир. Анан үйүнө барып, патронду өздөрү таштай коюп, кайра эки ок таап алдык деп кетишиптир.

Криминал менен жуурулушкан радикализм

Мындан башка Эркинбек Кадыров, Мирслан Бекмамат уулу, Адиманас Курбанбаев жана ысымдары азырынча белгисиз дагы эки адам жоочу деген шек менен кармалганы жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов соңку мезгилде өлкөдө криминал менен террорчул радикалдар жуурулушуп кеткен тенденция бар экенин белгиледи:

- Диний радикал уюмдун мүчөлөрү атайын абакка түшүп, ошол жерден уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тартып алышып, аларды үгүттөп, жыйынтыгында криминалдык жана диний экстремисттик багыттагы адамдарды даярдап чыгарышууда. Буга мына ошол эле 2011-жылы кармалган “Жайшул-Махди” деген топтун мүчөлөрүн мисал келтирсек болот. Башында жөн эле криминал балдарды кийин абакка отурган соң террорист кылып даярдашкан. Мына ушундай агымдагы тенденция күч алууда. Бул абдан коркунучтуу агым.

Буга чейин “Манас” аба майданынан экс-депутат Максат Кунакунов террорчул топту курал жана акча менен камсыздаган деген шек менен кармалган. Чекисттер бул жоболоң иш боюнча шектелгендердин жоочулар менен тыгыз байланыштары аныкталганы үчүн кармалганын жүйө келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG