Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилинде өткөрүлүшү Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында талкуу жаратты.

Бир катар депутаттар тестирлөө мамлекеттик жана расмий тилде гана өтүшү керектигин билдирип, тестке өзбек тилинин кошулганын мыйзам бузуу катары сыпатташты. Министрлик болсо тестирлөө баштан бери эле үч тилде өткөрүлүп келгенин билдирүүдө. Өзбек тектүү коомдук ишмерлер болсо депутаттардын демилгелери өзбек окуучуларынын укугуна шек келтирет деген пикирде.

Тестти эки тилде гана өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилинде өткөрүлүшү Башмыйзамга каршы келет деп билдирди. Эл өкүлү мыйзам боюнча Кыргызстандагы окуучулар тестти кыргыз жана орус тилдеринде гана тапшырышы керек деген ойдо:

- Тестте бардыгы өзбек тилине которулуп жазылган. Бизде сексен улуттун өкүлү бар. Анда келгиле тестти уйгурча, дунганча жазалы. Анда биз алардын укугун эмнеге тебелеп жатабыз? Эмне үчүн Конституцияны сыйлабайбыз. Эч качан биз 80 улуттун өкүлдөрүнүн Конституцияда жазылбаган, мыйзам менен аныкталбаган тилдерин ушинтип алып келбешибиз керек.

Депутаттын мындай билдирүүсүн бир нече кесиптеши да колдоп чыгып, билим берүү министри Канат Садыковдон түшүндүрмө талап кылышты. Бул маселенин Жогорку Кеңеште көтөрүлүшүнө жаштар уюмдарынын парламент алдында уюштурган митинги да себепчи болду.

Митингге чыккан “Кыргыз эл жаштар кеңеши” бирикмесинин мүчөсү Алмазбек Жазыбаевди угалы:

- Биз бул маселени жөн жерге калтырбайбыз. Мамлекетибизде иштер эне тилибизде жүргүзүлбөсө, бул нерсе биздин эгемендигибизге шек келтиргендей болот.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жогорку окуу жайга өтүү үчүн мектеп окуучулары сөзсүз тестирлөөгө катышууга милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков тестирлөө баштан бери эле үч тилде өткөрүлүп келгенин билдирип, себебин түшүндүрдү:

- Мыйзам жана биз бекиткен жобо боюнча, тестти кайсы тилде тапшырууну мектеп бүтүрүүчүсү өзү чечет. Кайсы тилде окуганына карабастан, ушундай эркиндиги бар. Ошону менен бирге өзбек тилинде тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Эмне үчүн өзбек тилинде тест даярдалат деген суроо коюлса, мен биздин жарандардын конституциялык укугун сактоо үчүн деп айтаар элем.

Улут кызыкчылыгыбы же укук бузуубу?

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 780 миңдин тегерегинде өзбектер жашайт. Билим берүү министрлиги маалымдагандай, өлкөдө өзбек тилинде жана аралаш тилдерде билим берген 91 мектеп бар. Жалпысынан 110 миңден ашык окуучу өзбек тилинде билим алат. Алардын ичинен жыл сайын 1000дей окуучу жалпы республикалык тестти өзбек тилинде тапшырып келет.

Тестирлөөгө байланыштуу эл өкүлдөрүнүн соңку демилгелери интернеттеги социалдык түйүндөрдө да талкуулана баштады.

Республикалык өзбек улуттук борборунун төрагасынын милдетин аткаруучу Бактияр Фаттаховдун пикиринде, окуучу билим деңгээлин өз тилинде гана жетиштүү көрсөтө алат:

- Муну менен көп баланын конституциялык, жарандык укугуна шек келтирген болобуз. Ал үчүн өзбек тилинде окуган окуучуну үч-төрт жыл даярдаш керек. Ал бала тестти өзбек тилинде тапшырбаса, билимин өз деңгээлинде көрсөтө албайт да. Ошондуктан азыркы депутаттар тарынышпасын, бирок бул демилге туура эмес.

2010-жылы июнь коогасына чейин Конституциянын жаңы долбоорун өзбек тилине которуу демилгелери көтөрүлүп, бул маселе да кайчы пикирлер менен коштолгон. Эми жалпы республикалык тесттин өзбек тилинде өткөрүлүшү боюнча маселе кийинки жумада парламенттин жалпы жыйынында талкуулана турган болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG