Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

“Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук уюмунун юристи Каныбек Токтосун уулу Ош, Жалал-Абаддагы кырдаал тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Ошто болуп, ал жакта абал дале кооптуу экенин, укук бузууларга жол берилип атканын айтып атат. Мындай тынчсыздануу канчалык жөндүү? Азыр ал жакта абал кандай?

Каныбек Токтосун уулу: Түздөн-түз Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында иштеп аткан юрист катары жергиликтүү жагдайды баса белгилеп кетсек, учурда абал мурдагы тынч кездердегидей болуп баратат десек болот. Маселен, статистикага кайрылайын: биздин уюм тарабынан укуктук кеңеш берүү үчүн эки борбор түзүлгөн. Ал жерге мына 121 адам кайрылса, алардын бирөө гана Орусияда тууганы кармалганын айтса, калган 120 адамы паспортун калыбына келтирүү, мурастык укуктары, каттоого туруу, фамилиясын алмаштыруу сыяктуу күнүмдүк турмушта кездешүүчү юридикалык суроолор менен гана кайрылышкан.

Айтылып өткөндөй, ЕККУнун төрагасы же башка эл аралык уюмдар айтышчу да, “укук бузуулар болуп атат” деп. Жакынкы күндөрү ал сыяктуу укуктук маселелер менен кайрылган адамдар болгон эмес.

“Азаттык”: Сиз тынч абал дегенде, былтыркы 7-апрелге чейинки абалга жакындап баратат деп жатасызбы?

Каныбек Токтосун уулу: Ооба, сиз туура түшүндүңүз.

“Азаттык”: Ошто ЕККУ баштаган көптөгөн эл аралык уюмдар жүрөт. Алар кырдаалды турукташтырууга көмөк кылуу үчүн эмне иштер менен алек болуп атканын байкап атасыздар, сын-пикирлерди айткандан башка?

Каныбек Токтосун уулу: Бир эле эл аралык уюмдар эмес, учурда биздин мамлекеттик уюмдар, президент, Жогорку Кеңеш баш болуп абалды турукташтыруу үчүн көп аракет жасап атышат.

Чындыгында дүйнөгө таанымал 5-6 эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ, Качкындар иши боюнча БУУнун уюму сыяктуу уюмдар чоң иштерди жасап атышат. Жергиликтүү 20-30 чакты бейөкмөт уюмдары буларга кошулуп, чогуу июнь окуяларынын кесепеттерин жоюу, кырдаалды турукташтыруу үчүн эл менен өтө тыгыз иштеп атышат.

Эгерде кандайдыр бир укук бузуулар болсо, учурда бир адамга төрт тараптан көмөмөл эмес, 5-6 тараптан көзөмөл болуп атат. Ал уюмдар кандайдыр бир укук бузууга жол беришпесе керек.

“Азаттык”: Ошол эле маалда ЕККУнун учурдагы төрагасы кандайдыр бир тынчсызданууларын айтты да, “укук бузуулар болуп аткан экен” деп. Буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар да ушундай пикирлерин айтып келатышкан. Милиция өзү укуктарды бузуп атканы айтыла калып жүрөт. Буга кошуласызбы?

Каныбек Токтосун уулу: Буга кошула албайм. Себеби мен юрист катары фактылар менен сүйлөшүм керек. Биздин эки юридикалык кеңеш берүү борборуна кайрылган 121 адамдын бирөө гана тууганы Орусияда кармоого алынганы үчүн кайрылган. Үчөө “мамлекеттик органдарга каттоого койбой койду” деп кайрылган. Бирөө “жумуштан алып койду” деп кайрылган. Этникалык катыштыгын салыштырып карасак, бизге кайрылгандардын жарымынан көбү башка жактардан келишкен этникалык кыргыздар болгон. Алар июнь окуяларынан кийин Өзбекстан, Тажикстандан көчүп келип, өздөрүнүн юридикалык макамын Кыргыз мамлекетинде легалдаштыруу максатында бизге кайрылышкан.

“Азаттык”: Ноокатта болгон окуя анда эмнеден кабар берет? Сиз укук бузуулар болгон жок деп атасыз?

Каныбек Токтосун уулу: Ноокаттагы окуя, бардыгыбызга маалым болгондой жабырлануучу тараптын адамдары өздөрү билип эле жоопкер деп шектелген адамды жазалоого аракет кылышкан. Ошонун натыйжасында келип чыккан окуя болуп атат бул жерде.

“Азаттык”: Ноокаттагы окуя Ош шаарына, башка райондорго таасирин тийгизген жокпу? Этностор аралык жагдай кандай болуп турат?

Каныбек токтосун уулу: Этностор аралык жагдай учурда эч кандай кооптонууну жаратпайт. Бирок алдын-ала айтып, божомол жасоо татаал нерсе. Анткени ар кандай чагымчылдык, ортого от таштоолор болушу мүмкүн. Аны болтурбоо үчүн биздин укук коргоо органдары тийиштүү деңгээлде иш алып барышы керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG