Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Бул ааламга не болгон? Согуш бүтпөйт.

Үй өрттөнүп, түндүк түшкөн, журту түтөйт.

Зар какшаган эненин ыйын укпай,

Желдеттер жоготкондой өлүм издейт.

(Өмүрканов. Т.)

Энем Токтокан Өмүрканова 1941-жылы Тосор айылынын 21 жаштагы жаш келини эле. Жылкычынын кызы болгондуктан кыймылы шайыр, шайдоот, маңдайы жарык, ар нерсеге дилгир жан эле.

1941-жылдан баштап айылдын жигиттери Ата Мекенди коргоо үчүн фронтко кете башташты. Атам Ыбырай да согушка жөнөп кетти. Айылда картаң чал-кемпирлер, келиндер жана балдар гана калышты. Эгин талааларын айдаганга эркек калган жок.

Айыл аксакалдары байкаштырып көрүшүп, энемди тракторду айдоого үйрөнүп келүүгө Жети-Өгүздүн райборбору Покровкага жиберишти. Ыкласын койуп трактор айдаганды тез эле үйрөндү.

Талааларга жазгы арпа, буудай айдап бүткөндө Жайнак чоң апа келип: “Айланайын балам, чарчадың, көрүп турам. Бир күн эс ал да, үч келин болуп Кичи-Жаргылчакка баргыла. Ал жердеги пиллорамадан тактайларды (шпал) базага жүктөйсүңөр. Беш күндүк нормаңарды аткарып келгиле”, - деди.

Арабага отурган энем, Айкеш апа, Гүлжамал апа кобурашып отуруп таң сүрө 30-35 чакырым алыстыктагы Кичи-Жаргылчак айылына жетишти. Ыңырчактар калбай калган экен (ыңырчак - адамдарга байлануучу ээр токум). Айласыздан тактайларды аркан менен артына таңып алып ташый башташты.

Трап менен эки метр бийиктиктеги баржанын үстүнө чыгышып, 20-30 килограммдык тактайларды бункерлерге кулатышат. Бункердин түбү көрүнбөйт, абайлабасаң кулап өлөсүң. Үч күндүн ичинде келиндердин аркасы жооруп тилинип кетти.

“Өйдө карай кыйналып чыкканда жонуңан ылдый аккан тер жоорго туз куйгандай болот. Ачышканына чыдабай ыйлап жиберем да, бирок кан суудай агып, жер өрттөнгөн согушта Ыбыкем деле жүрбөйбү деп тиштенем. Бул шартта чыдап иштеш керек эле. Болбосо жумуштан качты деп соттоп жиберет болчу". Булардын жаны кыйналганын байкаган управляющий Фёдор: “Ох, бедные мои. Пусть будет проклят фашисты! Үйүңөргө барып даарылангыла, бирок эч адам көрбөсүн, кете бергиле”, - деди.

Үч келин түнү менен Тосор айылына жөнөштү. Айылга жетпей эгин айдоого жараксыз жарлар бар. Ошолордун арасында элден далдоо жардын бооруна энемдин кол менен сепкен таруусу чыгып калган эле. Айылга барып эки күн элге көрүнбөй жүргүчө, ушул тарууну отойун деп айдоонун четине келип, астына куурай төшөп, түнөп калат. Үйүндөгү кайын атасын, кайын энесин жана согушка кеткен кайын агасынын эки баласын тамак менен камсыз кылыш керек эле. Кийин, күздө таруусун оруп, эки кап чымчып бууган дан алат. Бул энемдин май айындагы үч күнү гана. Жеңишке дагы 1440 күн бар.

Баарынан өкүнүчтүүсү, 1941-жылдан 1944-жылга чейин тынбай трактор айдап, жанын аябай эмгектенип, Ата Мекендик согушту жеңүүгө салымын кошкон энеме “Ооруктун ардагери” наамын ыраа көрүшкөн жок. Азыр энем 95 жашта. Төрүбүздүн куту, неберелеринин сыймыгы.

Энеме:

Алдыңыздан кый өтпөгөн уулдарыңыз акылдуу,

Келиндериңиз күйүмдүү.

Жашооңузга жарык нур берген,

Неберелериңиз ыймандуу.

Бул да болсо үйрөтүп өзүңүз берген тарбия,

Калкыңыз дайым кадырлап

Баары сизди сыйлашат.

Өсүп урум бутагың,

Балдарыңдын төрүндө

Жүрө бергин кут болуп.

Кызың Айсалкын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG