Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Тарых жана тагдыр рубрикасында бул ирет кыргыздын көрүнүктүү эки залкары Чыңгыз Айтматов менен Аалы Токомбаев тууралуу кеп болот.

Дүйнөдөгү эң эле тез кубулган нерсе - адам баласынын өтмүшү, алыстап бараткан тарых” дептир бир акылман. Анын сыңары кечээ эле баарыбызга көнүмүш сезилген көп окуялар, адамдар, алардын жасаган иштери бүгүн көзүбүзгө таптакыр башкача көрүнөт. Жаман деп санаган нерсе жакшыга ооп, ал эми ар качан мактап келген көп нерселер азыр бизге жат учурайт, атүгүл кантип мактап жүрдүк экен деп өзүбүзгө өзүбүз таң калган учурларыбыз жок эмес.

Өтө алыска барбай, мындан чейрек кылым мурда тарых бүктөмүнө кеткен Совет заманын эле алалычы. Бир караганда шамал жок кездеги көл сыңары көйкөлгөнү менен, ал доордун тымызын кармаштары, опурталдуу эрөөлдөрү, республикага эле эмес, тээ Москвага чейин кабары жеткен күрөштөрү көп болгон. 20-30-жылдардагы “тап күрөшүн”, басмачылар кыймылын, “кызыл террорду”, кулакка тартылган нечен кыргыздар үй-бүлөсү менен Оренбургдан Украинага чейин сүргүнгө айдалганын айтпай эле коелу. Согуштан кийин деле заман анча тынчыбаптыр. “Манастын” Чоң казатын которткону жана басмага даярдаганы үчүн, кетирген “каталары” үчүн адабиятчылар Т. Байжиев, Т. Саманчин, З. Бектеновдор сот жообуна тартылып, Т. Байжиев Караганданын түрмөсүндө ачкадан өлүп тынcа (кай жерде көмүлгөнүн эч ким билбейт), Т. Саманчин болсо түрмөдөн жуктурган кургак учуктан а дүйнө салыптыр.

Аалы Токомбаев

Аалы Токомбаев

Ошол саясий “каталар” жана идеологиялык “жаңылыштыктардан” улам келип чыккан кармаштардын эң акыркысы мындан 40 жылдай мурун, атап айтканда, 1987-жылы, Советтер Союзунун соңку жылдарында болуп өткөн десек анча деле жаңылышпасак керек. Атагы алыска кетип, бүт Кыргызстанды дүңгүрөткөн ал кармаш кыргыздын эки дөөсүнүн, Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон эле. Анда кеп ошондон болсун.

Кептин чынын айтсак, ал кезде баарыбыз эле бул кырчылдашкан катуу кармашты биздин эки алптын, “баатыр” наамы бар эки залкардын ортосундагы кокусунан дуулдап кеткен идеологиялык чабыш же диспут деп түшүнгөн элек. Эми карай келсек, ал кармаштын тамыры өтө эле тереңге кетип, учугу ошол кездеги чоң саясаттын багытына, жашыруун кызматтарга, баягы эле КГБга, керек болсо Кремлге барып такалат. Аны эми билип отурабыз. “Кыңыр иш кырк жылда” деген кеп ушул сыяктуу иштерден улам келип чыкса керек го.

Бул чынында да опол тоодой дөөлөрдүн өз ара кагылышы, аты кары менен жашка бирдей белгилүү эки алптын жумурай журттун көз алдында жөөлөшкөнү эле. Ушул сыяктуу бир көрүнүш “Манаста” Жолой менен Кошойдун апта бою созулган күрөшүндө кездешет го (мен бул жерде жогорудагы эки инсандын бирин да терс каарман кылып көрсөткүм келбегенин да эскерте кетейин). Анан калса бул чоң талаштын башы да “Манастан” улам башталбадыбы. Ал эми “Манас” биздеги ыйыктан ыйык тема го, ага кимде-ким сөөмөй кезеп, тилин агытса, ага кечирим да, мээрим да болбойт эмеспи. Айтор, Токомбаев менен Айтматовдун 1987-жылкы талашы айласыздан элди экиге бөлдү, бир тарабы Аалыке тарапта болсо (ал кишинин адабият майданындагы ат көтөргүс аброюна ким шектенди эле?), бир тарабы Чыкебизге ооп, Кыргызстан заматта уу-дуу түшүп, ал ортодо эч качан айтылбачу кептер да айтылып кеткен болчу.

Баарынан кейиштүүсү, ал талаштын тамыры идеология менен, баягы каран калган “саясий ката” менен тутумдаш эле. Демек, бул кармаштын жыйынтыгы да өтө олуттуу саясий баа же жыйынтык менен аякташы керек болчу. Эгер ал учур 30чу же 40-жылдардай катуу болгондо “ката” кетирген тарап эң кеминде Касым Тыныстановдун кебетесин киймек. Же партиядан айдалып, “эл душманы” катары Солженицын же Ростропович сыяктуу чет жерге көчүп кетишке аргасыз болмок. Кудайга шүгүр, 1987-жылы кантсе да СССРди демократизациялаштыруу кызуу жүрүп жаткан кез болчу, ошондуктан кандай жыйынтык чыкканда деле калпак кетсе да, баш кетмек эмес. Бирок биз кийин гана билген маалыматтарга караганда, бийликтин максаты абдан эле алыска багытталган опурталдуу максат болгон сыяктанат…

Чатак “Манастан” башталып, аны ортого алып чыккан Аалы Токомбаев болуп, бирок чатактын аренасы негизинен борбордук (москвалык) гезиттердин бетинде болду. Кептин ток этерин айтсак, Аалыке эмнегедир Сагымбай Орозбаковдун Чыңгыз Айтматов редакциялаган вариантына түп көтөрө каршы чыгып, андан улутчулдукту, жаш муундар үчүн өтө зыяндуу элементтерди көрдү. Айрыкча Манас баатыр баштаган Чоң казаттан биздин адабияттын классиги советтик-кытайлык мамилелерге доо кетире турган фактыларды көрдү. Манас баатыр кээ бир учурларда “канкор” аталганына да катуу көңүл бурду. Ошентип, Аалыке Айтматовго каршы өзүнүн чоң казатын баштады.

Кудай бетин салбасын, “Кыргызстан маданияты” жумалыгынан баштап көп миллиондуу тиражы бар “Комсомольская правда” гезитине чейин pro жана contra кейпиндеги макалар жайнап кетти. “Письмо А. Токомбаеву” деген редакциялык макала жарыяланган “Кыргызстан маданиятын” боо-боо кылып сатып алгандар болду. Ырас, адегенде Чыке тарабындагылар Аалыкеге каршы абдан катуу, керек болсо абдан эле орой жазылган макалаларды жарыялап жиберсе да, бара-бара “Жамийланын” атактуу авторуна карата чабуулдар басымдуулук кылып, ал чабуулдар жергиликтүү гезит беттеринде эмес, ошол эле бүт Советтер Союзу окуган “Комсомольская правда”, “Известия” гезиттеринин бетине чыга баштады. Л. Шипитько, В. Романюк сыяктуу журналисттер Айтматовго каршы ачык согуш жарыялап, кыргыз жазуучусун эки жүздүү, кыргыз тили тууралуу маселени жок жерден дуулдатып ийген улутчул катары көрсөтүп ийишти. Ошондо гана Чыкеге каршы атакалардын ары жагында бери болгондо Кыргызстанга Москвадан “десант” катары келген Киселев, Рябоконь, Василенко сыяктуу партократтар турганы билинген болчу. Ошондо бул “десанттын” кысымына жаны ачыган Чыке чоң партиялык жыйында ушул үчөөнө ачык кайрылып, “Кана, ачабыз деп убада кылган Фрунзедеги кыргыз мектептери?” деп трибунадан суроо салган эле. Бул сыяктуу эпизоддор азыр айтсаң катардагы бир кармаш, анча деле мааниси жок майда маселе катары кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал кезде мындай нерсени ачык айтуу Манас баатыр Бээжинге аттангандай эле эрдик болгонун баса белгилей кетели.

Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматов

Кыскасы, тили менен дилинен айрылып, акыры тууган энесин атууга батынган маңкурттун образын жараткан, анын себебин тоталитардык идеологиянын кесепетинен көргөн, бул аркылуу кудайсыз, динсиз, эскини жериген эс-тутумсуз советтик коомдун ишпалдасын чыгарган Чыкени чоң Маскөөдөгү бийликтер кандай болсо да оозун жаап, эл алдында сындыргысы келгени ачык эле. Ал үчүн бир кыргыздын алпын экинчи кыргызга каршы коюп, бирин экинчисине талатып, элди экиге бөлүп, акыры атагы ааламга кеткен Айтматовго ооздук салуу башкы максат болчу. Экинчи жагынан, дал ошол кезде Чыкебизге каршы чабуулду журналисттер эмес, Москванын эң эле мыкты деген окумуштуулары менен сынчы-адабиятчылары улантканын да унутпайлы. С. Аверинцев, В. Лакшин, В. Бондаренко, В. Кожинов сыяктуу аты Союзга белгилүү адабиятчылар ар кандайынан Айтматовдун чыгармаларынан кине таап, ал гана эмес “чыгармаларын кимдир бирөө орусча жазып берет экен” деген ушакты таратканга чейин барышты. Баса, ушул сыяктуу ушак ага чейин улуу жазуучу Михаил Шолоховго да карата айтылганын эскерте кетели.

Узун сөздүн кыскасына келсек, бул талаш эми гана алоолоп, аягы абдан эле белгисиз болуп бараткан кезде өзүнөн өзү тынчыды, актуалдуулугун жоготту. Анын себеби адегенде катуу башталган кайра куруу саясаты да тамамына чыгып, Айтматов сыяктуу ички диссидентердин эсебин тапмак түгүл Михаил Горбачев кантип Союзду ыдыратпай сактап калуунун аргасын издеп калган учур башталган. Эгер эсил кайран СССР аман-эсен калып, В. Крючков сыяктуу демократияга каршы күчтөр бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алганда Чыкебиздин тагдыры кайсы жагына оойт эле, аны бир кудайдын өзү билет.

… Чыкебиздин эң эле жакын адамдарынын биринин эскерүүсүнө караганда, 1988-жылы атактуу жердешибизди чоң Союздун КГБсы чындап кармаганга аз калган экен. Кыргызстан жазуучулар союзундагы төрагалык ордун таштап, Москвага көчүп кетип, “Иностранная литература” журналына редактор болууга аргасыз болгон Айтматовду жашыруун кызматтар Переделкинодогу жазуучулар үйүнөн кармоого жаңы камынышкан экен. Бирок Чыкең да кызыр жылоологон киши го, ал кабарды КГБга тиешеси бар бир адам эч нерседен кабарсыз жазуучулук иши менен алектенип отурган кезде тымызын кабар кылыптыр. Күтүүсүз кабарга аң-таң болгон Чыкеге ошол жакшы санаалаш кишиси дароо Михаил Горбачевго кандай айла болсо да телефон аркылуу чыгып, маселенин чоо-жайын түшүндүрүүнү сунуш этет. Чыңгыз ага жогорку даражалуу бир таанышы аркылуу СССРдин акыркы президенти менен эптеп байланышып, болгон ишти болгондой кабарлайт. Ошентип, Чыкебиздин опурталдуу жагына ооп бараткан тагдырын Михаил Горбачев оң жагына чечет. Сыягы, башынан кыргыз жазуучусуна көзү түз президент КГБнын чоңу В. Крючковго бул жаңжал эмне менен бүтөрүн, ал эмне деген от менен ойногону жатканын жакшылап түшүндүргөн окшойт. Кыскасы, маселе дароо тынчып, ошого эле удаа Горбачев Чыңгыз Төрөкуловичти Люксембургга СССРдин элчилик кызматына жөнөтүп жиберет. Жазуучунун калган тагдыры болсо баарыбызга бештен белгилүү.

Эми Аалыкеге келели. Кандай вариант болгондо да кыргыз адабиятынын кышын кынап, пайдубалын түптөгөн улуу киши эч качан “Манаска” каршы, албетте, чыкмак эмес. Тилекке каршы, Аалыкени башка күчтөр пайдаланып кетти. Бул жерде учугу Кремлге барып такалган чоң саясат ойноп кетти. Болбогон жерден атактуу “Кандуу жылдар” менен “Жараланган жүрөктүн”, “Күүнүн сыры” менен “Дааттын” автору эл астындагы аброюна шек келтирип алды.

Бирок заман өзгөрдү, муундар алмашты, көп нерселер унутулду. Аалы Токомбаевдин адабияттагы аброю баары бир кайра ордуна келди. Анын улуттук маданиятыбыздын, адабиятыбыздын алдындагы зор эмгегин эч ким жокко чыгарган жок, жокко чыгаруу мүмкүн да эмес эле. Маселен, мен Аалыкенин опера театрынын тике маңдайындагы жакшы чыккан эстелигине ары-бери өткөн сайын таазим кылып өтөм.

Айтпаса да түшүнүктүү го, адабиятыбыздагы эки алптын кармашы биринчи кезекте ошол экөөнө зыян кылды. Чын-чынына келгенде ал талаштан эч ким уткан жок. Ошол талаштан көп өтпөй Токомбаев агабыз а дүйнө салды. Жашы улгайган киши үчүн ошондогудай кырчылдашкан кармаш канча нервин жеди, тынчын алды, упуратты, ал кимге да болсо түшүнүктүү нерсе го.

Ал талаштын айынан Чыңгыз Айтматов Москвага которулуп, андан ары чет өлкөгө кызматка кетти. Жогоруда айтылгандай, аз жерден советтик КГБнын курмандыгы боло жаздады.

Андан бери далай суулар агып, нечен иштер баштан өттү. Азыр арабызда экөө тең жок. Бирок экөөнүн тең портрети керегебизде илинүү. Катар илинүү. Анткени биздин ашып аткан дүйнөбүз же батпай аткан таланттарыбыз жок. Элибиздин ичи, журтубуздун даргөйү кең, экөөнө тең орун жетет. Экөө тең бизге кымбат, экөө тең маданиятыбыздын нак төрүнөн орун алганга татыктуу. А эгер биз билген же билбеген кемчилик, күнөөлөрү, кудай алдында, замандаштарынын алдында кылапаттары болсо аны теңир өзү тергейт.

Бирок ошол 1987-жылкы кагылыштын эки дөөнүн кагылышынын изи чоң тарыхтын барагында түбөлүккө калды. Жакшы тарыхпы, жаман тарыхпы ал биздин тарых экен, биздин өтмүшүбүз экен, аны айта жүрүш, эске сала жүрүш улам жаңы муундун милдети экен.

Ошол себептен ушул эссе жаралды…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG