Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Прокуратура өткөн жылы кыйноо фактылары боюнча 50дөн ашык кылмыш ишин козгоп, анын жарымынан ашыгы сотко өттү.

Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинин 27-апрелдеги отурумунда билдирди. Укук коргоочулар прокуратура өзү козгогон кылмыш иштерин аягына чейин көзөмөлдөө милдетин эскертип жатышат. Парламент болсо Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, кылмыштын бул түрүнө жазаны күчөтүүдө.

Башкы прокуратура кыйноо фактылары боюнча козгогон кылмыш иштердин катарында мыйзамсыз курал саткан деген шек менен кармалган мурдагы бажы кызматкери Фирузхон Фазиевдин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши бар.

Бул факт боюнча Коопсуздук комитетинин эки кызматкерине Кылмыш кодексинин "денесине өлүмгө жеткирген оор залака келтирген", "кызматынан кыянат пайдаланып, зомбулук жасаган, кыйнаган" деген беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер соту тергеп жатат.

“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова аталган эки кызматкер ээлеген кызматынан укук коргоочулардын күчү менен сот аркылуу бошотулду дейт. Анын айтымында, көп учурда кылмышка шектүүлөр жооптуу кызматын аткарып кала беришет. Бул өз кезегинде алардын кылмыш жоопкерчилигинен акырындык менен четтеп кетишине олуттуу шарт түзүп коюп жатат:

- Кылмыш иштен 50 эмес, 200, 300 же 1000ди козгоп койсо деле, эгерде алар сот жообунан чыгып кете бере турган болсо кылмыш иш козгоонун пайдасы деле жок да. Мына, Базар-Коргондо Калмурзаевге байланышкан окуя августта болгон. Августтан бери созулуп, эми кайра тергөөгө кетип атат. Эмне себептен прокуратура өзү иликтеген ишти мүчүлүш менен бүтүрүп, кайра тергөөгө кетиргенге мүмкүнчүлүк түзүп берип коюп жатат?

Азиза Абдырасулова мисалга тарткан Орусия жаранынын өлүмүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги айтылып келатат. Ушундай эле кыйноолорго тиешеси бар деп шектелип келаткан Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов райондук милиция кызматкерлери дагы эле ишинде калып жатат, алардын артында таасирдүү кишилер бар дейт укук коргоочу.

“Кылым шамы” көзөмөлгө алган кылмыш иштердин арасында үч-төрт жылдан бери созулуп, аягына чыкпай келаткан бир нече иш бар:

- Биз эле алып барып жаткан иштерден Кара-Балтадагы Саидалинин иши. Жакында ал жигиттин каза болгонуна төрт жыл болот. Улам козголуп-бузулуп отуруп төрт жыл убакыт өттү. Свердлов районундагы окуяга үч жыл болот. Туугандары деле чарчашат экен.

Анткен менен башкы прокурордун кеңешчиси Кубанычбек Шатенов кыйноолорго каршы күрөш азыр мурдагы жылдарга караганда кыйла жанданганын, прокуратуранын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бирине айланганын билдирди:

- Эң эле артыкчылыктуу багыттардын бири. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мөөнөтүндө чечүү маселелери биздин көзөмөлдө турат. Айрым райондорго пилоттук программаларды түзгөнбүз. Ага ылайык кылмыш иши козголгондон баштап бир прокурор дайындалат. Ал ошол ишти аягына чейин көзөмөл кылат.

Шатеновдун айтымында, козголгон кылмыш иштерин аягына натыйжалуу чыгарууга, ар кандай жолдор менен жазадан кутулуу, сотту бузуу аракеттерине каршы ушул ыкма жакшы иштөөдө. Баш прокурордун жардамчысы кыйноолорго каршы жарандык коом менен бирдикте жасалып жаткан күрөштүн тыянагы акырындык менен өз жемишин берет деп ишендирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, прокуратура органдарына былтыр кыйноолор, адамгерчиликсиз катаал мамилелерге даттанган 298 арыз түшсө, алардын 54үнө кылмыш иши козголуп, анын ичинен 24 иш сотко өткөн.

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинин төрага орун басары Дастан Бекешов:

- Мен окуган баяндама – бул кургак статистика, иштин жагдайы белгисиз. Ошондуктан бул эл аралык уюмдардын таасириненби же прокуратура чындап эле бул кубулушка каршы күрөшүп жатабы аныктоо кыйын.

Депутаттын айтымында, укук коргоочулар көтөрүп жаткан маселеде жүйө бар:

- Биз кыйноолорго жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөп жатабыз. Кыйноолор буга чейин болуп келген, болуп да жатат. Мурда болгону бул кубулуш кызматынан кыянат пайдаланды деп чечмеленчү. Бул тигил же бул тартип коргоо кызматкерин катуу жоопко тартпоонун амалы болчу.

Юстиция министрлиги сунуштаган Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш биринчи окулушунда кабыл алган. Ага ылайык, кыйноолор оор кылмыштардын катарына кирип, 5 жылдан 10 жылга чейинки жаза чектелмекчи.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулардын байкоолоруна караганда, Кыргызстанда кыйноолор негизинен тартип коргоо тармактарында, жабык мекемелерде иштеген кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт. Ага жараша күнөөлүү деп шектелгендерди тергөө, сот жараяндарынын учурунда калкалоолор көп болуп, ага мыйзам жол берип жаткандыгы айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG