Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчи орун басары Мыктыбек Өмүрзаков аткаминерлерди калп аныктаган детектордон өткөрүү иштери боюнча маек курду.

“Азаттык”: Бүгүн 1-апрель эл арасында күлкү күнү, калп айтып бири-бирин тамашага салуу күнү деп айтылып жүрөт. Биз бул күндүн шылтоосу менен олуттуу нерселер тууралуу сүйлөшсөк.

Былтыр августтун этегинде президент Роза Отунбаева мамлекеттик кызматка коррупцияга малынбаган кадрларды тартуу максатында калп аныктаган аппараттан текшерүүдөн өткөрүү боюнча жардыкка кол койду эле. Ага ылайык, Каржы полициясы, Бажы жана Салык кызматтарынын жетекчилери калп кармагыч аппараттын сынагынан өтмөк. Алар милдеттүү түрдө өтүп жатабы, же өз эрки мененби?
Полиграфиялык тестирлөөнүн жыйынтыгы жашыруун болуп эсептелет.


Мыктыбек Өмүрзаков: Ошол жардыкка ылайык, Бажы жана Салык кызматтарынын жетекчилери эле эмес, бөлүм башчыларына чейин өткөрүлгөн. Андан сырткары салык кызматынын коррупцияга жакыныраак деген, текшерүүгө байланышкан, ишкерлер менен түздөн-түз иштеген бөлүмдөрүнүн жөнөкөй инспекторлору да өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик кадр кызматынын Полиграфта тестирлөө борборунан 150дөй киши өттү.

Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын акыркы билдиргенине караганда, ушул тестирлөөнүн түздөн-түз жыйынтыгы менен 10 адам кызматтан алынган. Ачык айтканда полиграф тестирлөө ыктыярдуу түрдө болушу зарыл. Бүгүнкү күндө бизде мыйзамдык база жок болгондуктан ошол жардыкка ылайык өтүшү керек.

Эгер бул сынактан баш тарткан учурда кандай болорун тактап кетишибиз керек. Муну аттестациялык сынак боюнча комиссия карап жаткандан кийин бул тестирлөөнүн жыйынтыгы түздөн-түз кызматтан алууга негиз боло албайт, бирок ошол комиссияга ал адам кандай экени тууралуу маалымат болуп берет.

“Азаттык”: Ошол 150дөй адамдын канчасынын калпы кармалды?

Мыктыбек Өмүрзаков: Күзүндө 12 мамлекеттик органга статс-катчылар сынактын негизинде алынды. Полиграфиялык тестирлөө биринчи ошол ошол сынакта колдонула баштаган. 12 бош орунга 62 талапкер катышкан. Полиграфиялык тестирлөөнүн жыйынтыгы жашыруун болуп эсептелет. Сынакты өткөрүп жаткан Мамлекеттик кадр боюнча кызмат кеңештин мүчөлөрүнө гана белгилүү болот. Ошолор чечим кабыл алганга укуктуу.

“Азаттык”: Тестирлөө кандай өтөрүн билип алып, алдын ала даярданып, ошол калп кармагыч аппаратты алдап кетүү мүмкүнбү? Калп айтканда адамдын абалы кандай болуп өзгөрөт, жүрөгү бат-бат согобу, же дем алуусу тездейби?
Мамлекеттик кадр кызматынын Полиграфта тестирлөө борборунан 150дөй киши өттү.


Мыктыбек Өмүрзаков: Бүгүнкү күндө Мамлекеттик кадр кызматында эки полиграф тестирлөөчү аппарат бар. Орусияда жасалган аппараттар. Техникалык мүнөздөмөсү боюнча бул аппарат 95 пайыз чындыкты аныктап берет. Аппаратты алдап кетүү мүмкүн эмес. Анткени бүгүнкү күндө Мамлекеттик кадр кызматынын полиграфолог-эксперттери тарабынан субъективдүү текшерүү болбошу үчүн полиграфологдун салымы дээрлик болбойт. Себеби аппарат аныктаган көрсөткүчтөрдү гана полиграфолог чыгарып бере алат.

Суроолор эксперттер тарабынан түзүлөт. Беш же жети суроо берилет. Бирок ошол суроо берилер алдында бир сааттан кем эмес пикир алмашуу жүрөт.

Көп адамдарды кандай кылып аныктайт деген суроо кызыктырып атпайбы. Мисалы жөнөкөй суроо берилет. Бүгүн канчанчы күн деген сыяктуу далилдөөнү талап кылбаган, же болбосо бир сөз менен гана жооп бере турган суроолор берилет. Ошого карата тестирлөөдөн өтүп жаткан адамдын реакциясы кандай болот, ал эми текшерүүчү суроого кандай болот - мына ошол салыштырылып, аныкталат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG