Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Ошто Текебаевдин колдоочулары маалымат жыйынын курушту


Бишкекте УКМКнын имаратынын алдында Текебаевдин колдоочуларынын мөөнөтсүз митинги уланууда.
Бишкекте УКМКнын имаратынын алдында Текебаевдин колдоочуларынын мөөнөтсүз митинги уланууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы кеңсесинин алдына бүгүн элүүдөй адам чогулуп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышты. Андан ары маалымат жыйын курушуп, саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылып, тарап кетишти. Алар талаптар аткарылбаса, нааразылык акциялар улана турганын билдиришти.

Ал тапта Бишкекте УКМКнын имаратынын алдында Текебаевдин колдоочуларынын мөөнөтсүз митинги уланууда. Ага көрүнүктүү саясатчылар, жөнөкөй кишилер жана жарандык активисттер катышууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда да Текебаевди колдогон митинг болуп, катышуучулар акция эртең улана турганын айтып тарашты.

Таластагы тарапкерлер арасында жүздөй киши Текебаевди таламын талашуу үчүн Бишкекке жөнөшкөнү маалым болду.

Башкы прокуратура УКМК топтогон материалдардын негизинде Текебаевдген жети жыл мурун «Альфа Телеком» компаниясын сатып алууга көмөктөшүү үчүн орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган деген айып менен 25-февралда иш козгоду. Ал 26-февралдын таңында 48 саатка камакка алынды. Леонид Маевский бул иш боюнча интернетке тараган видео тасмасында 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айткан. Текебаев өзүнө козголгон кылмыш ишин атайын кызмат уюштурган деп билдирген. Чотонов да өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Өмүрбек Текебаев акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG