Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

"Мекенчилер" туңгуюктан чыгууга жол издөөдө


"Мекенчил күчтөрдүн биримдиги" кыймылы бийлик менен оппозиция саясий туңгуюктан чыгууну бир үстөлгө отуруп макулдашууну сунуштады.

Бир нече коомдук уюм кирген бул кыймылдын бир бөлүгү бийликке каршы чыгып, оппозиция менен тилектештигин айтса, экинчи жарымы азыркы оппозициянын ак ниеттүүлүгүнөн жана чама-чаркынан күмөн санашарын жашырган жок.

Бийликтен көңүлү калган “курултай” башчылары

Отузга чукул коомдук уюм кирген "Мекенчил күчтөрдүн биримдиги" кыймылы өзүнүн жыйынында өлкөдөгү коомдук саясий абалга баа берди. Анда бийлик убада кылган реформалар жемишин бербегени жана мамлекетти оор абалга кептеген буга чейинки окуяларга баа бериле электиги сынга алынды. “Элдик курултай” кыймылынын лидерлеринин бири Баяс Турал бийликтин соңку аракеттерин мурдагы режимдердин тушундагыдай эле көз боёмочулук катары баалап, оппозиция менен биригүү демилгесин көтөрдү:

- Мына ушул эки ыңкылапты башынан өткөрүп бийликке келген адамдар биздин сөзүбүздү угат, элдик бийликти орнотот, элдин тагдырын ойлогон адамдар келди деп ойлогон элек. Биз дагы жаңылышкан экенбиз. Ошондуктан азыркы оппозиция менен биригип, алар биздин улуттук идеябызды колдой турган болсо, кандай кыймыл болсо дагы ошонун өзөгү болуп берели.

Оппозиция менен “ойногонду” каалабагандар

Ошол эле кезде кыймылга баш бириктирген башка бир коомдук уюмдардын өкүлдөрү азыркы оппозиция менен биригип, тилектеш болууга каршы чыгышты.

Оштогу оппозицияны колдогон митинг
Оштогу оппозицияны колдогон митинг
Бир жактуу оппозиция менен биригүүнү каалабаган тарап, бул жагдай калыс турумду карманууну сунуштады. “Кырк кыз” коомдук уюмунун жетекчиси Жыпара Турсунбаева азыркы оппозиция лидерлерин учурдагы бийлик башындагылардан айырмасы жок деп сынга алды:

- Бийликти эле жамандай бериштин азыр зарылдыгы жок. Ооба, азыркы бийлик мамлекетти жакшы жакка жетелеп кете албастыгына көзүбүз жетти. Бирок бийликке келем деген азыркы оппозиция ким өзү? Аларга көз чаптырсак, арасында көкүрөгүндө эл деген эч нерсе байкалбайт. Эптеп эле элди пайдаланып, бийликке келишти ойлоп жатышат.

Көңүл борбордо – көз карандысыздык

"Мекенчил күчтөрдүн кыймылы" президентке, өкмөткө жана парламентке өлкөнүн стратегиялык объекттерин чет өлкөлүк компанияларга берүүнү токтотуу талабын койду. “Кыргызгаздын” орусиялык “Газпромго” берилишин айыптаган кыймылдын айрым мүчөлөрү муну менен Кыргызстанга басым көрсөтүү рычагдары Орусияга өтүп кетип жатканын белгилешти. “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Жолдошбек Орозов соңку жылдары Кыргызстан Орусиянын толук көзөмөлүндөгү өлкөгө айланды деди:

- Суунун башын кармата бердик. Нарын дарыясынын башына ГЭСтерди курууну бир эле мамлекетке өткөрүп берип койдук. Анан эми аба майдандарын Орусияга бир миллиард рублга сатканы жатабыз. Муну менен бизди эгемендиктен ажыратып, Орусиянын алдына биротоло чөгөлөтө турганын азыркы бийлик түшүнбөйбү? Бажы биримдигине өкмөт өзүмбилемдик менен киребиз деп турат. Ага бара турган болсок ансыз дагы жакыр элибиз анын кесепеттерин көтөрө алабы, аны менен азыр эч кимдин иши жок.

КСДП дооматты четке кагат

Ошол эле кезде мекенчил күчтөрдүн биримдигинин айрым лидерлеринин айтканына бийлик партиясы макул эмес.

Муну саясий чайкоочулук катары мүнөздөгөн парламенттин КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев айрым саясий күчтөр бийликтин аракетин негизсиз каралап жатат деп жооп берди:

- Эми алар кайсы стратегиялык объектилер чет элге сатылып жатканын ачык атаса болмок. “Кыргызгаз” боюнча туура чечим чыкты. Анткени бул ишкана карыздардын айынан ансыз да жоголуп кетүү алдында турган. Мына ошончо карызы менен кошуп алып, өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин алуу биздин элге пайдалуу эле чечим болду.

"Мекенчил күчтөрдүн кыймылы" жыйын соңунда бийлик менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүү аянтчасын уюштуруу демилгесин колдоого алды. Ар кандай саясий акцияларды уюштурууда чагымчылдыкка жол бербөө жана бийлик - оппозиция диалогун камсыздоо сунуштары бекитилди.

XS
SM
MD
LG