Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Ысык-Көлдө торпеда сыналганбы?


Ысык-Көлдүн жээгинде турган кайык
Ысык-Көлдүн жээгинде турган кайык

Орусия жаңы үлгүдөгү торпедаларды Ысык-Көлдө жашыруун сынап жатат деп өткөн жумада чыккан маалыматтар кезектеги талкууга жем таштады.

Орус тарап өз пландары жөнүндө кыргыз куралдуу күчтөрүнө эмне үчүн маалымат берген эмес? Бул жагдай кыргыз-орус кызматташтыгына кандай таасир бериши мүмкүн? Куралдарды сыноо Ысык-Көлдүн экологиясына, Кыргызстандын жалпы коопсуздугуна кесепети тийиши мүмкүнбү?

28-июндагы "Арай көз чарай" талкуусуна “Дастан” компаниясынын мурдагы башкы директору Жарасул Абдураимов жана саясий серепчи Кубан Абдымен катышты.

«Азаттык»: Кубан мырза, Орусия аскер-деңиз флотунун кыргыз тарапка кабар бербей туруп, сыноо жүргүзгөнүн саясий же дипломатиялык жактан кандай бааласак болот?

Кубан Абдымен: Албетте, Орусиянын бул кылганы күтүүсүз болду. Ар бир адиске түшүнүктүү болуп турат. Бирок мунун артында Орусиянын бизге жасаган үстөмдүгү эмес, дипломатиялык жактан кенебестик болуп калды. Башкача айтканда, орустардын Кыргызстан менен алакасын өзү каалагандай кылуу аракети десек болот. Бул саясий этикага жатпаган, дипломатиялык жаңжалга окшогон окуя болуп калды.

"Азаттык": Саясий этика деп калдыңыз, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул жагдай туурасында түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатпайбы?

Кубан Абдымен: Торпеданы сыноо өтө жашыруун өткөрүлгөнү көрүнүп турат, ал дипломатиялык жол менен да таркатылбаган деп түшүнсөк болот. Менимче, дипломатиялык кызматтар да билбей калган. Эгер Орусиянын элчилигиндеги аскер атташеси билип туруп, Кыргызстанга айтпай койсо, анда ал чоң чатак.

Ысык-Көлдө торпеда сыналганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:29 0:00

Орусия торпедаларын кайсы жакта сыналбасын алардын айрым бөлүктөрү ”Дастандан” жасалат. Кээ бир аппаратураларын жалгыз гана “Дастан” даярдайт. Мындай торпедаларды өндүрүү 1986-жылдан бери колго алынып келатат.
Жарасул Абдраимов

“Азаттык”: Жарасул мырза, кыргыз коомчулугу орусиялык торпедалар биздин “Дастан” ишканасынан чыгат, керек болсо башка өлкөлөргө экспорттойбуз деп сыймыктанып калат, деги ал согуштук куралдын Бишкекте эмнеси чыгат, чындап эле Кыргызстан үчүн пайдасы канчалык?

Жарасул Абдыраимов: СССР убагынан бери “Дастан” ишканасы торпеданын жаңы түрлөрүн жасап, Ысык-Көлдө сыноодон өткөрүп, анан союздун аймагындагы заводдорго толук чыгарыш үчүн берип турчу. Адистери жакшы билишет, Орусия торпедаларын кайсы жакта сыналбасын алардын айрым бөлүктөрү ”Дастандан” жасалат. Кээ бир аппаратураларын жалгыз гана “Дастан” даярдайт. Мындай торпедаларды өндүрүү 1986-жылдан бери колго алынып келатат. Мурда санариптик аталыштар болсо, азыр торпедаларды “физик”, “футляр”, “шквал” деп атап калышты.

Торпеданын Дагестанда бир бөлүгү, Феодосияда экинчи бөлүгү, Алматыда үчүнчү бөлүгү чыкса, анын баарын “Дастандын” базасында чогултуп, бул жерден да негизги аппаратты кошуп, анан сыноодон өткөрүшөт. Торпеданы тапкан конструкторлор Санкт-Петербург, Москва шаарында отурушат.

“Азаттык”: Жарасул мырза, Орусиянын аскер-деңиз флоту “Футляр” деген жаңы үлгүдөгү торпеданы 2017-жылдан тарта жасап чыгара баштайт, ошондуктан сыноодон өтүп жатат деп айтылууда? Ага макул дейли. Бирок коомчулукта эмне үчүн Ысык-Көлдө сынаш керек, ага эмне себеп? Орусиянын толгон деңиз, көлдөрү жатпайбы деген суроолор коюлууда?

“Дизельный” дегени бар ал коркунучтуу. Анан суу түбүндө совет мезгилиндеги сыноолордон калган көп нерселер жатат, алар да коркунуч туудурушу мүмкүн.
Кубан Абдымен

Жарасул Абдыраимов: Биздин Ысык-Көл аскер-деңиз флотунун сыноолоруна аябай көп тараптан ыңгайлуу. Биринчиден, туздуу деңиз суусу, экинчиден, кышкысын тоңбойт, минус-плюс 5-6 градустун терегинде болот. Ысык-Көлдө сыноонун күнү-түнү өткөргөнгө шарт бар. Орустар Кара денизде, Балтика деңизинде өткөрүш үчүн толкундун токтошун күтүш керек. Кээде алты ай же бир жылдап, толкун качан токтойт деп отурушат. Азыр бир эле орустар эмес, индустар да Ысык-Көлгө сыноого кызыгып жатышат. Менимче, торпедаларды чыгаруу “Дастан” үчүн пайдалуу. Ишканага заказ түшүп турса, өндүрүшкө жакшы болот эле.

"Азаттык": Ысык-Көл - кыргыз бермети, Каркол шаары - кыргыз давосу деп туристтерди, инвесторлорду алып келе албай жаткан шартта, ошол ыйык көлүбүздө аскердик куралдардын сыналып жатышын кандай карайсыздар?

Кубан Абдымен: Угармандарга айтып коер негизги нерсе - сыналып жаткан торпедаларда дары-дармек болбойт. Торпеданын эки параметри сыналат. Динамикасы, формасы кандай каршылык кылат, аны темир менен эле каптап коет. Экинчиден, кыймылдаткычы, ал дагы “электрический” жана “газовый” деп экиге бөлүнөт. “Дизельный” дегени бар ал коркунучтуу. Анан суу түбүндө совет мезгилиндеги сыноолордон калган көп нерселер жатат, алар да коркунуч туудурушу мүмкүн. Орустар ушулардын баарын маркировкалап бизге кабарлап туруш керек эле.

Башкы штаб: Орусия Ысык-Көлдө торпеда сыноо өткөргөн жок

Орусия Ысык-Көлдө торпеда сыноо өткөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда "Азаттыкка" Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Рима Даниярова:

- Биз Орусиянын аскердик атташесине кайрылганбыз. Көлдө торпеда сыноо боюнча эч кандай иш-чаралар өткөн жок деген жооп алдык, - деди.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы буга чейин да Орусия тараптан торпеда сыноо тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG