Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанда абактардагы кыйноолор 7 айдын ичинде эле 34кө жетти. Бул сан өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Буга байланыштуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргызстанда абактарда кыйноолор көбөйүп кетти деп маалымдалды. Сиздер убактылуу кармоочу жайларды иликтеп жүрөсүздөр. Жалпы абалды сүрөттөп бересизби?

- Чындыгында эле кыйноолор аябай көбөйүп кетти. Биз 2010-жылы өзүбүздүн көңүлүбүздү өзгөчө түштүк аймагына бөлгөнбүз. Бүгүнкү күндө биз түндүк аймактары, Чүй облусу менен иш алып барганда бул региондордо да эбегейсиз кыйноо факттардын бети ачылып, биз булардын баарын прокуратурага өткөрүп бердик.

Айрыкча Кара-Балта, Сокулук районунда, Чүй облустук ички иштер башкармалыгында токмоктоо факттары орун алганы белгилүү болду.

Андан сырткары Улуттук коопсуздук кызматында да кыйноонун аябай оор, адамдын дененсине, өмүрүнө залака тийгизген учурлардын бети ачылып жатат.

- Сиз Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсүсүз. Ушул жаатта биргелешип иш алып барып жатасыздарбы?

- Албетте. Мен жетекчиликти күнөөлөгөндөн алысмын. Министр, министрдин орун басары деңгээлде биздин иштерге тоскоолдуктар жок. Тескерисинче колдоолорун көрсөтүп жатат.

Айрыкча кыйноолорду жергиликтүү милиция кызматкерлери жасап жатышат. Министр да күнү-түнү кайтарып тура албайт экен. Булар да өкүнүчүн билдирип жатат. Бирок бул жоопкерчиликтен четтетпейт. Тууган-уруктарынын жардамы менен ишке орношуп алган милиция кызматкерлери арасында кыйноолорду колдонгондор көп. Тууган-уругу күчтүү милициялар жоопко тартылбай калып жатат. Ушундан улам кыйноолор уланып жатат да.

Экинчи жоопкерчилик прокуратура кызматкерлеринде. Прокуратура мындай факттарды жаап, жашырып жатат. Үчүнчү жоопкерчилик дарыгерлерде болуп жатат. Кармалгандарды медиктер көрбөстөн эле, "денеси таптаза, токмок жеген эмес" деп маалымдама жазып берүүдө. Ошондуктан бир эле милиция кызматкерлерин эмес, прокурорлордун, дарыгерлердин жоопкерчилигин жогорулатыш керек.

- Кыйнабай кылмышын мойнуна алдырган натыйжалуу ыкмалар барбы? Анткени чекесинен сыласаң таптакыр мойнуна албайт дешет.

- Натыйжалуу ыкмалар бар. Биринчиден, ошол кармалган адам, күнөөлөнүп жаткан адам берилген суроолорго жооп бербей койгонго укугу бар. Ал жооп бербесе жооп бербей отура берсин, башка ыкмаларды колдонсун. Алар кесипкөйлүк деңгээлин көрсөтө албай жатышат.

Адегенде күбөлөрдү табыш керек, далил болчу буюм заттарды алыш керек, экспертизалардан өткөрүш керек. Аларды жасабай жатышат. Ал үчүн билим, деңгээл, убакыт керек. Ага караганда уруп-токмоктоп эле күнөөлөрүн мойнуна коюп коюу жеңил болуп жатат.

Бул жерде дагы бир өкүнүчтүү нерсе - уруп-токмоктогондун натыйжасында күнөөсү жок байкуштар камалып калууда, ал эми чыныгы кылмышкерлер эркиндикте жүрөт. Бул болсо кылмыштуулукту күчөтүп жатат.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG