Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Назарбаев тууралуу спектакль кыргыз сахнасында


Режиссер Аманбек Жапаровдун “Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз" спектаклинин бет ачары болду. Публицистикалык драмада кыргыз менен казактын кылымдардан бери келаткан боордоштугу, Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз уулу Марат Акматаевдин бала кездеги достугу даректүү окуялардын негизинде чагылдырылган.

Эки көшөгөлүү спектаклде кыргыз-казактын уулдары баталашып дос болот. Бирге билим алат. Сахнадан өзүнүн атасынын образын көргөн кичикеминдик Марат Акматаевдин кичүү уулу Каныбек Акматаев спектаклден кийин бизге атасынын Нурсултан Назарбаев менен достук мамилесине кантип күбө болуп калганын айтып берди:

- Чындап айтканда спектакль бүткөнчө көзүмдөн жаш токтобой турду. Мына, азыр да жүрөгүм дүкүлдөп турат. Мен Нурсултан Назарбаев менен атамдын достугу тууралуу кичине кезимден эле билим чоңойдум. Атам мага ал кишини сыналгыдан “бул да сенин атаң болот” деп көрсөтчү. Мен жыйырмага чыгып калган мезгилимде экөөбүз Чолпон-Атага барып, көлдө эс алып жүргөн Нурсултан Абишович менен жолугуп келгенбиз. Ошондо мен алар чыныгы достор экенине ишенгем. Андан кийин да жолугуп, өткөн кеткен күндөрүн эстешкенин уккам.

Каныбек Акматаевдин айтымында, атасы кезинде Назарбаев менен чогуу Украинада инженердик кесипке ээ болуп, кийин республиканын ар кайсы аймактарында жооптуу кызматтарда эмгектенген. Өмүрүнүн акырында өзү өскөн айылында иштеп турган.

Спектаклдин ачылышына кыргыздын жоон топ интеллигенция өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана жаштар келишти. Кыргыз эл артисти Кайыргүл Сартбаева аталган спектакль кошуна өлкөлөрдүн сахналарында да коюлса деген ойдо экенин айтат:

- Бул спектакль негизинен жөнөкөй адамдардын жүрөгүнөн сөзсүз орун табат. Ошондуктан ал бардык райондордо, облустарда, Кыргызстанда гана эмес, Казакстанда да көрсөтүлсө болот экен. Мен залды карап отурсам эл чынында көп келди. Маданиятта болуп жаткан жакшылыкка элдин келип бергени чынында ыраазы кылды. Эл чыгарманын авторлоруна, аны аткаргандарга гүлдөрүн берип атат. Менимче бул эң актуалдуу спектакль. Бирок мени өкүндүргөнү - залдан биздин өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды, Маданият министрлигинин өкүлдөрүн көрбөдүм.

Кайыргүл Сартбаеванын айтымында, улуттардын, мамлекеттердин ортосундагы достук мамиле маданий байланыштар аркылуу гана чыңдалат. Андыктан эки элдин ортосундагы достук - түбөлүктүү тема.

Спектаклдин көркөмдүк деңгээли, драматургиялык окуялардын чечилиши, актёрлордун чеберчилиги, окуянын өзөгү тууралуу Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов буларды айтты:

- Биздин драматургияда кармашуу, карама-каршылык, бут тосмойлор болот. Бирок бул жерде анын баары чагылдырылган эмес. Режиссер да, драматург да кыргыз менен казактын достугу, Нурсултан Назарбаев менен Марат Акматаевдин достугун жылуу маанайда чагылдырып берген. Ал бизге жакшынакай пикир калтырды. Эми албетте сүрөтчүлүк жана музыкалык тейлөө жагынан бир аз кемчиликтер байкалат. Бирок ал каражатка такалат. Спектаклге мындан да мыкты боёк сүртсө көркүнө чыкчудай.

Кыргызбай Осмоновдун пикиринде, Кыргыз Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтөв баштаган актёрлор курамы туура тандалып, ролдор туура бөлүштүрүлгөн.

Аманбек Жапаров
Аманбек Жапаров

Мурдагы билим берүү министри Канат Сыдыковдун пикиринде, спектаклдин эң негизги өзгөчөлүгү - илгертеден айтылып келген эки элдин достугу тууралуу чоң тема эки жигиттин тагдыры аркылуу көрсөтүлгөнүндө:

- Бири - Нурсултан Назарбаев. Биз ал кишинин деңгээлин жакшы билебиз. Бирок түпкүлүгүндө кыргыз менен казактын байланышы, достугу айтылат. Нурсултан Абишовичтин кыргыз элиндеги туугандарына, аяш аталарына мамилесин, жерине болгон жакындыгын билип, анын кыргыз-казак аралаш болгон маданиятта, тарбияда чоңойгонун көрдүк.

Канат Сыдыков спектаклди кыргыз-казак жаштары көрүп, ага маани берип, эки эл эзелтен иригелеш, жайлоону бирге жайлап, бээни бирге байлап келгенин биле жүрсө деген оюн кошумчалады.

Театр режиссеру, драматург Аманбек Жапаровдун “Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз” аттуу публицитикалык драмасын Эмгек сиңирген артист, режиссер-коючу Марат Козукеев сахналаштырган.

“Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG