Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Торугартта кыргыз-дунган айдоочулар тирешти


Кечээ Токмок шаарындагы борбордук “Булак” базарында кыргыз-дунган улутундагы чакан топ мушташып, бир милиция кызматкери жабыркаганы кабарланды.

Ал эми эки күн мурун Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташыган айдоочулардын жоон тобу жергиликтүү дунган айдоочулар кытай соодагерлери менен келишип кетип, ташылчу жүктүн баасын арзандатып жатат деп, Кытайга аларды киргизбөө талабын коюшту.

Жергиликтүү маалыматтарга караганда, Бишкек-Торугарт жолу аркылуу Кытай товарларын 700 чамалуу айдоочу ташыйт. Алардын жүздөйү дунган улутундагылар.

Ат-Башы айылынын маданият үйүндө чогулуп, жыйын курган жүзгө жакын айдоочу жергиликтүү дунган айдоочулар Кытайга киргизилбесин деген пикирди бир добуштан колдошту. Мындай кескин талап менен чыгуунун себебин алты жылдан бери Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташыган Талантбек Кенжебаев “Азаттыкка” минтип түшүндүрдү:

- Дунгандар кыргыздарды аракеч катары сүрөттөшөт. Кытай тилин билгендиктен Кытайга барганда жүк салуучуларга "кыргыздар арак ичип отурушат, мас болуп айдашат, аларга салбагыла" деп айтышат. Биз кытайлар менен сүйлөшкөндө дунгандар аларга которуп беришет. Бирок такыр башкача которушат экен. Бир нерсе болуп айтыша кетсең "бизде СНБ бар, ошолорго айтабыз" дейт. Башында ишенген эмесмин, ошол жерден уруша кеткен балдарга СНБданбыз деп чалыптыр.

Айдоочулар катышкан жыйын
Айдоочулар катышкан жыйын

Мындай бөлүнүп-жарылуучулук жакшы жолго алып барбай турганын белгилеген “Караван-Карго” жүк жеткирүүчү компаниянын өкүлү Алтынбек Токтоналиев кырдаалды чагымчыл 5-6 эле айдоочу уюштуруп жатканын айтты. Анын пикиринде айдоочулар койгон талап негизсиз, Кыргызстанда эч кандай мыйзам бузуу жок дейт:

- Азыр Бажы биримдигине кирип, жүктүн сезону башталып жатканда, мындай маселелер көтөрүлбөшү керек. Бизде мындай башаламандык болсо жүктү башка жак менен алып кетип калышат. Мисалы, Эркеч-Тамга деле алып кетет. Ошондуктан Торугартта мындай нерсе айдоочулардын өздөрүнө деле жаман. Дунгандар кирбесин деген талап туура эмес. Бүгүн дунгандар, эртең өзбектер кирбесин деп чыгышат. Бир күнү атбашылыктар, көлдүктөр кирбесин дешет. Мындай бөлүнүүгө таптакыр жол бербешибиз керек.

Алтынбек Токтоналиевдин айтымында, нааразы болуп жаткан жүз айдоочунун 80 пайызынын жумушу бар.

Нааразылык билдирип жаткан айдоочулардын өкүлдөрү мурдараак өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушкан. Губернатор айдоочулардын талаптары тууралуу буларды айтты:

- Булар "кытай тилин билген, бизге бурмалабай которуп берген, укугубузду коргогон өкүлчүлүк ачып бергиле" деп суранып жатышат. Биз Торугартка барганда да ушул маселе көтөрүлгөн. Биз бул тууралуу Президенттик аппаратка кат жолдодук. Дунгандар менен да сүйлөштүк. Алар да мындан кийин негизсиз кезекти албоого убадаларын беришти. Мен кечээ да айткам, бүгүн да айтам, Торугартта тартип орнотобуз. Ал эми кырдаал күчөп кеткенге эч кандай негиз жок.

Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыповдун убадасына караганда, жаңы ачыла турган өкүлчүлүк ушул өңдүү талаш-тартыштарды алдын алуу, чыр-чатактар тууралуу тартип кызматтарына кабарлап туруу милдетин да алат.

Бишкек-Торугарт жолу менен жүк ташыган айдоочулардын дунган тилдүүлөрү жаңжалдарга байланыштуу кандайдыр бир түшүндүрмө берише элек.

Байкоочулардын баамында, жергиликтүү кыргыз, дунган айдоочулары ортосундагы маал-маалы менен катталып келаткан чатактар улут аралык мамиледен эмес, ишкердик атаандаштыктан чыгып жатат. Ошондуктан нааразылык билдирип аткан айдоочулар деле рынок шартында ишкердиктеги атаандаштыкка туруштук берүү үчүн тил билүү да маанилүү экендигин моюнга алышы керек болуп калды.

Бишкек-Торугарт каттамындагы жүк ташуучулар арасында ири мушташ 200дөй кишинин катышууусунда 2013-жылы чыгып, анда элүүдөй дунган айдоочу сабалып, унаалары талкаланганы кабарланган. Араздашууну тынчытуу үчүн жасалган тараптардын аракети ишке ашпай калганда дунган айдоочулары жүк ташууну убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG