Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Тоңдо жаңы мектеп жарактан чыкты


Мектеп 270 окуучуга эсептелген. Учурда 380 бала окуйт.
Мектеп 270 окуучуга эсептелген. Учурда 380 бала окуйт.

Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы кооптуу деп табылган мектепте балдар окуп жатышат. 10 жыл мурда салынган жаңы мектептин тактайлары чирип, төбөсүнөн суу агып, курт-кумурскалар пайда болду.

Тогуз-Булактагы Турсуналы Мырзамамбетов атындагы мектеп-гимназиясы 2005-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Чатыры менен жертөлөсүндөгү тактайлар чирип, ичи ным тарта баштаганына эки жылдын жүзү болуптур. Жакынкы күндөрдөн бери шыбынан курттар түшө баштаган.

- Үстү жакшы жабылбай калгандыктанбы, көгүчкөндөр кирет, алар үстүнөн өлө берип курттап кетет. Залдын ичи, класстарыбыз, полдун баары курт. Китептердин арасына чейин кирип кетет. Бул курттар балдарды да чаккан учурлар болду, денелеринин баары жара болуп, мына ушундай шартта окуп жатабыз, - деди мектептин китепкана кызматкери Жылдыз Бекдаирова: ​

Балдардын жараатын ооруканалабай эле, үйдөн дары-дармек менен айыктырып жатышкан. Жазгы эс алуу убагында мектеп атайын дарылар менен тазаланып, эки жумадан бери курттар жоголуп калган экен.

Мектептин шыбынан курттар түшө баштаган
Мектептин шыбынан курттар түшө баштаган

Мектептин шарты окуучуларга эле эмес, мугалимдерге да зыянын тийгизип жатканын мугалим Атыр Байбериева айтып берди:

- Эски оорунун баарын козгойт экен, Бишкектен миңдеген акчага дары алдырып ичтим. Көздү ачыштырып, тамагыбызды кычыштырып, башыбыз ооруду дегендер болду. Биз эмес, анда-санда келген ата-энелердин башы ооруп, тамагы бүтүп калат. "Айла жок, балдарыбыз окуйт" деп тазалап кетишти.

Класстардын дээрлик бардыгында, ашкана, китепкананын тактайлары чирип, омкорулуп жатат. Жаан жааса, чатырдагы суудан улам жарык өчүрүлөт.

Финн тибиндеги мектепти 10 жыл мурда өкмөт өз каражатына тургузган. Сыртынын жарымы кирпич, ичи жыгачтан. Айылдык кеңештин депутаттары демилге көтөрүп, эки ай мурда Архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы Долборлоо институтуна жана райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматына мектептин абалын текшерткен. Санэпидем кызматы имаратты мындан ары колдонуу максатка ылайык эмес десе, Долборлоо институту анда сабак окууга тыюу салган.

Көл-Төр айылдык кеңешинин депутаты Ашырбек Жүрсүнкожоев буларды айтты:

- Көк жыттанып, чиригенине байланыштуу балдардын ден соолугунан кооптонуп жатабыз. Мындай абалдан улам 6-класска чейинки окуучуларыбызды бөйрөк оорусу, сарык, кургак учук тоорушу мүмкүн. Жакын арада бул маселени чечпесек, балдардын келечеги коркунучта.

Мектеп 270 окуучуга эсептелген. Учурда анда 380 бала окуйт. Быйыл жаңы окуу жылында окуучулардын саны 400дөн ашары болжолдонуп жатат. Жүрсүнкожоев бул көйгөйдү эске алганда Тогуз-Булак айылы жаңы мектепке муктаж экенин айтат.

Түзүлгөн жагдай боюнча Тоң районунун акиминин орун басары Нурия Төлөнгүтова мындай деди:

- Мен ал мектепте 16-апрелде болдум. Курт-кумурска абдан азайды, азыр бирин-серин эле. Баягы шыпка чачкан уулуу заттар жардам берди окшойт. Азыр өлгөн курттар эле түшөт экен. Мен билем, булар жаңы мектепти каалап жатышат, бирок бизде башка мектептерде абал мындан да оор. Биз жылдан жылга оор абалдагы эски мектептерди четинен оңдоп келатабыз. Ал эми Тогуз-Булактагы мектеп жаңы эле, ага жакшы бир ремонт эле керек.

Бирок мугалимдерде кооптонуу дагы деле күч. Мектептин эмгек жамааты, айыл тургундары Билим берүү министрлигине, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жолдошту. Бирок жооп келе элек, мектеп кайра салынары же оңдолору белгисиз.

Окуучуларда болсо коңшу айылдарга барууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан авариялык абалда турган имаратта билим алуусун улантууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы мектептердин 84 пайызы оңдоп-түзөөгө муктаж.

XS
SM
MD
LG