Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Абактан азапка түшкөндөр азайган жок


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири

Эркинен ажыратылган Ишенбек Жолдошбековдун жакындары анын 47-абакта ур-токмокко кабылып, катаал мамилеге туш болгонун айтып чыгышты.

Ишенбектин абалы оор экенин айткан туугандары акыйкат издеп укук коргоочуларга, прокуратурага кайрылышкан. Ал ортодо Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор кыйноо фактылары жылдагыдан кыйла көбөйгөнүн белгилөөдө.

"Зордуктоо" беренеси менен соттолуп, 12 жылга эркинен ажыратылган Ишенбек Жолдошбеков былтыр күздө 47-абактын кызматкерлеринин кыйноосуна кабылып, тепки жегенин айтып, укук коргоочуларга арызданган. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери текшерип барган учурда, Төлөгелди, Аскат жана Нурик деген абактын өкүлдөрү аны муунтуп, өлтүргөнгө аракет кылышканын айтып берген. Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө бүтө электе Ишенбек экинчи жолу, быйыл августтун башында Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн ур-токмогуна кабылган. Бул тууралуу анын агасы Талант Жолдошбеков мындай деди:

- Менин инимди сабаганда алар муунтушкан, өлтүргөнгө аракет кылышкан. Резина таяк, камчы менен сабашкан. Кабыргасында тактар калган. Бутуна, жоон санга зым менен да чапкылашкан, ар кандай нерселер менен кыйноо көрсөтүшкөн. Ошентип инимди жинди кылып коюшкан.

Талант Жолдошбеков инисинин сабалышы боюнча прокуратурага кайрылганын, укук коргоо органдары бул ишке кайдыгер карап жатканын билдирүүдө. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул окуяны териштире баштаганда кылмыш иши козголуп, тергөө маалында аты аталган кызматкерлер убактылуу иштен четтетилген. Бул тууралуу аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

- Жаза аткаруу тармагында кыйноо боюнча арызданган ушул эле факты болсо керек. Анткени бизде кыйноо иштери жокко эсе десек болот. Алдын алуу максатында атайын видео камералар орнотулган. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, прокуратура да иштеп жатат. Ал эми арыз түшөрү менен аты аталган кызматкерлер иштен четтетилген. Муну кыйноо деп жатышат. Бирок ал эрежени бузганга байланыштуу отряд башчысы келип түшүндүрсө ары-бери сүйрөлүп, урунуп-жыгылган, ошондон денеси көгала болуп, арызданган деген маалымат бар.

Ал ортодо Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ишенбекке окшоп милиция, Жаза аткаруу тармагында кыйноого кабылгандардын саны азайбай жатканын билдирүүдө. Борбор башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Сулаймановдун белгилешинче, өткөн жылы бир жылда аталган борборго 60тай адам арызданса, азыр жети айда алардын саны 50дөн ашкан.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тартип коргоо органдарындагы уруп-сабоо, кылмышты кыйнап моюнуна алдыруу сыяктуу көрүнүштөр азайбай жатышынын негизги себептерине токтолду.

- Эң негизги себеби кыйноону жасаган адамдардын жоопкерчиликке тартылбай жазасыз калганы. Бүгүнкү күндө прокуратура тарабынан кыйноо фактылары боюнча козголгон жүздөгөн кылмыш иштер бар. Алардын айрымдары тергөөдө, көпчүлүгү сотко өткөн. Сотко барганда эле ар кандай негиздер менен жоопкерчиликтен бошоп кетип атышат. Бир эле иш үч-төрт жылдап созулуп, камакка алынгандардын баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, алар боштондукта жүрүп, иши кайра сотко келбей эле ар жактан жок болуп кеткендер бар. Экинчи негизги себеп, кыйноону жасаган кызматтагы адамдар тергөө, сот убагында иштен четтетилбей, ордунда жүргөнү. Ал эми иштеген адамдын басым жасаганга, коркутуп-үркүткөнгө мүмкүнчүлүгү көп болот.

Мына ушудай жагдайга “Азаттык” мурда чагылдырган таластык фермер Автандил Тынышевди мисал келтирсе болот. Таластагы Жон-Арык айылынын тургуну, мал чарбасы менен алектенип жүргөн Тынышев милициялар мал уурулукту моюнуна алдырууга мажбурлашканын айткан эле. Маалыматтарга караганда, кийин жоголгон койлор башка бирөөнүн короосунан табылган. Бирок кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканына карабай, кыйноого алды делген ички иштер кызматкерлери жумуштан алынган эмес.

Кыргызстанда камак жайларын көз карандысыз көзөмөлдөө программасы кабыл алынып, 2013-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөнүн. Ага карабай күч кызматкерлеринин өкүмзордугу токтобой жатканын жергиликтүү укук коргоочулар жана эл аралык Мунапыс уюму да белгилеп келатат. Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкө боюнча 220 адамдан кыйноого кабылганы тууралуу арыз түшкөн. Анын ичинен 49 билдирүү боюнча кылмыш иши козголуп, сегиз факты сотко өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG