Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Кара куурайдын “түшүмүн” жок кылып жатышат


Жалал-Абаддагы Токтогул районунда 42 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Ушундай эле иш-чаралар Ысык-Көлдө да жүргүзүлүүдө.

Былтыр Токтогулда кара куурайга каршы операция маалында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыккан болчу.

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда кара куурай жалпысынан беш жүз гектардай жерде өсөт.

Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин аталган аймакта бөлүмү жок, ошондуктан кара куурайды оруп жок кылуу иштерин милиция кызматкерлери айыл башчылары менен бирге жүргүзөт.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Шералиев 26 гектардан ашык жерди кара куурайдан тазалашканын, учурда да иштер уланып жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Мурунку жылдары бизде калкты жумуш менен камсыз кылуу борбору менен биргеликте атайын бригадалар түзүлүп жок кылынчу. Быйылкы жылга андай акча бөлүнгөн жок. Бирок жергиликтүү милиция аны күтүп турган жок. Ошол айыл өкмөттөр, өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте бригадаларды түзүп, аларга штаттан тышкаркы кызматкерлер жардамдашып, 42 тоннадай кара куурайды жок кылышты. Токтогулда көлдүн жээгинде өскөн кара куурайларды чөп чапкан тракторлорду жалдап оруп жок кылышты.

Кыргызстанда кара куурай көп өскөн жер Ысык-Көл облусу болуп саналат. Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын билдиришинче, облуста кара куурай 1,5 миң гектардай жерге жайылып кеткен.


Аталган кызматтын төрагасынын жардамчысы Тимур Мадияров кара куурайды оруп жок кылуудан башка натыйжалуу чаралар жоктугун билдирди:

- Бул жаратылыш да. Муну биз тамырларын кыркмайын кайра өсүп чыга берет. Совет убагында кара куурай менен күрөшүү методикалары башка болсо керек. Тамырларын уулуу химикаттар менен күйгүзүп салышчу окшойт. Азыр болсо бизде андай каражаттар жок.

Кыйноого каршы митинг, 24-январь, 2011-жыл

Кыргызстанда кара куурайды жок кылуу учурунда жаңжалдар кездеше жүрөт.

2010-жылы 27-сентябрда Токтогулда “Кара куурай” деп аталган операция маалында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Анда эки ортодо ок атылып, айылдын эки тургуну жаракат алган. Бул окуяга катышы бар деген токтогулдук 12 адам кармалып, кылмыш иши козголгон, иш сотко өткөн болчу.

Серепчилердин баамында, кара куурай чогулткандар мындай мыйзамсыз иштерге көбүнесе көкөй кескен оор турмуштун айынан барышат.

XS
SM
MD
LG