Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Кыйноо токтомоюн, күрөш токтобойт


"Азаттыктын" архивинен: Оппозициянын митинги, 29-июль, 2009-жыл
"Азаттыктын" архивинен: Оппозициянын митинги, 29-июль, 2009-жыл

26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Жергиликтүү укук коргоочулар өлкөдөгү кыйноолордун 80 пайыздан ашууну милиция кызматкерлери тарабынан жасалаарын айтууда. Бирок ИИМ мындай маалыматты четке кагып келет.

Тартип коргоо органдары кыйноо фактыларына жоопкерчиликтүү карабай жатканын Сокулук районунун тургуну Бекболот уулу Көчкөнбайдын окуясы көрсөтүп турат.

Көчкөнбайдын “Азаттыкка” айтканына караганда, милиция кызматкерлери аны "компьютер уурдады" деген шек менен үйүнөн кармап кетишкен. Милиция бөлүмүнө алып барып, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн таяк менен уруп сабаган.

Көчкөнбай милиция кызматкерлеринин уруп-сабаганы тууралуу прокуратурага арыз бергенин, бирок ишти жаап салууга көп аракет болуп жатканын, ошондой эле уруп-сабалгандан кийин саламаттыгы начарлап, башы ооруп, мурду бат-бат канап, эмгекке жарамсыз болуп калганын айтып берди:

- Мал-жайды карап жүрсөм эшик такылдап калды. Жарандык кийимчен адам "мени тааныйсыңбы" деп сурады. Тааныбаганымды айтсам дароо колума кишен тагып, машинага салып кетти. Жанында эки формачан адам бар экен. Унаада эле желим таяктар менен ургулап киришти, "мойнуңа ал" деп. Ново-Павловканын ГОМуна алып баргандан кийин чечиндирип алып дагы сабашты. Бири кол кап кийип алып желим таяк менен бөйрөгүмө, башыма, таманыма уруп, кыйнашты.

Жоопко тартылгандар жокко эсе

Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноо фактылары 2010-жылы көбөйгөнүн ырасташууда.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын айтымында, өткөн жылы кыйноо боюнча 300дөн ашуун факт катталып, алардын 90% милиция тарабынан кыйноого кабылганын билдиришкен. Арыздангандар 7-апрель жана 2010-жылдагы улут аралык кагылыштан кийин дагы күчөгөн.

- 2010-жылы биз 300дөн ашуун фактыны бергенбиз. Ошонун 90 пайызга жакыны Ички иштер министрлигине тиешелүү болуп калат. Андан кийин аскерлер кыйнаган учурлар менен Коргоо министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жана балдар үйүнөн катталган фактылар бар.

Азимжан Аскаров кыйноодон калган тактарын көрсөтүүдө, 2010-жыл
Укук коргоочулардын мындай билдирүүлөрүн милиция четке кагып келет. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Нурдинов милиция өзү кыйноо фактыларын жок кылууга кызыкдар экенин белгиледи.

- Мунун чындыгы жок. Себеби бул жакта "Кызыл чырым" уюму, башка бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз укук коргоочулар иштеп атат. Булар бүт баарын карап турат. Ал тургай убактылуу кармоо жайларды текшерип турушат. 2011-жылдын башынан бери мындай факт катталган жок. Биз да мындайга жол бербейбиз. Өзүбүз да мындайга каршыбыз, чындыгы жок мунун.

Башкы прокуратурага былтыр кыйноолор боюнча 97 адамга иш козгоп, анын бирөө гана жоопко тартылган экен. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

- 97ден кыскарып отуруп эки гана адам калып, бирөө кечирим сурап өз ара келишти. Бирөө алты айга шарттуу кесилди. Реалдуу караганда 97ден бирөө гана жазасын алып атат. Кыйноого каршы күрөшүүдө каада-салт, үрп-адат, кыргызчылык дегендер көп кедергисин тийгизип атат.
Бири кол кап кийип алып желим таяк менен бөйрөгүмө, башыма, таманыма уруп, кыйнашты.

Акыйкатчы институтунун, эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын иш-аракеттерине карабастан кыйноо массалык болбосо да жер-жерлерде дагы деле уланып атат. Мисалы 80% кыйноо дал ошол милиция системасында, убактылуу кармоо жайларында болуп атат. Сөзсүз эле көрсөтмө алыш үчүн уруп-согуп, акырегин сындырыш керекпи? Көрсөтмө алуунун башка көп жолдору бар. Ал үчүн профессионал болуш керек.

Реформа талап кылган маселе

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноонун бир нече түрү колдонулат. Алар: денеге так калтырбаган электрошок, башына жылтырак баштык кийгизүү, милициялардын желим таяктарын, газ заттарын колдонуу жана тууган-уруктарына кысым жасоо, акча талап кылуу, убактылуу кармоо жайларында уктатпай же суу бербей коюу.

Акыйкатчы институту эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочу уюмдар менен бирге кыйноолорго каршы мыйзам долбоорун даярдап, ал Жогорку Кеңешке тапшырылган экен.

Мындан сырткары Азиза Абдрасулова ИИМдин реформалоо боюнча концепциясына министрликтин Байкоочу кеңеши активдүү катышып жатканын белгиледи. Ар бир кызматкердин жоопкерчилиги, адам укугунун корголушу концепциянын барандуу бир бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG