Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Театрдагы көрүүчү билбеген жашоо


Театр коомдун күзгүсү. Театр - көрүүчү үчүн ар дайым сырдуу жана табышмактуу. Спектакль - театр турмушунун сахнада көрүнгөн бир гана бөлүгү. Ал эми көшөгө артында көрүүчүгө белгисиз кандай жашоо бар? Биз суктанган актерлор образ жаратуу үчүн кантип даярданат? Алардын сахнадагы кийимдерин ким даярдап, таанылгыс кылып грим менен ким өзгөртөт? “Азаттык+” программасы бүгун көшөгө артындагы артисттердин жашоосуна саякат кылат.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры – тарыхтан калган мурас. Ал 1929-жылы өз мезгилине ылайык мыкты салынган, көз жоосун алган курулуш болгон. 1936-жылы театрдын босогосун жаш актриса Бакен Кыдыкеева аттаган.

Театрдын түптөлгөнүнө быйыл 88 жылдын жүзү болду.

Маңдайынан заңгырап көрүнгөнү менен жаш көрүүчүлөр театрынын капталы менен арты оңдоп-түзөгө өтө муктаж. Албетте, анын көрүнүшүн бири-биринен ашыра классикалык театрлардай жасалгаланып салынып жаткан тойканалар менен салыштырууга болбойт.

Өнөр адамдары сахнада жан дили менен берилип ойноп, көрүүчүгө ырахат тартуулап жатса, жашоо-шарты мыкты, турмушунда көйгөйү жок адамдардай элес калтырат...

Көргөн адамдын зээнин кейиткен абалдагы жайда жашап, жарыбаган маяна алгандарына карабастан актерлор зарыл болсо сахнада алтынга туйтунган байдын ролун жаратып, жаркылдап чыга келишет. Бирок көшөгө артындагы тагдырлар кадимки көрүүчүгө белгисиз...

"Азаттык+": Менин жашоом театр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG