Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жектекчиси Азиза Абдирасулова кыйноону алдын алуу боюнча "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыйноо боюнча көп жыйындар өтөт. Укук коргоочулар да көп айтасыздар. Эмне үчүн азайбай жатат?

Азиза Абдирасулова: Биринчиден, мамлекет катары Кыргызстан кыйноо фактысы бар экенин мойнуна алды. Бул биринчи кадам деп эсептесе болот.

Эми кийинки кадамдарга барыш керек. Азыр түрмөлөр, убактылуу кармоо жайы, тергөө абактарынын жабык болушу, №1 тергөө абагындагыдай абал болгондо укук коргоочуларга, журналисттерге, туугандарына кирүүгө тыюу салуу, жолтоо болуу, мыйзамдын жоктугу да кыйноого жол ачып жатат.

Экинчиден, адвокаттар да өздөрү коргогон адамга каалаган убакта кире албай, азыр мыйзам тарабынан чектөө коюлуп калды. Андан сырткары кылмыштын бетин ачуу пайызы, кандай жол менен болсо да эптеп кылмыш ишин ачып, рапорт берүүнүн артынан кууганы да кыйноолор үчүн шарт түзүп жатат.

“Азаттык”: Кыйноодон каза тапты деген фактыларды деле көп угуп атабыз. Бара-бара кылмышка шектүү деп кармалгандар да өмүргө, жашоого акылуу деп, орган кызматкерлери кармаган эле адамды кыйнай бериш керек деген түшүнүктөрдөн арылдыбы?

Азиза Абдирасулова: Андан бир аз арылды десек болот. Акыркы кезде Башкы прокуратуранын эки жарлыгы чыкты. Абдан чоң көзөмөл болуп атат, прокуратура тарабынан да кызыгуулар болуп, жер-жерлерде видео көзөмөл коюлуп жатат. Бул деле болсо жакшы көрүнүш.

Бирок негизги кадамга эмнегедир Жогорку Кеңеш барбай жатат. Кыйноого каршы борбор түзүүгө көп деле каражат талап кылынбайт экен. Мисалы, Жогорку Кеңештин бир жылдык бюджети 200 миллион сомдон ашуун экен. Ал эми борборго биз 9-10 млн. гана сурап жатабыз. Бул бир жыл бою республика боюнча жабык жай, түрмөлөрдү кыдыруу, көзөмөл кылууга жумшалмак. Ошого бюджеттен акча жок деп жатышат. Парламент керек болсо өзүнүн бюджетинен деле кесип, борборду түзүп койсо канча адамдын өмүрүн сактаган болот элек.

Борбор мамлекеттен каржылана турган көз карандысыз мекеме болот. Алардын негизги артыкчылыгы – каалаган убагында, эч кандай маалымдабастан күн болобу, түн болобу текшерүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыйноо орун алган мекемелерде "азыр текшерип келип калышы мүмкүн" деген чочулоонун өзү эле кыйноону алдын алууга жол ачат.

“Азаттык”: Жакында эле медициналык экспертиза жүргүзүү, кыйноолорду аныктоо боюнча психологдор, дарыгерлер окуудан өтүштү. Ушул жардам береби?

Азиза Абдирасулова: Бул чоң жардам берет. Себеби Кыргызстанда соттук медициналык экспертиза бирөө эле. Ал да мамлекеттик. Аны алмаштыра турган башка мекеме жок. Кээде алар туура жыйынтык чыгарса да ишенбөөчүлүк пайда болуп калат, айрым учурда басымдардын негизинде туура эмес жыйынтыктарды чыгарып коёт. Ошондой шартта жабыркагандар же алардын туугандарынын көз карандысыз экспертизага кайрылуу мүмкүнчүлүгү жок. Анткени башка кайрыла турган жер жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG